# Т.Кулатов айылдык кеңешинин 2014-жылдын 12-июлундагы № 15-6 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-июлундагы № 462 токтомун аткаруу максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Т.Кулатов айылдык кеңешинин 2014-жылдын 12-июлундагы № 15-6 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-июлундагы № 462 токтомун аткаруу максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15-6
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230157>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-25533/edition/640892/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Т.Кулатов айылдык кеңешинин 2014-жылдын 12-июлундагы № 15-6 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-июлундагы № 462 токтомун аткаруу максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому (12.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230157

---

Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Депутаттардын Т.Кулатов айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы

2014-жылдын 12-июлу № 15-6 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-июлундагы № 462 токтомун аткаруу максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кенешинин 2002-жылдын 22-майындагы чечимин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдан 5-июлундагы № 462 токтомун Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет экономика соода ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясында карап такталгандыгын жана киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-июлундагы № 462 токтому аткарууга алынсын.

2. Кожо-Арык айылынын тургуну Генжебаева Инабат КТРдин телепрограммаларын бүт айыл аймагы боюнча көрсөтүү үчүн орнотулган антенналарды күнү-түнү кайтарыптуруу милдеттендирилсин.

3. Кожо-Арык айылынын тургуну Генжебаева Инабаттын кызматына жергиликтүү бюджеттен 10 000 (он мин) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевке жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.

Т.Кулатов атындагы айылдык

кеңешинин тѳрагасы:

А. Ажибаев
