Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Токмок шаардык Кеңешинин «Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токмок шаардык Кеңешинин III чакырылышынын X-сессиясы
2013-жылдын 15-августу №63/10-3 Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мэриянын аппаратында жана Токмок ш. мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө кадрлык өзгөрүүлөр болгондугуна байланыштуу, Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусунун өтүнмөсүн карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен жана орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын чечиминин негизинде ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамынан төмөндөгү өзгөрүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан Шамыралиев Жыргалбек Жумадылович жана Акылбеков Талантбек Тилектешевич чыгарылсын,
- комиссиясынын курамына Сыдыгалиев Нурдин Сардарбекович, Дженишев Сулайман Алымбекович жана Эсенбеков М.Э. киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы
Р.Таманбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон