# Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2015-жылдын 04-июлундагы № 13 "Муниципалдык менчикте турган Ачы участкасындагы жайыттын таштак жана жараксыз жерлеринен короо-сарай куруу үчүн жер тилкелерин менчикке берүү жөнүндөгү жарандардан түшкөн арыздарды кароо" токтому

- Толук аталышы: Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2015-жылдын 04-июлундагы № 13 "Муниципалдык менчикте турган Ачы участкасындагы жайыттын таштак жана жараксыз жерлеринен короо-сарай куруу үчүн жер тилкелерин менчикке берүү жөнүндөгү жарандардан түшкөн арыздарды кароо" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/231062>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-26343/edition/679722/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2015-жылдын 04-июлундагы № 13 "Муниципалдык менчикте турган Ачы участкасындагы жайыттын таштак жана жараксыз жерлеринен короо-сарай куруу үчүн жер тилкелерин менчикке берүү жөнүндөгү жарандардан түшкөн арыздарды кароо" токтому (04.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/231062

---

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы

2015-жылдын 04-июлу № 13 Муниципалдык менчикте турган Ачы участкасындагы жайыттын таштак жана жараксыз жерлеринен короо-сарай куруу үчүн жер тилкелерин менчикке берүү жөнүндөгү жарандардан түшкөн арыздарды кароо Депутаттар айыл өкмөтүнүн айыл жер адиси А.Динбаевдин сунушун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 25-,26-, 29-,32-бер.1-бөл.33-,34- жана 36-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын 2011 -жылдын 23-сентябрындагы «Мунициалдык менчикте турган жер тилкелерин менчикке жана ижарага берүүнү тартиби жана шарттары жөнүндөгү» № 571 Типтүү жобонун талаптарына ылайык Кашкар-Кыштак айылдык кенеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ачы участкасындагы жайыттын таштак жана жараксыз жерлеринен короо-сарай куруу жана башка максаттарда пайдалануу үчүн жарандарга менчикке берүүгө макулдук берилсин.

2. Айыл өкмөтүнө–Ачы участкасындагы жайыттын таштак жана жараксыз жерлеринин контурлары боюнча реестрин түзүү жагы тапшырылсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, агро өнөр- жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жара- тылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы

Б. Жунусов
