# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 17-декабрындагы №381 "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн" Улуттук стратегиясы жөнүндө" указы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 17-декабрындагы №381 "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн" Улуттук стратегиясы жөнүндө" указы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 381
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/2361>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-318/edition/375926/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/2361.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 17-декабрындагы №381 "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн" Улуттук стратегиясы жөнүндө" указы (10.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/2361

---

КР Президентинин 2011-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 236 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2002-жылдын 17-декабры № 381

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ

"Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин

мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана

жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн"

Улуттук стратегиясы жөнүндө

Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-

нын башкарууну андан ары демократиялаштыруу жана ишинин натыйжалуулугун

жогорулатуу максатында, ошондой эле Кыргызстандын жергиликтүү жамаатта-

рынын өкүлдөрүнүн республикалык II Курултайынын делегаттары менен каты-

шуучулары жактырган "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекет-

тик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну

өнүктүрүү" Улуттук стратегиясынын өзгөчө маанисин эске алып, токтом кы-

лам:

1. Тиркелген "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик

башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну

өнүктүрүү" Улуттук стратегиясы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- эки айлык мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын

жана шаардык жамааттын катышуусу менен "Кыргыз Республикасында

2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жерги-

ликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү" Улуттук стратегиясын жүзөгө

ашыруу боюнча негизги иш-чаралардын Планын иштеп чыксын жана бекитсин;

- аталган стратегияны жана аны турмушка ашыруу боюнча негизги

иш-чаралардын Планын жүзөгө ашыруу менен байланышкан башка зарыл чара-

ларды көрсүн.

3. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам-

лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
