Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Т. Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин «Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө» токтому
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Т. Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IХ сессиясы
2015-жылдын 13-марты № 9/1
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин ушул токтому Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Абдырахмановго жүктөлсүн.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы
К. Карабаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөЗакон · 02.04.2004 · № 54 · Күчүн жоготкон