Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин «Айыл өкмөтүнүн административдик муниципалдык кызматкерлеринин 2014-жылдын ичинде аткарган ишин баалоонун жыйынтыгы менен бюджеттик сметасынын эмгек акы фондуна кошумча акча каражат бөлүп берүү жөнүндө» токтому
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы
2015-жылдын 04-июлу № 6 Айыл өкмөтүнүн административдик муниципалдык кызматкерлеринин 2014-жылдын ичинде аткарган ишин баалоонун жыйынтыгы менен бюджеттик сметасынын эмгек акы фондуна кошумча акча каражат бөлүп берүү жөнүндө Депутаттар айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы А.Марасулованын сунушун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ишине натыйжалуулуктун негизги көрсчөткүчтөрүн пайдалануу менен баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобонун талаптарына ылайык Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн баалоо комиссиясынын 2015-жылдын 14-январындагы № 1протоколунун жана Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 2 буйругунун негизинде Кашкар-Кыштак айылдык кенеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин 2014-жылдын ичинде аткарган ишин баалоонун жыйынтыгы менен муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы төлөө тарифтик сеткасы бир кадамга жогорулашына байланыштуу бюджеттик сметага ылайык эмгек акы фондуна 83 000 (Сексен үч миё) сом өлчө мүндө кошумча акча каражаты ажыратылсын .
2. Айыл өкмөтүнүн Финансы-экономикалык бөлүмүнө–көрсөтүлгөн сумманы 2015-жылдын отчеттук мезгилинин аягына чейин кызматкерлердин ишин баа- лоонун жыйынтыгы менен эмгек акыларын кайра эсептөөнү жүргүзсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештинМенчик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы
Б. Жунусов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.