# Бишкек шаарынын мэриясынын 2007-жылдын 15-февралындагы №111 "Бишкек шаарынын өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуунун жана жоюунун аймактык тутуму жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаарынын мэриясынын 2007-жылдын 15-февралындагы №111 "Бишкек шаарынын өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуунун жана жоюунун аймактык тутуму жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.02.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/23549>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/23549/edition/567836/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/23549.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаарынын мэриясынын 2007-жылдын 15-февралындагы №111 "Бишкек шаарынын өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуунун жана жоюунун аймактык тутуму жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" токтому (15.02.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/23549

---

КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 241

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук

актылары жөнүндө" Мыйзамынын 36-беренесине ылайык

КҮЧҮН ТОКТОТТУ

Бишкек шаары

2007-жылдын 15-февралы №111

БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

Бишкек шаарынын өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуунун жана

жоюунун аймактык тутуму жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Калкты жана аймакты жаратылыш жана техногендик

мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды сактоо жөнүндө " мыйзамын, Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-сентябрындагы № 746 токтомунун

аткаруу үчүн жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдарды алдын -

алуунун жана жоюунун бирдиктүү мамлекеттик тутумуна кирүүчү Бишкек

шаарынын өзгөчө кырдаалдарын алдын - алуу жана жоюу аймактык тутумун

өркүндөтүү максатында, токтом кылам:

1. "Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуунун жана

жоюунун бирдиктүү мамлекеттик тутумуна кирүү Бишкек шаарынын өзгөчө

кырдаалдардын алдын - алуу жана жоюу аймактык тутуму жөнүндө Жобо"

бекитилсин (№ 1 тиркеме).

2. Бишкек шаарынын өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуунун жана жоюунун

аймактык тутумуна кирүүчү функционалдык, жергиликтүү жана объект-

звенолордун тизмеги бекитилсин (№ 2 тиркеме).

3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек

шаары боюнча башкармалыгы (М. Бекжанов) эки айлык мөөнөттө өзгөчө

кырдаалдардан калкты жана аймактарды сактоо чөйрөсүндөгү функцияларды

жүктөлсүн.
