# Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 26-октябрындагы № 306 "«Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасына ишемби, жекшемби күндөрү кирүүчү жеңил автоунаалардан алынуучу жыйымдын баасын жогорулатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 26-октябрындагы № 306 "«Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасына ишемби, жекшемби күндөрү кирүүчү жеңил автоунаалардан алынуучу жыйымдын баасын жогорулатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 306
- Кабыл алынган күнү: 26.10.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.10.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/231590>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-26871/edition/727776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/231590.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.10.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 26-октябрындагы № 306 "«Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасына ишемби, жекшемби күндөрү кирүүчү жеңил автоунаалардан алынуучу жыйымдын баасын жогорулатуу жөнүндө" токтому (26.10.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/231590

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезектеги XXXIII сессиясы

(үчүнчү чакырылыш)

2015-жылдын 26-октябры № 306 «Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасына ишемби, жекшемби күндөрү кирүүчү жеңил автоунаалардан алынуучу жыйымдын баасын жогорулатуу жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 20-октябрындагы №419/08-6, Жапалак унаа базарына ишемби, жекшемби күндөрү кирүүчү автоунаалардан алынуучу жыйымдын баасын 100 сомго жогорулатып берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2015-жылдын 20-октябрындагы №23-токтомунун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасына ишемби, жекшемби күндөрү кирүүчү жеёил автоунаалардан алынуучу жыйымдын баасын 100 сомго жогорулатуу маселеси боюнча Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте Ош шаардык Кеёешинин депутаттык комиссиясы түзүлсүн жана депутаттык комиссиянын жыйынтыгынын негизинде аталган маселе кийинки сессиянын кароосуна сунушталсын.

2. Ош шаардык мэриясына (А.Кадырбаев) «Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасынын сыртында сатылып жаткан автоунааларды сатууга тыюу салуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү милдеттендирилсин.

3.«Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасынан жергиликтүү бюджетке түшүүчү мунуципалдык жерлерден алынуучу ижара акынын толук көлөмдө түшпөй жаткандыгын текшерүү тиешелүү органдарга сунушталсын.

4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеёешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.

Ош шаардык кеӊешинин төрагасы:

А.Аланов
