# Т. Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 2015-жылдын 13-мартындагы № 9/1 "Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Т. Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 2015-жылдын 13-мартындагы № 9/1 "Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9/1
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.03.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/231472>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-26753/edition/685540/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Т. Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 2015-жылдын 13-мартындагы № 9/1 "Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө" токтому (13.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/231472

---

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

Т. Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IХ сессиясы

2015-жылдын 13-марты № 9/1

Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин ушул токтому Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Абдырахмановго жүктөлсүн.

Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы

К. Карабаев
