# Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2015-жылдын 27-мартындагы № 11 "Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетине келтирилген материалдык зыянды өндүрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2015-жылдын 27-мартындагы № 11 "Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетине келтирилген материалдык зыянды өндүрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.03.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/231400>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-26681/edition/685213/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2015-жылдын 27-мартындагы № 11 "Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетине келтирилген материалдык зыянды өндүрүү жөнүндө" токтому (27.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/231400

---

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин IV чакырылышынын XXIV-сессиясы

2015-жылдын 27-марты № 11 Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетине келтирилген материалдык зыянды өндүрүү жөнүндө Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты, бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Ташматов Эмилбек Баетовичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш: ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн кассасынан №12-«Отуз-Адыр» орто мектебинин завхозу Молдалиев Кадырбек тарабынан 16000сом акча каражаты алынып,

алынган акчаны Молдалиев Кадырбектин туура эмес иштетүүсүнүн натыйжасында 3310 сомдук материалдык зыян келтирилген .Жогорудагы 3310 сом акча каражаты айыл өкмөтүнө жана мектепке тиешелүү болгарка мектепке кайтарылып берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 186-токтомуна ылайык Молдалиев Кадырбек тарабынан айыл өкмөтүнүн эсепканасынан 2013-жылдын сентябрь-декабрь айларында подотчетко алынган 16000 сом акча каражатына толтурулуп тапшырылган сатып алуу актылары жараксыз деп табылсын.

3. Келтирилген материалдык зыянды калыбына келтирүү жагы ички иштер органдары, прокуратура жана сот бийлигинен суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн юристине жүктөлсүн (Маликов Турдали).

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айылдык кеңешинин бюджет жана каржы комиссиясына тапшырылсын (Ташматов Эмилбек).

Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин төрагасы

С. Базарбаев
