# Токмок шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 15-августундагы №63/10-3 "Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 15-августундагы №63/10-3 "Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 63/10-3
- Кабыл алынган күнү: 15.08.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.08.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/231038>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-26319/edition/679011/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/231038.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 15-августундагы №63/10-3 "Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (15.08.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/231038

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык Кеңешинин III чакырылышынын X-сессиясы

2013-жылдын 15-августу №63/10-3 Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мэриянын аппаратында жана Токмок ш. мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө кадрлык өзгөрүүлөр болгондугуна байланыштуу, Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусунун өтүнмөсүн карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен жана орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын чечиминин негизинде ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамынан төмөндөгү өзгөрүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан Шамыралиев Жыргалбек Жумадылович жана Акылбеков Талантбек Тилектешевич чыгарылсын,

- комиссиясынын курамына Сыдыгалиев Нурдин Сардарбекович, Дженишев Сулайман Алымбекович жана Эсенбеков М.Э. киргизилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы

Р.Таманбаев
