Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Н.Исанов айылдык кеңешинин «Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жылдын 28-декабрындагы иштеринин аткарылышы жана 2014-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү» №1 жалпы жыйынынын токтомун бекитүү тууралуу» токтому
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ Депутаттардын Н.Исанов атындагы айыл округунун кеңешинин 5-чакырылышынын депутаттарынын 22- отурумунун сессиясы
2014-жылдын 18-февралы № 22-6
Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жылдын 28-декабрындагы иштеринин аткарылышы жана 2014-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү» №1 жалпы жыйынынын токтомун бекитүү тууралуу
Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жылдын 28-декабрындагы «2013-жылга жайыт пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2014-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү» № 1 жалпы жыйынынын токтомун депутаттардын айылдык кеңеши бекитүү максатында.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жылдын 28-декабрындагы « 2013-жылга жайыт пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2014-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү » №1 жалпы жыйынынын токтому бекитилсин.
2. Ноокат райондук жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин Ассоциациясынын 2013-жылдын 19-январындагы « райондун аймагында жайытка чыккан малдардын жайыт акысын бирдей баага келтирүү, жана КР Өкмөтүнүн 1992-жылдын 17-августундагы №403, 2004-жылдын 7-сентябрындагы № 668 токтомдорунун негизинде жайыт пайдалануучулары тарабынан мыйзам бузуучуларга жазаны колдонуу, чара көрүү жөнүндөгү » 2013-жылдын 13-сентябрындагы « Жайыт ресурстарын мал жоюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жөнүндө » № 515 токтомун аткарууга алуу жагы ЖПБнын төрагасы М.Мамановго тапшырылсын. (Кат тиркелет.)
3. Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жыл үчүн түзүлгөн божомол бюджети бекитилсин жана малдардын жайытка чыгаруунк тиркемеге ылайык, мөөнөтүндө малдарын айдап чыгуусун көзөмөлгө алуу ЖПБнын төрагасы М.Мамановго тапшырылсын. (Тиркеме тиркелет.)
4. Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар арасында өрт коопсуздугун сактоо жана мал ылаңдарына каршы алдын-ала эмдөөлөрдүн өз убагында жүрүүсү боюнча айылдык ветеринардык сервистин башчылары тарабынан жумуштарды аткаруу тапшырылып , анын аткарылышы боюнча жайытка чыккан малдардын эмдөөдөн өткөн ветеринардык аныктамалары менен чыгуусун көзөмөлдөө жагы ЖПБнын төрагасы М.Мамановго тапшырылсын.
5. Н.Исанов атындагы жайыт пайдалануучулар тарабынан пайдаланылбаган жайыт акыларын өз убагында өткөрүү жана мамлекетик салыктарды мөөнөтүндө төлөп туруу жагы ЖПБнын төрагасы М.Мамановго тапшырылсын.
6. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берилген жайыт жерин тактап салыштыруу эсеби чыкканга чейин, пайдаланган жайыт жери 1800 га жерге мамлекеттик жайыт салыгын төлөп туруу жагы белгиленсин.
7. Жайыт жерлеринин такырланышынан сактоо, ар кандай малдардын ылаңдарынын алдын-алуу, жайыт акыларынын өз убагында өндүрүлүшүнө көзөмөл жүргүзүү жана жайыт жүгүн аныктоо максатында й Кошчан » дарыясын бойлоп чыгуучу жолдун ыңгайлуу жерин тандап, тийиштүү постун айылдык аймактын ветериналары менен биргеликте, 2014-жылдын 1-майына чейин куруп бүткөрүү жагы ЖПБнын төрагасы М.Мамановго тапшырылсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айыл,суу, чарба , жерге жайгаштыруу экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Н.Исанов атындагы айыл
кеңешинин тѳрагасы:
А.Байдѳѳлѳтѳв
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Постановление Правительства КР от 7 сентября 2004 года № 668 "О материальной ответственности за ущерб, причиненный порчей земель"Постановление · 07.09.2004 · № 668 · Күчүн жоготкон