Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы №111 “Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2015-жылдын 8-декабры № 161 Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы №111 “Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Бишкек шаардык кеңештин токтомун Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңештин регламентине ылайык келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы №111 “Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө” жобого (мындан ары-жобо) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жобонун 3-главасы төмөнкү редакцияда берилсин: “1. “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча ишти уюштуруу Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктар боюнча комиссиясы (мындан ары -комиссия) тарабынан жүзөгө ашырылат.”;
2. Комиссия өз ишин ушул жобого, Бишкек шаарынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырат.”;
жобонун 5-главасынын 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: “1. Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын грамотасы жана Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын күбөлүгү Бишкек шаардык кеңештин төрагасы жана Бишкек шаарынын мэри тарабынан кол коюлат.”.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (В. М. Лисниченко) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык Кеӊешинин төрагасы
А. М. Кененбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Положение о Почетном гражданине города Бишкек (утверждено постановлением Бишкекского городского кенеша депутатов от 10 октября 2005 года №111)Положение · 10.10.2005 · № 111
- Постановление Бишкекского городского кенеша депутатов от 10 октября 2005 года № 111 «Об утверждении Положения «О почетном гражданине города Бишкек»Постановление · 10.10.2005 · № 111
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241