# Сары-Колот айылдык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 10/2 "Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-сентябрындагы № 215 жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы эконмикалык негиздери жөнүндөгү»мыйзамына ылайык Сары-Колот айылдык округунун 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Колот айылдык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 10/2 "Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-сентябрындагы № 215 жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы эконмикалык негиздери жөнүндөгү»мыйзамына ылайык Сары-Колот айылдык округунун 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10/2
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/231811>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-27092/edition/694118/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/231811.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Колот айылдык кеңешинин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 10/2 "Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-сентябрындагы № 215 жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы эконмикалык негиздери жөнүндөгү»мыйзамына ылайык Сары-Колот айылдык округунун 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому (16.02.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/231811

---

САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сары-Колот айылдык Кеңешинин III чакырылышынын X заседаниеси

2013-жылдын 2-апрели № 10/2 Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-сентябрындагы № 215 жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы эконмикалык негиздери жөнүндөгү»мыйзамына ылайык Сары-Колот айылдык округунун 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө Сары-Колот айылдык кенешинин үчүнчү чакырылышын сессиясынын отруму Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-сентябрдагы №215 «Жергиликтуу өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» мыйзамына ылайык Сары-Колот айыл округунун 2012- жылдагы бюджетинин аткарылышы жана жана2013-жылга бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени карап талкуулап, бул маселе боюнча депутаттардын Сары-Колот айылдык кенешинин социалдык-экономика, инфраструктура, бюджет, салык, курулуш, транспорт, жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиянын берген корутундусун эске алып, депутаттардын Сары-Колот айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Колот айылдык округунун 2012-жылдагы бюджети киреше бөлүгү боюнча -24995,8 мин сомго, чыгаша бөлүгү -24509,3 мин сомго аткарылгандыгы бекитилсин.

2. Сары-Колот айыл округунун 2013-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү контингенттерде жана нормативдерге ылайык 23982,1 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Сары-Колот айылдык округунун 2013-жылга түзүлгөн чыгымдар сметасы бардык статьялар боюнча -23982,1 мин сомго бекитилсин.

4. 2014-жылдын 1январына карата Сары-Колот айьш округунун бюджета боюнча кассада жүгүртүлүүчү нак акча 10,0 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.

5. Аппарат кызматкерлеринин жалпы штаттык бирдиги -26. Анын ичинен айыл башчылары -5, техникалык тейлөө кызматкерлеринин саны -2 штаттык бирдик эсебинде бекитилсин.

6. Сары-Колот айыл округуна 2013-жыл ичинде жергиликтүү бюджетке бардык статьялардагы суммаларды айыл округдун муктаждыктарына карата өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүгө уруксат берилсин.

7. Сары-Колот айыл округуна 2012-жылдагы кирешелерден калган калдык 60192 сом акча каражатын 2013-жылы бардык статьялар боюнча бөлүштүрүп иштетүүгө уруксат берилсин.

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Сары- Колот айылдык Кенешинин экономика, бюджет, укук жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Сары-Колот айылдык Кеӊешинин төрагасы

Э. Абдраев
