Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялык тармактарын номерлештирүүнүн улуттук планын бекитүү жана номерлештирүү ресурсунун бирдиги үчүн төлөмдүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө» токтому
Күчүнө кире элек
Реестрде документтин статусу: «Не вступил в силу», ал али күчүнө кире элек. Колдонуудан мурун күчүнө кирүү күнүн текшериңиз. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-11-19.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 19-ноябры № 763
Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялык тармактарын номерлештирүүнүн улуттук планын бекитүү жана номерлештирүү ресурсунун бирдиги үчүн төлөмдүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө
Мамлекеттик номерлештирүү ресурсунун бирдиги үчүн экономикалык негизделген жана социалдык ылайыктуу төлөмдүн өлчөмүн белгилөө, Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүүнүн улуттук планын Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 109-беренесинин 1-бөлүгүнө, 110-беренесинин 1-бөлүгүнө шайкеш келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялык тармактарын номерлештирүүнүн улуттук планы 1-тиркемеге ылайык;
2) номерлештирүү ресурсунун бирдиги үчүн төлөмдүн өлчөмү 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомду ишке ашыруу тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-январындагы № 10 «Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасын жана планын бекитүү жана номерлештирүү ресурсунун бирдиги үчүн акынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 157 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-январындагы № 10 «Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасын жана планын бекитүү жана номерлештирүү ресурсунун бирдиги үчүн акынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 20-ноябрындагы № 88 (3848) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасын жана планын бекитүү жана…Постановление · 09.01.2018 · № 10
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 157 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү…Постановление · 04.04.2019 · № 157