# Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2015-жылдын 04-июлундагы № 15 "Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Рахматуллаев Илхамжандын арызын кароо" токтому

- Толук аталышы: Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2015-жылдын 04-июлундагы № 15 "Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Рахматуллаев Илхамжандын арызын кароо" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/231064>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-26345/edition/679726/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2015-жылдын 04-июлундагы № 15 "Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Рахматуллаев Илхамжандын арызын кароо" токтому (04.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/231064

---

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы

2015-жылдын 04-июлу № 15 Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Рахматуллаев Илхамжандын арызын кароо Депутаттар Айыл чарба, агроөнөржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймыл- сыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комис- сиясынын төрагасы А.Тажибаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылынын көпчүлүк аксакалдарынын кайрылуусун, анын ири өлчөмдө кредит алгандыгын (700 000 сом) эске алуу менен Кыргыз Республика- сынын «Жер кодексинин»29-беренесинин, «Мунициалдык менчикте турган жер тилкелерин менчикке жана ижарага берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү» Типтүү жобонун талаптарына ылайык Кашкар-Кыштак айылдык кенеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Рахматуллаев Илхамжанга ижара келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин жалпы негизде тоорукка катышуу укугу берилсин.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, агроөнөр- жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жара- тылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы

Б. Жунусов
