# Акман айылдык кеңешинин 2014-жылдын 10-октябрындагы №35 "Жаңы-Акман айылынын комплекс участкасынын көчөсүнө Мөндөшова Хамилакандын атын коюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Акман айылдык кеңешинин 2014-жылдын 10-октябрындагы №35 "Жаңы-Акман айылынын комплекс участкасынын көчөсүнө Мөндөшова Хамилакандын атын коюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230671>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-25955/edition/679435/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акман айылдык кеңешинин 2014-жылдын 10-октябрындагы №35 "Жаңы-Акман айылынын комплекс участкасынын көчөсүнө Мөндөшова Хамилакандын атын коюу жөнүндө" токтому (10.10.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230671

---

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 10-октябры №35 Жаңы-Акман айылынын комплекс участкасынын көчөсүнө Мөндөшова Хамилакандын атын коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып, Акман айылдык кенешинин 2013-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби" жөнүндө Жобонун негизинде Акман айылдык кенешинин социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кенешинин VI чакырылыштагы кезексиз V сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну" жетекчиликке алып, Акман айылдык кенешинин 2013-жылдын 6-августундагы "Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби" жөнүндө Жобонун негизинде Жаныакман айылынын эски комплекс участкасынын көчөсүнө Акман айыл өкмөтүнүң паносунан баштап Сарадиев Кимсандын дачасына чейин эмгектин ардагери Мондошова Хамилакандын аты ыйгарылсын.

2. Эмгектин ардагери Мондошова Хамилакандын аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана гиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо жана үй белгилерин коюу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү соңиалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Акман айылдык кеӊешинин төрагасы

А.Маматкулов
