Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 16-декабрындагы №73-токтому менен бекитилген Ош шаарында сууну жана канализацияны пайдалануу эрежесине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XXXIII сессиясы
(үчүнчү чакырылыш)
2015-жылдын 26-октябры № 290 Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 16-декабрындагы №73-токтому менен бекитилген Ош шаарында сууну жана канализацияны пайдалануу эрежесине толуктоолорду киргизүү жөнүндө Ош шаардык мэриясынын 2015-жылдын 26-октябрындагы №423/08-6 «Ош шаар суу канал» муниципалдык ишканасынын Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 16-декабрындагы №73-токтому менен бекитилген Ош шаарында сууну жана канализацияны пайдалануу эрежесине толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү катын карап, «Ош шаар суу канал» муниципалдык ишканасынын башчысы Д.Кокочоровдун маалыматын угуп, талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын, ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын башчысы Д.Кокочоровдун маалыматы эске алынсын.
2. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 16-декабрындагы кезектеги VIII сессиясынын №73-токтому менен бекитилген Ош шаарында сууну жана канализацияны пайдалануу эрежесинин пунктарына төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
2-пунктуна 2.11. пунктчасы кошулуп, төмөнкү редакцияда окулсун: «2.11. Мал союлуучу цехтерге, машина жуучу жайларга жана коомдук тамактануу жайларына, техникалык шарт «убактылуу» берилет. Сууну жана канализацияны пайдалануунун эрежесин бузган учурда, «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасы кошумча эскертүүсүз ичүүчү сууну жана саркынды суу түтүгүнөн агызууну токтотот. Берилген техникалык шартты жок кылуу укугун өзүнө калтырат»; 12-пунктуна 12.6. пунктчасы кошулуп, төмөнкү редакцияда окулсун: «12.6. Мал союлуучу цехтери, машина жуучу жайлар жана коомдук тамактануу жайлары (ашкана, кафе, ресторан) катуу таштандыларды алып калуучу тосмолорду, кум кармоочу жайлар, I жана II кезектеги тундурмалар, май жана мунайзат кармоочу жайлар менен милдеттүү түрдө камсыз болуусу шарт. Жогорудагы шарттар аткарылбаса «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасы кошумча эскертүүсүз ичүүчү сууну жана саркынды суу түтүгүнөн агызууну токтотот. Келишимди бир тараптуу түрдө бузууга жана берилген техникалык шартты жок кылуу укугун өзүнө калтырат».
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Сыдыков) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеӊешинин төрагасы:
А. Аланов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- "Ош шаарында сууну жана канализацияны пайдалануунун эрежеси жонундо" токтомуПостановление · 16.12.2008 · № 73