Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Н.Исанов айылдык кеңешинин «Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жылдын 13-февралындагы «2012-жылга жайыт пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2013-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү» № 1 жалпы жыйынынын токтомун бекитүү тууралуу» токтому
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ Депутаттардын Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 15-сессиясы
2013-жылдын 2-марты № 15-4
Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жылдын 13-февралындагы «2012-жылга жайыт пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2013-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү» № 1 жалпы жыйынынын токтомун бекитүү тууралуу
Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жылдын 13-февралындагы «2012-жылга жайыт пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткрылышы жана 2013-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү № 1 жалпы жыйынынын токтомун депутатардын айылдык кеңеши бекитүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жылдын 13-февралындагы «2012-жылга жайыт пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2013-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү» №1 жалпы жыйынынын токтому бекитилсин.
2. Ноокат райондук жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин Ассоциаясынын 2013-жылдын 19-январындагы « райондун аймагында жайытка чыккан малдардын жайыт акысын бирдей баага келтирүү, жана КР Өкмөтүнүн 1992-жылдын 17-августундагы № 403, 2004-жылдын 7-сентябрындагы № 668 токтомдорунун негизинде жайыт пайдалануучулары тарабынан мыйзам бузуучуларга жазаны колдонуу, чара көрүү жөнүндөгү» № 11 катын аткарууга алуу жагы ЖПБнын төрагасы М.Мамановго тапшырылсын.
3. Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмксинин 2013-жыл үчүн түзүлгөн божомол бюджети бекитилсин жана малдарын айдап чыгуусун көзөмөлгө алуу ЖПБнын төрагасы М.Мамановго тапшырылсын.
4. Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар арасында өрт коопсуздугун сактоо жана мал ылаңдарына каршы алдын-ала эмдөөлөрдүн өз убагында жүрүүсү боюнча айылдык ветеринардык сервистин башчылары тарабынан жумуштарды аткаруу тапшырылып, анын аткарылышы боюнча жайытка чыккан малдардын эмдөөдөн өткөн ветеринардык аныктамалары менен чыгуусун көзөмөлдөө жагы ЖББнын төрагасы М.Мамановго тапшырылсын.
5. Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар тарабынан пайдаланылган жайыт акыларын өз убагында өндүрүү жана мамлекеттик салыктарды мөөнөтүндө төлөп туруу жагы ЖПБнын төрагасы М.Мамановго тапшырылсын.
6. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берилген жайыт жерин тактап салыштыруу эсеби чыкканга чейин, пайдаланган жайыт жери 1800 га жерге мамлекеттик жайыт салыгын төлөп туруу жагы белгиленсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Н.Исанов атындагы айыл
кеңешинин тѳрагасы:
Д. Колдошов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Постановление Правительства КР от 7 сентября 2004 года № 668 "О материальной ответственности за ущерб, причиненный порчей земель"Постановление · 07.09.2004 · № 668 · Күчүн жоготкон