# Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2015-жылдын 14-январындагы № 1 "Кашка-Суу айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2015-жылдын 14-январындагы № 1 "Кашка-Суу айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 14.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.01.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/231345>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-26626/edition/685100/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2015-жылдын 14-январындагы № 1 "Кашка-Суу айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө" токтому (14.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/231345

---

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кашка-Суу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XVI-сессиясы

2015-жылдын 14-январы № 1 Кашка-Суу айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Кашка-Суу айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кашка-Суу айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

2. Кашка-Суу айылдык Кеңешинин ущул токтому Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн http://kashka-suu.jalal-abad.kg/ расмий сайтына жарыялансын.

3. Кашка-Суу айылдык Кеңешинин ушул токтому Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн http://kashka-suu.jalal-abad.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Аталган токтомду http://kashka-suu.jalal-abad.kg/ расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Мырзакайым кызы Гүлкайырга жүктөлсүн.

Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы

Э. Давлетов
