Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Балыкчы шаардык кеңешинин 2015- жылдын 24- февралындагы № 4 «Манас-Ата” шериктештик уюмун түзүү жөнүндө» токтому
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН
XXVI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXVII СЕССИЯСЫ
2015- жылдын 24- февралы № 4 “Манас-Ата” шериктештик уюмун түзүү жөнүндө Балыкчы шаарындагы “Тынч-Ази” кондоминиумунун ичинен өзүнчө бөлүнүп өз алдынча шериктеш уюм түзүү боюнча Манас көчөсүндөгү № 24, 26, 28. 30 жана Аманбаев көчөсүндөгү № 179 көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын жалпы жыйналышынын протоколдук чечимине ылайык өз алдынча түзүлгөн“Манас Ата”шериктештик уюмунун (кондоминумунун) төрайымы Г.Муканбетованын № 24 9. 02. 2015 ж. берген кайрылуу катын карап талкуулап Балыкчы шаардык Кенешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын“ Турак жай жана турак жай эмес менчик ээлеринин шериктештиги жөнүндө” 9.07.2013 ж. мыйзамына ылайык Манас көчөсүндөгү № 24, 26, 28, 30, жана Аманбаев көчөсүндөгү № 179 көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын жалпы жыйналышы менен түзүлгөн “Манас Ата” шериктештик уюмунун Уставы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына жарыялансын.
3. “Манас-Ата” шериктештик уюмунун бекитилген Уставы Ысык-Көл облустук Адилет башкармалыгынан каттоодон өтүү суралсын.
4. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын ошондой эле каттоо үчүн тапшырылган иш кагаздардагы маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашкандыгын ырастайт.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Балыкчы шаарынын 1-Вице-Мэрине жана шаардык Кеңештин башкы адиси К. Орузбаевага тапшырылсын.
Кеңештин тѳрагасы:
А. Смадияров
«МАНАС АТА» ТУРАК-ЖАЙ МЕНЧИК ЭЭЛЕРИНИН ШЕРИКТЕШТИГИНИН УСТАВЫ Жалпы жоболор. Манас Ата турак жай менчик ээлеринин шериктештиги Балыкчы шаарынын Манас көчөсүнүн №24; 26; 28; 30 жана Аманбаев №179 үйлордүн 51% менчик ээлеринин катышуусунда 2015-жылдын 15-январында өткөрүлгөн жалпы жыйындын чечиминин негизинде түзүлдү. Шериктештикти түзүү максаты: --Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүндөгү турак жай ээлеринин аны натыйжалуу күтүү жана башкаруу менен байланышкан мамилелерин түзүү; --Көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү биргелешип башкаруу, ошол комплексти эксплуатациалоону камсыз кылуу, ээлик кылуу, пайдалануу жана мыйзамдарда белгиленген чектерде көп батирлүү үйдөгө мүлктү тескөө. Турак жай менчик ээлеринин шериктештиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иш алып барат. Турак жай менчик ээлиринин шериктештиги Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөндөн баштап юридикалык жак болуп эсептелинет Банктарда өзүнүн жеке эсептик счету бар жана мамлекеттик жана орус тилде өзөнүн аталышы көргөзүлгөн мөөрү бар. Мамлекеттик каттоодон өткөндөн баштап ,өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө акылуу. Сотторго доогер жана жоопкер болуп катыша алат. Турак жай менчик ээлеринин шериктештиги жайгашкан жери : Балыкчы шаарынын Аманбаев көчөсү 179 үйү. Кыргызча –орусча аталышы: «Манас Ата» Бул уставдын жобосу бардык туруктуу жашоочуларга жана ижарада турган жашоочуларга бирдей тиешелүү. Турак жай менчик ээлеринин шериктештигинин укуктары.
1.Турак жай менчик ээлеринин шериктиги төмөнкүлөргө укуктуу:
1)Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү күтүү жана ондоо жөнүндө келишимдерди жана менчик ээлеринин жана шериктиктин мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарындагы башка келишимдерди түзүүгө;
2)Бир жылга кирешелердин жана чыгашалардын сметасын ,анын ичинде көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү күтүүгө жана оңдоого зарыл чыгашаларды ,көп батирлүү үйдү капиталдык оңдоого жана реканструкциялоого чыгымдарды ,атайын төгүмдөрдү жана резервдик фондго чегерүүлөрдү ошондой эле шериктиктин Уставында белгиленген башка максаттар үчүн чыгашаларды аныктоого;
3)Бир жылга кабыл алынган кирешелер жана чыгашалар сметасынын негизинде ар бир менчик ээси үчүн анын көп батирлүү үйдөгү жалпы менчиктеги укугунун үлүшүнө ылайык төлөмдөрдүн төгүмдөрдүн өлчөмүн белгилөөгө;
4)Менчик ээлери үчүн иштерди аткарууга жана аларга кызмат көрсөтүүгө;
5)Банктар тарабынан берилүүчү насыяларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда пайдаланууга;
6)Келишим боюнча шериктик үчүн иштерди аткаруучу жана шериктикке кызматтарды көрсөтүүчү адамдарга материалдык жана акчалай каражаттарды берүүгө;
7)Шериктикке таандык мүлктөрдү убактылуу пайдаланууга берүүгө;
8)Кызыкдар жактарга көп батирлүү үйдөгү батирлүү үйдөгү батирлерде иш жүзүндө жашаган жарандар жөнүндө маалыматарды берүүгө .
2.Эгерде бул менчик ээлеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыгын бузбаса турак жай ээлеринин шериктиги төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктүн 1 бөлүгүн пайдаланууга берүүгө;
2) Турак жай курулушун жүзөгө ашыруу, чарбалык жана башка курулуштарды куруу жана аларды андан ары эксплуатациялоо үчүн жер участокторун пайдаланууга алууга же болбосо менчик ээлеринин жалпы үлүштүк менчигине алууга же сатып алууга;
3) КРнын мыйзамдарынын талаптарына ылайык менчик ээлеринин атынан жана эсебинен ошондой үйгө чектеш бөлүнүп берилген жер участокторунда курулуштарды жүзөгө ашырууга;
4) Шериктиктин максаттарына милдеттерине жооп берген бүтүмдөрдү түзүүгө жана башка аракеттерди жасоого;
3.Турак жай менчик ээлеринин шериктиги шериктиктин уставында белгиленген тартипте милдетүү төлөмдөрдү, төгүмдөрдү ж.б. жалпы чыгашаларды төлөөнү кечиктиргендиги үчүн усток айып белгилөөгө укуктуу, анын суммасы карыздын жалпы суммасынын 30%нан ашышы мүмкүн эмес.
4.Менчик ээлери турак жай менчик ээлеринин шериктигинин жалпы чыгашаларына катышуу боюнча өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган учурда, соттук тартипте милдеттүү төлөмдөрдүн жана төгүмдөрдүн оордун толтурууну талап кылууга укуктуу.
5. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги менчик ээлеринин милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдүрдү төлөө ж.б. жалпы чыгашаларды төлөө боюнча милдеттерин аткарбаганынын натыйжасында өзүнө келтирилген чыгашалардын ордун толук толтурууну сот тартибинде талап кылууга укуктуу
ТУРАК ЖАЙ МЕНЧИК ЭЭЛЕРИНИН ШЕРИКТИГИНИН МИЛДЕТТЕРИ, Турак жай менчик ээлеринин шериктиги төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Шериктиктин Уставын аткарууну камсыз кылууга;
2) Көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү күтүү жана оңдоо жөнүндө менчик ээлери менен , анын ичинде шериктиктин мүчөлөрү болуп саналбагандар менен келишимдерди түзөөгө;
3) Келишим боюнча милдеттенмелерди КР мыйзамдарында каралган тартипти аткарууга ;
4) Көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктүн талаптагыдай санитардык жана техникалык абалын камсыз кылууга;
5) Ушул мүлккө жалпы менчик үлүшунө ылайык көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү күтүү жана оңдоо боюнча милдеттемелерди бардык менчик ээлери тарабынан аткарылышын камсыз кылууга;
6) Жалпы менчикке ээлик кылуунун, пайдалануунун жана тескөөнүн шарттарын жана тартибин белгилүүдө менчик ээлеринин укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылууга;
7) Көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктүн менчик ээлеринин ээлик кылуу, пайдалануу жана КРнын мыйзамдарында белгиленген чектерде тескөө укугун ишке ашырууга бөгөт болгон же ага тоскоолдук кылган үчүнчү жактардын аракеттерине жол бербөө же токтотуу үчүн зарыл чараларды кабыл алууга;
8) Менчик ээлеринин анын ичине 3чү жактар менен болгон мамилелердеги мыйзамдуу кызыкчылыктарын көздөөгө;
Турак жай менчик ээлеринин шериктигине мүчө болуу.
1.Турак жай менчик ээлеринин шериктигине мүчө болуу жана кирүү жөнүндө менчик ээсинин арызынын негизинде пайда болот.
1. Эгерде көп батирлүү үйдө турак жай менчик ээлеринин шериктиги түзүлгөн болсо, бул үйдөн жай сатып алышкан адамдар аларда турак же турак эмес жайга менчик укугу пайда болгондон кийин шериктикке мүчө болууга укуктуу.
2. Турак жай менчик ээлеринин шериктигине мүчө болуу шериктиктин мүчөлүгүнөн чыгуу жөнүндө арыз берген учурдан тартып же көп батирлүү үйдөгү турак же турак эмес жайга менчик укугу токтотулган учурдан тартып токтотулат.
Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкаруу органдары Шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу шериктиктин башкармалыгы жана текшерүү комиссиясы турак жай менчик ээлеринин башкаруу органдары болуп саналат Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин жалпы чогулушу.
1.турак менчик ээлеринин шериктигинин жалпы чогулушу шериктин жогорку башкаруу органдары болуп саналат жана шериктин уставында белгиленген тартипте чакырылат.
2. Турак менчик ээлеринин шериктигинин жалпы мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1)шериктиктин уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, анын ичинде аны жаны редакциясында кабыл алуу;
2)Шериктикти кайра түзүү жана жоюу жөнүндөгү чечимдерди кабыл алуу;
3) Шериктиктин башкармалыгын жана текшерүү комиссиясын шайлоо;
4) Шериктиктин мүчөлөрүнүн милдеттүү төлөмдөрүнүн жана төгүмдөрүнүн өлчөмүн белгилөө;
5) Шериктиктин атайын фонддорун. Анын ичинде резервдик фондду көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү жана анын жабдууларын калыбына келтирүү жана оңдоо фондун түзүү
6) Шериктиктин чарбалык ишинен кирешелерди пайдалануунун багыттарын аныктоо;
7) Шериктиктин жылдык бюджетин жана финансылык иши жөнүндө жылдык планын жана мындай планды аткаруу жөнүндө отчетун бекитуу;
8) Шериктиктин башкармалыгынын төр агасынын жана текшерүү комиссиясынын аракеттерине даттанууларды кароо;
9) Шериктиктин башкармалыгынын төр агасынын сунуштамасы боюнча милдеттерине көп батирлүү үйдү тейлөөгө кирген кызматкерлерге карата шериктиктин ички иш эрежелерин, алардын эмгек акысын төлөө туралуу жобону кабыл алуу жана өзгөртүү;
10) Шериктиктин башкармалыгынын мүчөлөрүн сыйлоонун өлчөмүн аныктоо;
11) Көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү ижарага беруу же башка укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
12) Башкармалыктын ар жылдык отчетун бекитүү;
13) Шериктиктин жалпы мүлкүн жеке же юридикалык жакка башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу, о.э. башкаруучу шериктикке көрсөтүүгө тийиш болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин аныктоо;
14) Көп батирлүү үйдө кошумча жайларды жана жалпы мүлк объектилерин куруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушун уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби.
1.Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу жылына 1 жолудан кем эмес өткөрүлөт. Кезексиз чогулуш же башкармалыктын чечими боюнча же текшерүү комиссиясынын талабы боюнча, же болбосо турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн 10%нан кем эмесинин демилгеси боюнча чакырылат.
Демилгеси боюнча чогулуш чакырган адам, шериктиктин башкармалыгынан тышкары, шериктиктин башкармалыгына чогулуштун күн тартибин жана өткөрүү датасын көрсөтүү менен,кезексиз чогулушту чакыруунун зарылчылыгы жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү арызын берүүгө милдеттүү. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгы турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушун шериктиктин Уставында белгиленген тартипке ылайык өткөрүүгө милдеттүү
2. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө кабарлоо жазуу жүзүндө жөнөтүлөт жана шериктиктин ар бир мүчөсүнө кол койдуруп алуу менен же почталык жөнөтүм аркылуу тапшырылат. Кабарлоо жалпы чогулушту өткөрүү датасына чейин 10 күн калгандан кечиктирбестен жөнөтүлөт.
3. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө кабарлоодо жалпы чогулушту чакырууга демилгечи болгон адам жөнүндө маалыматтар, чогулушту өткөрүүнүн формасы, орду жана убактысы, күн тартиби көрсөтүлөт. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу күн тартибине киргизилбеген маселелерди талкууга алып чыгууга укуксуз.
4. Эгерде шериктиктин мүчөлөрүнүн же алардын өкүлдөрүнүн 50%дан ашыгы катышса турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуну укуктуу болот.
Кворум болбогон учурда шериктиктин башкармалыгы жалпы чогулушту өткөрүүнүн жаңы ордун датасын, убактысын дайындайт. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн кайрадан дайындалган жалпы чогулушун мурда өтпөй калган жалпы чогулуштун учурунан тартып 2 күн эрте эмес , 30 күндөн кеч эмес чакырылышы мүмкүн.
5.Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечимдери турак жай менчик ээлеринин шериктигинин бардык мүчөлөрү жана менчик ээлери үчүн милдеттүү болуп саналат.
Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгы.
1.Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин ишине жетекчилик шериктиктин башкармалыгы тарабынан жүзөгө ашырылат.Көп батирлүү үйдөгү жайлардын менчик ээлеринин жалпы чогулушунун өзгөчө компетенциясына жана турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун компетенциясына киргизилген маселелерди кошпогондо ,турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгы шериктиктин ишинин бардык маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
2.Турак жай менчик ээлеринин шериктештигинин башкармалыгы шериктештиктин жалпы чогулушунда 2 жылга шайланат.
3.Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгы өз курамынан шериктиктин төрагасын шайлайт.
4.Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгы шериктиктин аткаруу органы болуп саналат, шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна отчет берет.
Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгынын милдеттери Турак жай менчик ээлеринин башкармалыгынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1)шериктик тарабынан КРнын мыйзамдарын жана шериктиктин уставынын талаптарын сактоо;
2)шериктиктин мүчөлөрүнүн белгиленген милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү өз учурунда төлөшүн көзөмөлдөө;
3)Тийиштүү жылга шериктиктин кирешелер жана чыгашалар сметасын жана финансылык иши жөнүндө отчетторду түзүү,бекитүү үчүн аларды шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна коюуу;
4) көп батирлүү үйдү башкаруу;
5)көп батирлүү үйдү тейлөө үчүн кызматкерлерди жалдоо жана аларды бошотуу;
6)көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү тейлөөгө ,эксплуатациялоого жана оңдоого келишимдерди түзүү;
7)шериктиктин мүчөлөрүнүн тизмесин ,иш кагаздарын , бухгалтердик эсепти жана бухгалтердик отчетту жүргүзүү;
8)шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушун чакыруу жана өткөрүү;
9) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин уставынан келип чыккан башка милдеттерди аткаруу;
Турак жай менчик ээлеринин шериктештигинин башкармалыгынын төрагасы
1.Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгнын төр агасы 2 жылдык мөөнөт менен шайланат. Шериктиктин башкармалыгынын төр агасы башкармалыктын чечимдерин аткарууну камсыз кылат, шериктиктин бардык кызмат адамдарына көрсөтмөлөрдү жана тескемелерди берүүгө укугу бар, анын аткарылышы көрсөтүлгөн адамдар үчүн милдетүү. 2.Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгынын төр агасы шериктиктин атынан ишеним катсыз аракеттенет, төлөм документерине кол коёт жана КР нын мыйзамдарына, шериктиктин уставына ылайык шериктиктин башкармалыгы же шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун милдеттүү түрдө жактыруусу талап кылбаган бүтүмдөрдү жасайт, милдетине көп батирлүү үйдү тейлөөгө кирген кызматкерлерге карата шериктиктин ички тартибинин эрежелерин, алардын эмгек акылар ын төлөө туралуу жобону иштеп чыгат жана шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна бекитүүгө киргизет.
Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин текшерүү комиссиясы.
1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин текшерүү комиссиясы шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу тарабынан 2 жылдан ашык эмес мөөнөткө шайланат.Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин текшерүү комиссиясынын курамына шериктиктин башкармалыгынын мүчөлөрү жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү кире алышпайт.
2. Турак-жай менчик ээлеринин шерикигинин текшерүү комиссиясы өз курамынан текшерүү комиссиянын төр агасын шайлайт.
3. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин текшерүү комиссиясы:
а) Шериктиктин финансылык ишин жылына 1жолудан кем эмес текшерүүнү жүргүзөт;
б) Шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна тийиштүү жылга шериктиктин кирешелер чыгашалар сметасы жөнүндө корутунду жана финансылык иши жана милдеттүү төлөмдөрдүн жана төгүмдөрдүн өлчөмдөрү жөнүндө отчёт берет;
в) Өз иши тууралуу шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда отчёт берет.
Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин каражаттары жана мүлкү.
1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин менчигинде кыймылдуу мүлк, о.э. көп батирлүү үйдүн ичинде же сыртында жайгашкан кыймылсыз мүлк турушу мүмкүн.
2. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин каражаттары төмөнкүлөрдөн турат:
1) Милдеттүү төлөмдөрдөн,шериктиктин мүчөлөрүнүн кирүү ж.б. төгүмдөрүнөн;
2) Шериктиктин максаттарын,милдеттерин жүзөгө ашырууга жана аткарууга багытталган шериктиктин чарбалык ишинин түшкөн кирешелерден,
3) Көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү эксплуатациялоону, учурдагы жана капиталдык оңдоолорду жүргүзүүнү, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн берүүнү камсыз кылуучу субсидиялардан ж.б. субсидиялардан;
4) Башка келип түшүүлөрдөн.
3. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечиминин негизинде уставда каралган максаттарга чыгымдалуучу атайын фонддор түзүлүшү мүмкүн. Атайын фонддорду түзүүнүн тартиби шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу тарабынан аныкталат.
4. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгы банктагы эсепте турган шериктиктин каражаттарын шериктиктин финансылык планына ылайык тескөөгө укугу бар.
Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин чарбалык иши.
1.Уставда каралган максаттарга жетүү үчүн турак жай менчик ээлеринин шериктиги чарбалык иштер менен алектенүүгө укуктуу.
2. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги чарбалык иштердин төмөнкүдөй түрлөрү менен алектене алат:
1)көп батирлүү үйдөгү кыймылсыз мүлктү тейлөө,эксплуатациялоо жана оңдоо;
2) КР нын мыйзамдарына ылайык көп батирлүү үйдө кошумча жайларды жана жалпы мүлк объектилерин куруу:
3) ижарага берүү, көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктүн бир бөлүгүн жалдоо.
Турак жай менчик ээлеринин шериктигин кайра түзүү жана жоюу
1.Турак жай менчик ээлеринин шериктигин кайра түзүү жана жоюу КРнын жарандык мыйзамдарында белгиленген негизде жана тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Имараттардын өзгөчө кырдаалдардын же табигый кырсыктардын негизинде 50% болунуусунун натыйжасында тургундардын жалпы чогулушунун чечими менен .
3. Турак-жай менчик ээлеринин шреиктиги жөнүндө мыйзамга ылайык соттун чечими менен
Балыкчы шаарынын 1Вице мэрии М.Джаналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- О товариществах собственников жильяЗакон · 28.10.1997 · № 77 · Күчүн жоготкон