# Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 8-декабрындагы № 159 "Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 20-майындагы №129 “Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 8-декабрындагы № 159 "Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 20-майындагы №129 “Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 08.12.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/231770>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-27051/edition/694036/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/231770.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 8-декабрындагы № 159 "Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 20-майындагы №129 “Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (08.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/231770

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2015-жылдын 8-декабры № 159 Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 20-майындагы №129 “Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Сапаттуу жана балансталган тамактандырууну камсыздоо жолу менен мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдардын ден соолугун чыңдоо үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, Бишкек шаарынын мектептеринде окуган балдардын тамактануусун уюштуруунун экономикалык натыйжалуу тутумун түзүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 20-майындагы №129 “Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

2-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: “2016-жылдын 1-июнуна чейин муниципалдык билим берүү уюмдарында балдардын тамактануу рационунан генномодификацияланган (ГМО) азыктарды жана химиялык жана биологиялык тектүү тамак-аш кошулмаларды алып салуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе бюджеттик каражаттарды тартуусуз талданып чыксын”.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (А. Т. Сариев) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А. М. Рыскуловага жүктөлсүн.

Бишкек шаардык Кеӊешинин төрагасы

А. М. Кененбаев
