# Кайыңды шаардык кеңешинин 2015-жылдын 28-январындагы № 84/XXI-7 "Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын № 56-XIV-5 13.03.2014 жылкы чыгарылган токтомун жокко чыгаруу Панфиловка айылында, Северная көчөсүндө № 39/2 жайгашкан конок үйдүн жана баасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу" токтому

- Толук аталышы: Кайыңды шаардык кеңешинин 2015-жылдын 28-январындагы № 84/XXI-7 "Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын № 56-XIV-5 13.03.2014 жылкы чыгарылган токтомун жокко чыгаруу Панфиловка айылында, Северная көчөсүндө № 39/2 жайгашкан конок үйдүн жана баасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 84/XXI-7
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.01.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230264>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-25638/edition/651432/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230264.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайыңды шаардык кеңешинин 2015-жылдын 28-январындагы № 84/XXI-7 "Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын № 56-XIV-5 13.03.2014 жылкы чыгарылган токтомун жокко чыгаруу Панфиловка айылында, Северная көчөсүндө № 39/2 жайгашкан конок үйдүн жана баасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу" токтому (28.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230264

---

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 28-январы № 84/XXI-7 Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын № 56-XIV-5 13.03.2014 жылкы чыгарылган токтомун жокко чыгаруу Панфиловка айылында, Северная көчөсүндө № 39/2 жайгашкан конок үйдүн жана баасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу Кайыңды шаарынын мэриясынын кайрылуу катын карап чыгып, Кайыңды шаарынын жеке менчиги болуп эсептелген мүлктү сарамжалдуу пайдалануу боюнча КР 31 беренесиндеги 5 бөлүмүндө жана 41 беренесинин 6 бөлүмүндө жазылган өзүн өзү башкаруу 19 берененин мыйзамынын негизинде Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы: ТОКТОМ КЫЛАТ:

1) Панфилов айылында, Северная көчөүсү № 39/2 жайгашкан конок үйүнүн 13.03.2014 жылкы токтомун жокко чыгарат. Панфилов айылында жайгашкан конок үйдү сатууга уруксат берүү.

2) Панфилов айылында, Северная көчөсү № 38/2 жайгашкан конок үйдүн ижара акыса 2000 сом деп бекитилсен.

3) Кайыңды шаарынын мэриясынын жана шаардык кенешинин кызматкерлерине конок үйдүн ижара акысы 100% ке мугалимдерге, дарыгерлерге, мед кызматкерлерге женилдетилсин.

4) Панфилов айылында Северная көчөсү 39/2 жайгашкан конок үйүнүн ижара келишин түзүүгө жана көзөмөлдөө муниципалдык башкы мулк адисине жүктөлсүн.

5) Каржылоо жана үнөм бөлүмүнүн башчысы, Панфилов айылында Северная көчөсү № 39/2 жайгашкан конок үйүнүн ижара акысын конок уйүндө күндөлүк оңдоо иштерине жумшалган.

6) Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлү Кайынды шаардык кенешинин бюджеттик туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

Тѳрага:

Абдрасулов У.
