# Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 116 "Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 116 "Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230271>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-25645/edition/651446/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230271.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 116 "Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (29.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230271

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 29-апрели № 116 Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 “Бишкек шаарынын географиялык объекттерин кайра атоо маселелерин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту “Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 26-декабрындагы № 29 “Ч. Т. Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” токтомунан жана Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Иманалы Айдарбековдун атынан Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирин кайра атоодон тышкары” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Иманалы Айдарбековдун атынан Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирин кайра атоо жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте даярдасын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кенешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У.Е. Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице - мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин тѳрагасы:

М.А. Аманкулов
