Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Орловка шаардык кеңешинин “Кемин райондук мамлекеттик администрациясына 30732м2 жер тилкесин трасформациялоо үчүн сунуш киргизүү жөнүндө” токтому
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2015-жылдын 17-ноябры № 181/35-26 “Кемин райондук мамлекеттик администрациясына 30732м2 жер тилкесин трасформациялоо үчүн сунуш киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013 жылдын 25 мартында "Датка-Кемин" 500 кВ электр өткөрүү линиясын жана "Кемин" 500 кВ кичи станциясын куруу" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө №148 токтомун аткаруу максатында жана Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын, " Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун катын карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер участогун которуу (трансформациялоо) мыйзамынын 7 беренесине таянып, Орловка шаардык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын таандык № 19, 20, 22, 24, 25, 42, 52, 53, 50, 67, 77, 81, 79, 291, 292, 294, 255, 239,240, 236, 222, 215, 212, 206, 189, 196, 122, 117, 128, 80 контурунан “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан “Өнөр жай, транспорт, коргоо, жана башка багыттагы жерлер категорясына 30732м2 жер тилкесин трасформация кылууга үчүн Кемин райондук мамлекеттик администрациясына сунуш киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Орловка шаарынын мэри Ж.Р. Дуйшебаевге жүктөлсүн.
Орловка шаардык Кеӊешинин төрагасы
Н. К. Сатыбалдиева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-мартындагы № 148 "Датка-Кемин" 500 кВ электр өткөрүү линиясын жана "Кемин" 500 кВ кичи станциясын куруу" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.03.2013 · № 148 · Күчүн жоготкон