Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жалал-Абад шаардык кеңешинин «Жалал-Абад шаарынын аэропортун кеӊейтүү үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө» токтому
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жалал-Абад шаардык Кеңешинин VI чакырылыш XХV-сессиясы
2015-жылдын 03-сентябры №1 Жалал-Абад шаарынын аэропортун кеӊейтүү үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин чечимин аткаруу максатында Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 30.04.2015-жылдагы № 3-2/800, 15.06.2015-жылдагы № 3-2/1130-каттарын шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХV-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Ю.Абдрахманов көчөсүндөгү аэропорттун учуу-конуу тилкесин 200 метрге жана ээнин 50 метрге кеӊейтүүгө уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын аэропортунун реконструкциялоосуна кетүүчү жалпы аянты 9,0 га муниципалдык жер аянтын багытын өзгөртпөө шарты менен кайтарымсыз түрдө өткөрүлүп берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаар куруу жана архитектура бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын «Аба Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» №154-мыйзамынын 61-беренесин так аткаруу үчүн аэропорттун аймагындагы жеке турак-жай курууну катуу көзөмөлдөө жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы
Н. Нишанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөр киргизүү тууралууЗакон · 20.08.2007 · № 154 · Күчүн жоготкон