Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин ««Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасына ишемби, жекшемби күндөрү кирүүчү жеңил автоунаалардан алынуучу жыйымдын баасын жогорулатуу жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезектеги XXXIII сессиясы
(үчүнчү чакырылыш)
2015-жылдын 26-октябры № 306 «Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасына ишемби, жекшемби күндөрү кирүүчү жеңил автоунаалардан алынуучу жыйымдын баасын жогорулатуу жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 20-октябрындагы №419/08-6, Жапалак унаа базарына ишемби, жекшемби күндөрү кирүүчү автоунаалардан алынуучу жыйымдын баасын 100 сомго жогорулатып берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2015-жылдын 20-октябрындагы №23-токтомунун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасына ишемби, жекшемби күндөрү кирүүчү жеёил автоунаалардан алынуучу жыйымдын баасын 100 сомго жогорулатуу маселеси боюнча Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте Ош шаардык Кеёешинин депутаттык комиссиясы түзүлсүн жана депутаттык комиссиянын жыйынтыгынын негизинде аталган маселе кийинки сессиянын кароосуна сунушталсын.
2. Ош шаардык мэриясына (А.Кадырбаев) «Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасынын сыртында сатылып жаткан автоунааларды сатууга тыюу салуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү милдеттендирилсин.
3.«Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасынан жергиликтүү бюджетке түшүүчү мунуципалдык жерлерден алынуучу ижара акынын толук көлөмдө түшпөй жаткандыгын текшерүү тиешелүү органдарга сунушталсын.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеёешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеӊешинин төрагасы:
А.Аланов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.