# Бишкек шаардык кеңеши 2015-жылдын 8-декабрындагы № 166 “Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализацияны калыбына келтирүү”долбоорун ишке ашыруу үчүн кредитти алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңеши 2015-жылдын 8-декабрындагы № 166 “Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализацияны калыбына келтирүү”долбоорун ишке ашыруу үчүн кредитти алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 08.12.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/231827>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-27108/edition/694150/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/231827.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңеши 2015-жылдын 8-декабрындагы № 166 “Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализацияны калыбына келтирүү”долбоорун ишке ашыруу үчүн кредитти алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (29.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/231827

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2015-жылдын 8-декабры № 166 “Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализацияны калыбына келтирүү”долбоорун ишке ашыруу үчүн кредитти алууга макулдук берүү жөнүндө

(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 45 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын "Ичүүчү суу жөнүндө" Мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “2014-жылдын 15-майында Варшава шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо жөнүндө" Кредиттик макулдашууну; 2014-жылдын 6-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, "Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Глобалдык Экологиялык Фонддун Климаттын өзгөрүшү боюнча атайын фонду (SCCF) каржылоочу Инвестициялык грант тууралуу Гранттык макулдашууну; 2014-жылдын 7-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча катчылыгы (SECO) тарабынан берилүүчү "Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну жана канализацияны жакшыртуу (фаза II)" долбоорун финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-майындагы № 157-б буйругун аткаруу үчүн, Бишкек шаарынын түштүк аймагын суу менен жабдуу жана агынды сууларды бөлүштүрүү системаларынын инженердик инфраструктурасы менен камсыздоо максатында, Бишкек шаардык кеңеш (Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 45 токтомунун редакциясына ылайык)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализацияны калыбына келтирүү” долбоорун ишке ашыруу үчүн Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕРӨБ) 8 000 000 (сегиз миллион) евро өлчөмүндө кредит алуу жактырылсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- 8000000 (сегиз миллион) евро өлчөмүндө алынган кредитти жана пайызды жоюунун булагы болуп республикалык, жергиликтүү бюджеттер, мамлекеттик уюмдардын бюджеттен тышкаркы каражаттары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама-каршы келбеген башка булактар каржылоо булагы болуп аныкталсын;

-долбоорду ишке ашырууда кредиттик каражаттардын кайтарылышы камсыз кылынган шартта суу түтүктөрүнө жана канализация тармактарына Бишкек шаарынын конуштарын кошуу мүмкүнчүлүгүн карап чыксын.

(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 45 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкексууканал” ӨЭБсы менен бирдикте үлүштүк каражаттарды чогултуу тартиби жөнүндө жобону даярдасын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңешке бекитүүгө киргизсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча, турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссияларына, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине, транспорт, шаар куруу жана архитектура маселелери жана турак-жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча Бишкек шаарынын вице-мэрлерине жүктөлсүн.

(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 45 токтомунун редакциясына ылайык)

Бишкек шаардык Кеӊешинин төрагасы

М. А. Кененбаев
