# Теплоключенка айылдык Кенешинин 2015-жылдын 15-июлундагы №44 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын бала-бакча тайпасында тамактандыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Теплоключенка айылдык Кенешинин 2015-жылдын 15-июлундагы №44 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын бала-бакча тайпасында тамактандыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230864>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-26145/edition/676500/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Теплоключенка айылдык Кенешинин 2015-жылдын 15-июлундагы №44 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын бала-бакча тайпасында тамактандыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө" токтому (15.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230864

---

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Теплоключенка айылдык Кенешинин XXVI чакырылыш ХXIX сессиясы

2015-жылдын 15-июлу №44 Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын бала-бакча тайпасында тамактандыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын θкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы №490 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-декабрындагы №813 «2013-2016-жылдарда Кыргыз Республикасынын интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана каржылоону оптималдаштыруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтомунун негизинде, айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын Ак-Суу балдар үйүндөгү бала-бакча тайпасында тамактандыруу үчүн сентябрь айынан баштап төрт айга: айына 12500 (он эки миң беш жүз) сомдон 25 балага айына 500 (беш жүз) сомдон бөлүнүп берилсин.

2. Ушул токтом райондук «Ак-Суу баяны» гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин, айылдык кеңештин токтому Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын.

3. Токтом ММКна басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышы каржы бөлүмүнүн башчысы Д.Абдыкеримовага милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге жүктөлсүн.

Теплоключенка айылдык Кеӊешинин төрагасы

К.Джаныбеков
