# КР Президентинин 2000-жылдын 25-июлундагы ПУ № 189 "Талас мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2000-жылдын 25-июлундагы ПУ № 189 "Талас мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2000
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/2351>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-310/edition/541868/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/2351.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2000-жылдын 25-июлундагы ПУ № 189 "Талас мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө" Жарлыгы (11.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/2351

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 256 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫГЫ 2000-жылдын 25-июлу ПУ № 189 Талас мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 646 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Республиканын билим берүү системасын андан ары өнүктүрүү жана чыңдоо, окуу, илим жана өндүрүш потенциалын топтоонун региондук принцибин камсыз кылуу максатында, ошондой эле Талас областын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, анын жогорку квалификациялуу адистерге муктаждыгын эске алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин Талас филиалынын, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Талас филиалынын, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Талас филиалынын, Кыргыз агрардык академиясынын Талас филиалынын базасында Талас мамлекеттик университети түзүлсүн.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 646 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Талас мамлекеттик университетин түзүү менен байланышкан уюштуруу жана финансы маселелерин бир айлык мөөнөттө чечсин.

3. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
