# Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык экспертиза жана колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү тартиби жөнүндө нускама (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-октябрындагы № 726 токтомуна)

- Толук аталышы: Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык экспертиза жана колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү тартиби жөнүндө нускама (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-октябрындагы № 726 токтомуна)
- Актынын түрү: Инструкция
- Номери: 726
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2026
- Редакциянын күнү: 28.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230053035>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230053035/edition/61104/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230053035.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык экспертиза жана колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү тартиби жөнүндө нускама (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-октябрындагы № 726 токтомуна) (28.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230053035

---

Тиркеме | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-октябрындагы № 726токтомуна) |

Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык экспертиза жана колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү тартиби жөнүндө нускама

## 1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Нускама адистештирилген экспертиза түрлөрүн жүргүзүүнүн максаттарын, милдеттерин, принциптерин жана тартибин аныктайт, атап айтканда:

1) ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык экспертизаны;

2) колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга (мындан ары – колдонуудагы ЧУА) коррупцияга каршы экспертизаны.

2. Адистештирилген экспертиза түрлөрүнүн максаттары болуп укуктук жөнгө салуунун сапатын камсыз кылуу, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кабыл алуунун, колдонуудагы ЧУАны колдонуунун терс укуктук, социалдык, экономикалык жана башка кесепеттерин алдын алуу, ошондой эле адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо саналат.

3. Экспертиза жүргүзүү төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

1) ыкчамдуулук – экспертиза өз убагында жана оптималдуу мөөнөттөрдө жүргүзүлүүгө тийиш;

2) толуктугу жана коюлган маселелерге ылайык келүүсү – экспертиза бардык коюлган маселелерге жоопторду камтууга жана бул алкактардан чыкпоого тийиш;

3) тыянактардын далилдүүлүгү жана негиздүүлүгү – экспертиза экспертизада камтылган бардык тыянактардын далилдүү негиздемесин камтууга тийиш;

4) эксперттин көз карандысыздыгы – эксперт талдоону аткарууда үчүнчү жактардын таасирине кабылбоого тийиш;

5) укук ченемдүүлүк – экспертиза белгиленген эрежелерди жана жол-жоболорду бузбастан, мыйзамдуу негизде жүргүзүлүүгө тийиш;

6) эксперттин жоопкерчилиги – эксперт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана негизде жүргүзүлгөн экспертиза жана анын тыянактары үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

4. Ушул Нускамада каралган экспертизалардын түрлөрү ченемдик укуктук актынын долбоорунун же колдонуудагы ЧУАнын укуктук жөнгө салуу предметин эске алуу менен өз алдынча да, комплекстүү да жүргүзүлүшү мүмкүн.

5. Бир экспертизанын натыйжалары, эгерде аларды жүргүзүү зарылдыгы ченемдик укуктук актынын долбоорунун мазмунунан же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынан келип чыкса, экспертизанын башка түрлөрүн жүргүзүүнү жокко чыгарбайт жана алмаштырбайт.

6. Экспертизанын ар бир түрүн, анын ичинде укуктук, коррупцияга каршы, укук коргоочулук, гендердик жана экологиялык экспертизаны жүргүзүү өзгөчөлүктөрү ушул Нускаманын тиешелүү главаларында аныкталат.

7. Адистештирилген экспертиза түрлөрү төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:

1) алардын компетенциясынын чегинде юстиция жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар;

2) алардын компетенциясынын чегинде прокуратура органдары;

3) көз карандысыз эксперттер, анын ичинде белгиленген тартипте аккредиттелген эксперттер.

8. Адистештирилген экспертиза түрлөрүн жүргүзгөн эксперт төмөнкүдөй болууга тийиш:

1) жогорку юридикалык билимге же тиешелүү чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүнү камсыз кылган башка профилдик даярдыкка, ошондой эле тиешелүү чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талдоо жүргүзүү тажрыйбасына ээ болууга;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген тиешелүү чөйрөдөгү эл аралык стандарттарды жана эл аралык келишимдерди билүүгө;

3) ушул Нускаманын 3-пунктунда каралган принциптерди, анын ичинде көз карандысыздык, объективдүүлүк, калыстык жана кесиптик этика принциптерин сактоого.

9. Экспертиза жүргүзгөн адамдар экспертиза жүргүзүлүүгө тийиш болгон ченемдик укуктук актынын долбооруна же колдонуудагы ЧУАга карата кызыкчылыктардын кагылышуусунда болбоого, ошондой эле экспертизаны жүргүзүүнүн объективдүүлүгүнө, көз карандысыздыгына жана калыстыгына таасир этүүгө жөндөмдүү жеке, мүлктүк, кесиптик же башка кызыкчылыкка ээ болбоого тийиш. Кызыкчылыктардын кагылышуусунун же экспертизанын натыйжаларына таасир этүүгө жөндөмдүү башка кызыкчылыктын болушун күбөлөндүргөн жагдайлар аныкталган учурда эксперт аны жүргүзүүгө катышуудан четтетилүүгө тийиш.

10. Мамлекеттик орган – иштеп чыгуучу ченемдик укуктук актынын долбооруна укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык экспертизанын натыйжалары боюнча даярдалган корутундуларды, алар ченем жаратуучу органга (кызмат адамына) кароого киргизилгенге чейин кароого милдеттүү. Адистештирилген экспертиза түрлөрүнүн тыянактарына макул болбогон учурда мамлекеттик орган – иштеп чыгуучу сунуштамаларды четке кагуунун себептеринин жүйөлүү негиздемесин долбоордун негиздеме-маалымкатында же жыйынды таблицада чагылдырууга милдеттүү.

11. Колдонуудагы ЧУАга коррупцияга каршы экспертизанын натыйжалары боюнча прокуратура органдары Кыргыз Республикасынын прокуратура жана коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте прокурордук чараларды көрөт. Прокурордун сунуштарын кароо Кыргыз Республикасынын прокуратура жөнүндө мыйзамдарында каралган мөөнөттөрдө жана тартипте жүзөгө ашырылат.

## 2-глава. Укуктук экспертиза

12. Укуктук экспертиза жүргүзүүнүн максаттары ченемдик укуктук актынын долбоорунда камтылган ченемдердин анын максаттарына жана милдеттерине, укуктук жөнгө салуунун предметине, аны кабыл алган ченем жаратуучу органдын (кызмат адамынын) компетенциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдар системасына жана ченем жаратуу техникасынын талаптарына ылайык келүүсүн аныктоо, ошондой эле анын сапатын, негиздүүлүгүн жана мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын коргоону жана укук колдонуунун натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн потенциалдуу тобокелдиктерди баалоо болуп саналат.

13. Ченемдик укуктук актынын долбооруна укуктук экспертиза жүргүзүүнүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ченемдик укуктук акт катары долбоордун формасын, анын максаттарын жана милдеттерин, укуктук жөнгө салуу предметин, анда камтылган ченемдердин төмөнкүлөргө ылайык келүүсүн баалоо:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясына, укуктук системасына, мыйзамдарына жана ага салыштырмалуу кыйла жогорку юридикалык күчкө ээ башка ченемдик укуктук актыларына;

– эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге;

2) ушул ченемдик укуктук актынын долбоорун кабыл алуу үчүн ченем жаратуучу органдын (кызмат адамынын) компетенциясын белгилөө;

3) ченемдик укуктук актынын долбоорунун ченем жаратуу техникасынын талаптарына жана укук ченеминин логикалык түзүмүнө ылайык келүүсүн баалоо (карама-каршылыктарды, кайталануучу ченемдерди, укуктагы боштуктарды, так эместиктерди жана логикасыз жоболорду табуу);

4) ченемдик укуктук актынын долбоорунун зарылдыгын жана негиздүүлүгүн баалоо (жаңы акт же өзгөртүүлөр чынында эле керектигин, ал кандай коомдук мамилелерге таасир этерин аныктоо);

5) тобокелдиктердин алдын алуу (укуктук система, адамдын укуктары жана эркиндиктери үчүн потенциалдуу терс кесепеттерди аныктоо).

14. Ченемдик укуктук актынын долбоорунун укуктук экспертизасы төмөнкүдөй этаптардан турат:

1) даярдоо этабы;

2) укуктук талдоо;

3) ченем жаратуу техникасынын эрежелерине ылайык келүүсүн талдоо;

4) эксперттик корутундуну даярдоо жана тариздөө.

15. Ченемдик укуктук актынын долбоорунун укуктук экспертизасынын даярдоо этабы төмөнкүлөрдөн турат:

1) долбоорго тиркелген зарыл документтердин топтомунун толуктугун баштапкы уюштуруучулук текшерүү;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тармактарынын жалпы укуктук классификаторуна ылайык долбоордун укуктук системасындагы жөнгө салуу предметин жана ордун аныктоо;

3) долбоордун ченемдик мүнөзүн төмөнкүдөй белгилер боюнча (жок дегенде бир «жок» жообу болсо, долбоордун ченемдик эместигин күбөлөндүрөт) 1-таблицага ылайык аныктоо:

1-таблица

| № | Долбоордун ченемдик мүнөзүнүн белгилери | Ооба/жок |
| --- | --- | --- |
| 1 | Жалпы милдеттүүлүк: адамдардын аныкталбаган чөйрөсү үчүн милдеттүү укуктук ченемдердин болушу |  |
| 2 | Бир нече жолу колдонуу:бир нече жолу колдонууга эсептелген укуктук ченемдердин болушу |  |
| 3 | Расмий: ыйгарым укуктуу ченем жаратуучу орган тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынат |  |
| 4 | Ченемдүүлүк: коомдук мамилелерди жаңы жөнгө салууга, ченемдик укуктук актыны күчүн жоготту деп таануу жана жокко чыгаруу жолу менен өзгөртүүгө, токтотуп турууга, токтотууга багытталган жеке көрсөтмөлөрдү эмес, жүрүм-турумдун жалпы эрежелерин камтыйт |  |
| 5 | Системдүүлүк: укуктун жалпы системасына кошулат |  |

4) долбоорду кабыл алуу үчүн ченем чыгаруучу органдын (кызмат адамынын) компетенциясын белгилөө;

5) актынын формасын тандоонун негиздүүлүгүн жана анын долбоордун мазмунуна шайкештигин аныктоо;

6) долбоорду коомдук талкуулоого карата талаптардын аткарылышын изилдөө (коомдук талкуулоонун катышуучуларынан долбоорду иштеп чыгуучуларга келип түшкөн сунуштарды кабыл алуунун, кароонун жана жалпылоонун натыйжаларын).

16. Ченемдик укуктук актынын долбоорун укуктук экспертизалоону укуктук талдоо долбоордун максаттарын жана милдеттерин, укуктук жөнгө салуу предметин, анда камтылган ченемдердин төмөнкүлөргө ылайык келүүсүнө баа берүүдөн турат:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, укуктук системасына, мыйзамдарына жана ага салыштырмалуу кыйла жогору юридикалык күчкө ээ болгон башка ченемдик укуктук актыларына;

2) эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге.

17. Ченемдик укуктук актынын долбоорунун ченем жаратуу техникасынын эрежелерине шайкештигин талдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 «Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V «Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын талаптарына ылайык жүргүзүлөт жана төмөнкүлөрдөн турат:

1) ченемдик укуктук актынын тандалган түрүнүн негиздүүлүгүн жана долбоордун аталышынын анын мазмунуна шайкештигин аныктоо;

2) төмөнкүлөргө карата талаптардын сакталышын текшерүү:

– долбоорду жана долбоорго тиркелүүчү зарыл документтердин топтомун даярдоого, макулдашууга;

– долбоорду жана анда камтылган ченемдик укуктук актыларга шилтемелерди түзүмдүк жана техникалык тариздөөгө, айрым аталыштарды, сөздөрдү жана сөз айкаштарын жазуу эрежелерине;

– өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, күчүн жоготту деп таануу, колдонууну токтотуу тартибине;

– долбоорго тиркелүүчү коштоочу документтерди тариздөөгө;

3) долбоордун тилине, укуктук ченемдерди баяндоо эрежелерине жана ыкмаларына тиешелүү талаптардын аткарылышына талдоо жүргүзүү;

4) атайылап иштебеген, декларативдүү жоболорду, ошондой эле долбоордун бири-бирине карама-каршы келген жоболорун аныктоо;

5) шилтеме берилген жоболордун негиздүүлүгүнө жана зарылдыгына талдоо жүргүзүү;

6) тексттин түшүнүктүүлүгүнө, аныктыгына, терминдердин түшүнүү үчүн жеткиликтүүлүгүнө баа берүү.

18. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жүргүзүлгөн укуктук экспертизанын натыйжалары боюнча эксперт ушул Нускаманын 7-главасынын талаптарына ылайык ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча эксперттик корутундуну даярдайт.

## 3-глава. Укук коргоо экспертизасы

19. Укук коргоо экспертизасынын максаты ченемдик укуктук актынын долбоорунун Кыргыз Республикасы үчүн колдонуудагы адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттарга ылайык келүүсүн баалоо болуп саналат.

20. Ченемдик укуктук актынын долбооруна укук коргоо экспертизасынын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) долбоордун Кыргыз Республикасы үчүн колдонуудагы адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндөгү долбоорго тиешеси бар эл аралык стандарттарга шайкештигин баалоо;

2) ушул долбоор менен берилген ыйгарым укуктардын иштеп жаткан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенцияларына шайкештигин баалоо;

3) долбоорго тиешеси бар адамдын укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу жана коргоо жол-жоболорунун натыйжалуулугун баалоо;

4) долбоорго тиешеси бар адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү стандарттардын аракетине тоскоолдук кылуучу басмырлоочу ченемдерди, мыйзамдык кенемтелерди, карама-каршылыктарды аныктоо;

5) долбоордо каралган адамдын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөлөрдүн жол берилишинин мыйзамдуулугун баалоо;

6) адамдын укуктарын жана эркиндиктерин мүмкүн болуучу бузууларды болжолдоо.

21. Укук коргоо экспертизасы Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине, ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.

22. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укук коргоо экспертизасын жүргүзгөн эксперттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттарды билген, ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укук коргоо талдоосун жүргүзүү көндүмдөрүнө, ошондой эле адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндөгү кесиптик тажрыйбага ээ болгон адамдар болууга тийиш.

23. Ченемдик укуктук актылардын долбооруна укук коргоо экспертизасын жүргүзүү төмөнкү этаптардан турат:

1) даярдоо этабы;

2) атайын укуктук талдоо;

3) укук коргоо талдоосу;

4) эксперттик корутундуну даярдоо жана тариздөө.

24. Ченемдик укуктук актынын долбооруна укук коргоочулук экспертизанын даярдоо этабы төмөнкүлөрдөн турат:

1) ушул Нускаманын 2 жана 3-тиркемелеринде келтирилген болжолдуу тизмектерди базалык текшерүү барактары катары пайдалануу менен долбоорго түз же кыйыр тиешеси бар адам укуктарын жана эркиндиктерин аныктоо. Көрсөтүлгөн тизмектер толук болуп саналбайт жана аталган эл аралык пакттардын жоболору менен экспертиза жүргүзүүнү чектебейт. Эксперт эл аралык укуктун жалпы таанылган башка принциптерин жана ченемдерин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди да эске алууга тийиш;

2) долбоордун адамдын укугуна жана эркиндигине түз же кыйыр тиешеси бар жоболору боюнча өткөрүлгөн коомдук талкуулоонун натыйжалары (коомдук талкуулоонун катышуучуларынан долбоорду иштеп чыгуучуларга түшкөн сунуштарды кабыл алуунун, кароонун жана жалпылоонун натыйжалары) жөнүндө маалыматты баалоо.

25. Ченемдик укуктук актынын долбооруна укук коргоочулук экспертизанын атайын-укуктук талдоосу төмөнкүлөрдү аныктоодон турат:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында (мындан ары – улуттук стандарт) жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринде, ченемдеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде (мындан ары – эл аралык стандарт) камтылган долбоорго тиешеси бар адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун стандартын;

2) улуттук стандартты эл аралык стандарт менен салыштырып талдоонун негизинде долбоорго тиешеси бар адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун Кыргыз Республикасы үчүн колдонуудагы стандартын (мындан ары – колдонуудагы стандарт).

Эскертүү. Эгерде улуттук стандарт Кыргыз Республикасына эл аралык стандартта каралгандан көбүрөөк кепилдиктерди берсе, анда улуттук стандарт колдонулат, ал эми азыраак болсо, эл аралык стандарт колдонулат.

2-таблица

| Мисал | Улуттук стандарт | Эл аралык стандарт |
| --- | --- | --- |
| «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору: «51. Жалпы билим берүү уюму төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын талаптарына ылайык билим алуучуларга акысыз жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнү камсыз кылууга;» | Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренеси: 1. Ар бир адам билим алууга укуктуу. 2. Негизги жалпы билим алуу милдеттүү. 3. Ар бир адам мамлекеттик билим берүү уюмдарында мектепке чейинки, жалпы негизги, жалпы орто жана баштапкы кесиптик билимди акысыз алууга укуктуу. «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (5-берененин 2-пункту): «Мамлекет төмөнкүлөр аркылуу жарандардын билим алууга болгон укуктарын ишке ашырууга, сактоого жана коргоого кепилдик берет: 2) жарандардын мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билимди бекер алуу, ошондой эле мамлекеттик билим берүү стандарттарынын чегинде кесиптик башталгыч билим алуу укугун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү;» | 1989-жылдагы Бала укуктары жөнүндө конвенция (28-берененин 1-пункту) (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 12-январындагы № 1402-XII токтому менен Кыргыз Республикасы кошулган: «...бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде бул укукту ишке ашырууга акырындык менен жетишүү максатында алар, атап айтканда: а) акысыз милдеттүү башталгыч билим берүүнү киргизет; б)жалпы да, кесиптик да билим берүү сыяктуу орто билим берүүнүн ар кандай түрлөрүн өнүктүрүүнү колдошот, анын бардык балдар үчүн мүмкүн болушун камсыз кылышат жана акысыз билим берүү жана зарыл учурда финансылык жардам көрсөтүү сыяктуу зарыл чараларды көрүшөт;...» |
| Тыянак: | Улуттук стандарт ар бир адамга акысыз башталгыч билимди гана эмес, мектепке чейинки, жалпы негизги жана орто билимди да кепилдейт, ошону менен эл аралык стандартта каралгандан көбүрөөк кепилдиктерди берет, ошондуктан улуттук стандарт колдонууда болот |  |

26. Ченемдик укуктук актынын долбооруна укук коргоочулук талдоо төмөнкүлөрдөн турат:

1) долбоордун Кыргыз Республикасы үчүн колдонулуп жаткан долбоорго тиешеси бар адам укуктарын менен эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндөгү стандартка шайкештигин баалоо;

2) долбоор менен берилген ыйгарым укуктардын иштеп жаткан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенцияларына шайкештигин баалоо;

3) долбоорго тиешеси бар адам укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу жана коргоо жол-жоболорунун натыйжалуулугун баалоо;

4) долбоорго тиешеси бар адам укуктарынын жана эркиндиктеринин бирдиктүү стандарттарынын аракетине тоскоолдук кылуучу басмырлоочу ченемдерди, мыйзамдык кенемтелерди, карама-каршылыктарды аныктоо;

5) долбоорго тиешеси ар бир адам укугу жана эркиндиги боюнча ушул Нускаманын 4-тиркемесиндеги суроолорду пайдалануу менен долбоордо каралган адам укуктарын жана эркиндиктерин чектөөлөрдүн жол берилишинин мыйзамдуулугун баалоо;

6) адам укуктарынын жана эркиндиктеринин мүмкүн болуучу бузулушун болжолдоо.

27. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жүргүзүлгөн укук коргоочулук экспертизанын натыйжалары боюнча эксперт ушул Нускаманын 7-главасынын талаптарына ылайык ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча эксперттик корутунду даярдайт.

## 4-глава. Гендердик экспертиза

28. Гендердик экспертиза гендердик теңчилик жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында жана алардын долбоорлорунда гендердик теңчиликтин бузулган фактыларын изилдөө жана аныктоо максатында жүргүзүлөт.

Гендердик экспертизанын максаттары, мындан тышкары иштелип жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунда гендердик теңчиликти бузуу фактыларына жол бербөө, адамдын жашоо-турмушунун саясий, социалдык, экономикалык, эмгектик, маданий жана башка чөйрөлөрүндө ар башка жыныстагы адамдарга бирдей укуктарды жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү принцибин сактоо, эркектер менен аялдарды жынысы боюнча басмырлоодон коргоо болуп саналат. Жыныстык таандыгына карабастан адамдардын укуктарын, милдеттерин, мүмкүнчүлүктөрүн жана жоопкерчилигин жөнгө салууда мүмкүн болгон тең салмаксыздыкты жоюу максатында адамдын жашоо-тиричилигинин бардык чөйрөлөрүндөгү мамилелерди регламенттештирүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору гендердик экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.

29. Ченемдик укуктук актынын долбооруна гендердик экспертиза жүргүзүү милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) долбоордун жоболорунун аялдар жана эркектер үчүн бирдей укуктар, милдеттер, жоопкерчилик, мүмкүнчүлүктөр, тең өнөктөштүк мамилелер жана теңчилик натыйжалар принциптерине шайкештигин баалоо;

2) долбоордун жынысынын белгиси боюнча түз же кыйыр басмырлоого алып келиши же болбосо аялдардын жана эркектердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн бирдей эмес шарттарды түзүшү мүмкүн болгон жоболорун аныктоо;

3) адам укуктарын жана гендердик теңчиликти сактоо көз карашынан алганда ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кабыл алуунун мүмкүн болуучу кесепеттерин, ошондой эле аларды практикада кепилдөө, коргоо жана камсыз кылуу механизмдерин талдоо жана баалоо;

4) бир жыныстын өкүлдөрү үчүн гендердик стереотиптерди, негизсиз чектөөлөрдү же артыкчылыктарды аныктоо;

5) гендердик теңчиликти камсыз кылуу көз карашынан алганда долбоорду ишке ашыруунун мүмкүн болгон оң жана терс кесепеттерин болжолдоо;

6) аялдар жана эркектер үчүн бирдей укуктарды жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу максатында долбоорду өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды даярдоо.

30. Гендердик экспертиза Конституцияга, «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, гендердик теңчилик маселелерин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.

31. Ченемдик укуктук актынын долбоорунун гендердик экспертизасы төмөнкү этаптардан турат:

1) даярдоо этабы;

2) атайын-укуктук талдоо;

3) гендердик талдоо;

4) корутундуну даярдоо жана тариздөө.

32. Ченемдик укуктук актынын долбоорунун гендердик экспертизасынын даярдоо этабы төмөнкүлөрдөн турат:

1) учурдагы кырдаал көз карашынан алганда долбоордун негиздүүлүгүн, улуттук стратегиянын жана гендердик саясаттын артыкчылыктарын баалоо;

2) долбоорду гендердик баалоонун зарылдыгын жана аны деталдаштыруу даражасын аныктоо.

33. Ченемдик укуктук актынын долбоорунун гендердик экспертизасынын атайын-укуктук талдоосу төмөнкүлөрдөн турат:

1) долбоордун жоболорунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына, жыныстык белгиси, мыйзам жана сот алдында баарынын теңчилиги, эркектердин жана аялдардын бирдей укуктары, эркиндиктери, мүмкүнчүлүктөрү боюнча басмырлоого жол бербөөнүн конституциялык принциптерине шайкештигин баалоо;

2) долбоордун жоболорунун эркектердин жана аялдардын укуктары жана эркиндиктери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына шайкештигин баалоо;

3) ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорунда аныкталган чөйрөдөгү ченемдик жөнгө салуунун абалын, гендердик теңчиликти сактоо менен тиешелүү коомдук мамилелерди жөнгө салуу үчүн көрсөтүлгөн долбоордун зарылдыгын жана толуктугун талдоо;

4) долбоордун жоболорунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле гендердик теңчилик чөйрөсүндөгү эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине шайкештигин баалоо.

34. Ченемдик укуктук актынын долбоорун гендердик талдоо төмөнкүлөрдөн турат:

1) долбоордун аялдардын жана эркектердин укуктарына жана эркиндиктерине түз же кыйыр түрдө тиешелүү жоболорун аныктоо;

2) долбоордун жоболорунун аялдар жана эркектер үчүн бирдей укуктар, милдеттер, жоопкерчилик, мүмкүнчүлүктөр, тең өнөктөштүк мамилелер жана теңчилик натыйжалар принциптерине шайкештигин баалоо. Ошол эле учурда саясий, экономикалык, эмгектик жана башка социалдык мамилелерде аялдардын жана эркектердин иш жүзүндө теңчилигине жетүүгө багытталган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык гендердик басмырлоо болуп саналбаган ченемдер жана атайын чаралар эске алынат;

3) долбоордун жоболорунун аялдардын жана эркектердин укуктук абалына мүмкүн болуучу оң же терс таасирин болжолдоо, атап айтканда:

– учурдагы гендердик ролдордон жана стереотиптерден улам аялдардын жана эркектердин укуктук абалына таасирин тийгизүүгө жөндөмсүз;

– көбүнчө бир жыныстын өкүлдөрү үчүн түз же кыйыр түрдө оң/терс кесепеттерди алып келүүчү;

– эки жыныстын өкүлдөрү үчүн түз же кыйыр түрдө оң/терс кесепеттерди алып келүүчү;

– жыныстык белгиси боюнча түз же кыйыр түрдө гендердик басмырлоого алып келүүгө жөндөмдүү;

– жыныстын бирине белгилүү бир артыкчылыктарды берген, бирок ошол эле учурда эл аралык милдеттенмелерге жана Кыргыз Республикасынын гендердик теңчиликти камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык басмырлоочу болуп эсептелбеген;

4) аялдардын жана эркектердин укуктарын жана эркиндиктерин регламенттеген долбоордун айрым жоболорун киргизүү, кеңейтүү, конкреттештирүү зарылдыгын аныктоо.

35. Гендердик экспертизаны жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча эксперт төмөнкүдөй тыянактардын бирин камтыган эксперттик корутундуну даярдайт:

1) ченемдик укуктук актынын долбоору эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктарды, милдеттерди, жоопкерчиликти, мүмкүнчүлүктөрдү, тең өнөктөштүк мамилелерин жана теңчилик натыйжаларын сактоо, гендердик басмырлоого жол бербөө принцибине толук шайкеш келет;

2) ченемдик укуктук актынын долбоору эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктарды, милдеттерди, жоопкерчиликти, мүмкүнчүлүктөрдү, тең өнөктөштүк мамилелерин жана теңчилик натыйжаларын сактоо, гендердик басмырлоого жол бербөө принцибине толук шайкеш келбейт жана толуктап иштеп чыгууну талап кылат;

3) ченемдик укуктук актынын долбоору эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктарды, милдеттерди, жоопкерчиликти, мүмкүнчүлүктөрдү, тең өнөктөштүк мамилелерин жана теңчилик натыйжаларын сактоо, гендердик басмырлоого жол бербөө принцибине шайкеш келбейт.

36. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жүргүзүлгөн гендердик экспертизанын натыйжалары боюнча эксперт ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча ушул Нускаманын 7-главасынын талаптарына ылайык эксперттик корутундуну даярдайт.

## 5-глава. Коррупцияга каршы экспертиза

37. Ушул глава ченемдик укуктук актыларга жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүнүн бирдиктүү методологиясын аныктайт.

38. Коррупцияга каршы экспертиза ЧУАнын жоболорун коррупциогендик факторлордун бар же жок экендигине системалык талдоо, алардын мүнөзүн жана таасир этүү даражасын баалоо, ошондой эле аларды четтетүүгө, минималдаштырууга же ченемдик чектөөгө багытталган негизделген сунуштамаларды иштеп чыгуу жолу менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунда жана колдонуудагы ЧУАда коррупциялык тобокелдиктердин пайда болушун жана жайылышын алдын алуу максатында жүргүзүлөт.

39. Коррупцияга каршы экспертизанын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) колдонуудагы ЧУАда коррупциогендик факторлорду камтыган же укук колдонуу процессинде алардын келип чыгышы үчүн шарттарды түзгөн жоболорду аныктоо;

2) колдонуудагы ЧУАны ишке ашырууда жана колдонууда келип чыгышы мүмкүн болуучу коррупциялык тобокелдиктерди болжолдоо жана келип чыккан коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, ошондой эле ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кароодо мындай тобокелдиктерди болжолдоо;

3) ачык органдар жана кызмат адамдары тарабынан кыянаттык менен пайдаланууга укуктук жөнгө салуунун аялуу даражасын баалоо; колдонуудагы ЧУАда жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунда каралган укуктук жөнгө салуунун коомдук органдар жана кызмат адамдары тарабынан кыянаттык менен пайдаланууга аялуу даражасын баалоо;

4) коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга же азайтууга, укук колдонуунун ачык-айкындуулугун жана алдын ала болжолдуулугун жогорулатууга багытталган колдонуудагы ЧУАнын жоболорун оңдоо боюнча шыктандыруучу сунуштамаларды иштеп чыгуу;

5) укуктук жөнгө салуунун тиешелүү чөйрөсүндө контролдоо, отчет берүү жана жоопкерчилик механизмдерин өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды түзүү.

40. Коррупцияга каршы экспертиза төмөнкү этаптардан турат:

1) даярдоо этабы;

2) атайын-укуктук талдоо;

3) коррупцияга каршы талдоо;

4) корутундуну даярдоо жана тариздөө.

41. Коррупцияга каршы экспертизанын даярдоо этабы укуктук жөнгө салуунун максаттарын, предметин жана потенциалдуу коррупциялык тобокелдиктерин жалпы түшүнүүнү калыптандырууга багытталган аракеттерди камтыйт.

Даярдоо этабынын алкагында эксперт төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү зарылдыгын, ошондой эле укуктук жөнгө салуунун мүнөзүн эске алуу менен аны деталдаштыруу деңгээлин жана даражасын, тиешеси бар субъекттердин алкагын жана мүмкүн болуучу коррупциялык тобокелдиктерди аныктоону;

2) колдонуудагы ЧУАнын жоболорунун жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын артыкчылыктарына, ошондой эле бул жааттагы программалык жана стратегиялык документтерге шайкештигин баалоону;

3) колдонуудагы ЧУАнын коррупциялык факторлордун келип чыгуусу жагынан потенциалдуу аялуу болгон колдонуудагы ЧУАнын жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун чөйрөлөрүн жана жоболорун алдын ала идентификациялоону.

42. Коррупцияга каршы экспертизанын атайын-укуктук талдоосу төмөнкүлөрдөн турат:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган колдонуудагы ЧУАнын жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун шайкештигин баалоо;

2) колдонуудагы ЧУАнын жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге шайкештигин баалоо.

43. колдонуудагы ЧУАнын же ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкештигин баалоодо прокуратура органдары же эксперт төмөнкүлөрдү талдайт:

1) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын компетенциясын жана ыйгарым укуктарын чектөө принциптеринин сакталышын;

2) кыянаттыктарды жана кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алууга багытталган коомдук органдар жана кызмат адамдары үчүн белгиленген тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн болушун жана жетиштүүлүгүн;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн коомдук органдардын жана кызмат адамдарынын жоопкерчилик принциптеринин жана механизмдеринин бекитилишин;

4) колдонуудагы ЧУАнын жоболорунун же ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачыктыгы, айкындуулугу жана отчеттуулугу принциптерине шайкештигин;

5) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун конституциялык кепилдиктеринин сакталышын, анын ичинде негизсиз жана өлчөмсүз административдик тоскоолдуктарды белгилөөгө жол берилбестигин.

44. колдонуудагы ЧУАнын же ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге шайкештигин баалоодо коррупциянын алдын алуунун, коомдук бийликтин ачык-айкындуулугунун жана отчеттуулугунун эл аралык стандарттарынын ишке ашырылышын колдонуудагы ЧУА камсыз кылууда же ченемдик укуктук актылардын долбоорлору камсыз кылат экендигин аныктайт жана төмөнкүлөрдү талдайт:

1) колдонуудагы ЧУАнын жоболорунун же ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерине шайкештигин;

2) колдонуудагы ЧУАда же ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунда коррупциялык тобокелдиктердин, кызыкчылыктардын кагылышуусунун, ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдалануунун жана чечимдерди ачык эмес кабыл алуунун алдын алууга багытталган ченемдердин болушун;

3) коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык укук ченемдерин имплементациялоо даражасын.

45. Коррупцияга каршы талдоо колдонуудагы ЧУАнын же ченемдик укуктук актылардын долбоорунун ар бир жобосун элемент боюнча талдоо жана анын коррупциялык тобокелдиктердин келип чыгышына же болушуна потенциалдуу таасирин баалоо жолу менен жүргүзүлөт.

Мындай талдоонун алкагында прокуратура органы же эксперт:

1) ушул главанын 46-пунктунда каралган коррупциогендик факторлорду аныктайт;

2) ченемдик укуктук актылардын долбоорунун жоболорун ишке ашыруунун натыйжасында келип чыгуучу укук колдонуунун мүмкүн болуучу тобокелдиктерин талдайт;

3) колдонуудагы ЧУАнын ишке ашыруунун укук колдонуу практикасын талдайт.

46. колдонуудагы ЧУАны жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коррупцияга каршы талдоо коррупциялык тобокелдиктердин, ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануунун же коррупциянын башка көрүнүштөрүнүн келип чыгышына шарттарды же мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн ченемдик укуктук актылардын жоболорун же укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды билдирген коррупциогендик факторлорду аныктоо максатында жүргүзүлөт.

Коррупциогендик факторлорго төмөнкүлөр кирет:

1) бланкеттик жана шилтемелик ченемдер – бул өз алдынча жүрүм-турум эрежесин белгилебеген ченемдик укуктук актылардын жоболору, бирок башка колдонуудагы ЧУАга же ошол эле актынын түзүмдүк элементтерине алардын так мазмунун, көлөмүн, чектерин же колдонуу шарттарын көрсөтпөстөн шилтеме берилет же өз билемдик менен чечмелөөгө жол берет;

2) ведомстволук ченем жаратуу боюнча ашыкча ыйгарым укуктар – органдарга же кызмат адамдарына мыйзам тарабынан так чектөөлөрсүз, критерийлерсиз жана контролсуз милдеттүү эрежелерди өз алдынча белгилөө укугун берүү;

3) кызмат адамдарынын дискрециялык ыйгарым укуктары – кызмат адамына объективдүү критерийлерсиз, жол-жоболорсуз жана негиздерсиз өз каалоосу боюнча чечим кабыл алууга мүмкүндүк берүүчү туюндурмалардын болушу;

4) «укуктуу» жана «мүмкүн» деген компетенциялардын формуласы – ыйгарым укуктарды милдеттендирбеген туюндурмалар аркылуу бекитүү, бул ченемди тандалма колдонууга жана бирдей эмес шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет;

5) ашыкча талаптар жана административдик тоскоолдуктар – жөнгө салуунун максатына жетүү үчүн зарыл болбогон ашыкча шарттарды, документтерди, мөөнөттөрдү же талаптарды белгилөө;

6) конкурстук же аукциондук жол-жоболордун жоктугу – ресурстарды, укуктарды же артыкчылыктарды ачык, айкын жана атаандаштык жол-жоболорсуз бөлүштүрүүнү жөнгө салуу;

7) кызмат адамдары үчүн атайын тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн жоктугу – кыянаттыктардын алдын алууга багытталган түз тыюу салууларды, чектөөлөрдү жана жүрүм-турум эрежелерин белгилебестен, органдардын же кызмат адамдарынын ишин жөнгө салуучу ченемдер;

8) укук бузуулардын жана жоопкерчиликтин белгиленген курамдарынын жоктугу – мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жана органдардын конкреттүү жоопкерчилиги жөнүндө ченемдерди жөнгө салууга киргизбөө;

9) административдик жол-жоболордун жоктугу – аракеттерди жасоо, чечимдерди кабыл алуу, мөөнөттөрдүн, этаптардын жана баш тартуу же жактыруу негиздеринин тартибинин жоктугу же толук эместиги;

10) чечимдерди шыктандырууга милдеттин жоктугу – коомдук органдардын жана кызмат адамдарынын чечимдерин негиздөөгө талаптардын жоктугу, бул контролду жана даттанууну кыйындатат;

11) маалыматка жетүү жол-жоболорунун жоктугу – жарандардын жана уюмдардын органдардын иши, чечимдери жана аларды кабыл алуунун негиздери жөнүндө маалыматка регламенттелбеген же чектелген жетүү мүмкүндүгү;

12) коомдук контролду кошо алганда, контролдоо механизмдеринин жоктугу – органдардын жана кызмат адамдарынын ишине тышкы, ички же коомдук контролдун каралбагандыгы;

13) кызыкчылыктардын кагылышуусу – кызмат адамынын жеке, мүлктүк же башка кызыкчылыктары чечим кабыл алууга таасир эткен кырдаалдардын алдын алуучу же жөнгө салуучу ченемдердин жоктугу;

14) чаралардын жана санкциялардын шайкеш келбестиги – укук бузуунун мүнөзүнө же укуктук жөнгө салуунун максатына шайкеш келбеген санкцияларды, чектөөлөрдү же талаптарды белгилөө;

15) санариптик дискреция – ачык-айкын алгоритмдерсиз, критерийлерсиз жана текшерүү мүмкүнчүлүгү жок маалыматтык системаларды жана автоматташтырылган чечимдерди колдонуу;

16) санариптик процесстерге кол менен кийлигишүүнү жөнгө салуунун жоктугу – электрондук системалардагы маалыматтарды жана чечимдерди оңдоонун белгиленбеген шарттары жана тартиби.

Көрсөтүлгөн коррупциогендик факторлордун мүмкүн болуучу көрүнүштөрүнүн мисалдары ушул Нускаманын 5-тиркемесинде келтирилген жана иллюстративдик мүнөзгө гана ээ.

47. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жүргүзүлгөн коррупцияга каршы экспертизанын жыйынтыктары боюнча эксперт ушул Нускаманын 7-главасынын талаптарына ылайык эксперттик корутунду даярдайт.

48. Колдонуудагы ЧУАга жүргүзүлгөн коррупцияга каршы экспертизанын жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдердин бири даярдалат:

1) аныкталган коррупциогендик факторлорду четтетүүнүн жана аларага байланышкан коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруунун төмөнкү ыкмаларынын бирин караган ченем жаратуучу органга сунуштамалар менен прокурордук чара көрүүнүн тиешелүү актысы кабыл алынат:

– колдонуудагы ЧУАга өзгөртүүлөрдү киргизүү;

– колдонуудагы ЧУАны же анын түзүмдүк элементин токтото туруу, жокко чыгаруу же күчүн жоготту деп таануу;

2) ченемдик укуктук актынын долбоору өз алдынча иштелип чыгат.

## 6-глава. Экологиялык экспертиза

49. Экологиялык экспертизанын максаттары болуп ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарына, экологиялык коопсуздук ченемдерине ылайык келүүсүн белгилөө, ошондой эле долбоор кабыл алынган учурда анын жоболорунун айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна тийгизүүчү мүмкүн болгон терс кесепеттерин аныктоо, алдын алуу, чектөө саналат.

50. Ченемдик укуктук актынын долбооруна экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн милдеттери төмөнкүлөр:

1) долбоордун Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык келишин баалоо;

2) долбоордун айлана-чөйрөгө, жаратылыш ресурстарына, экологиялык коопсуздукка жана калктын ден соолугуна терс таасирин тийгизе алуучу жоболорун аныктоо;

3) долбоорду кабыл алуунун жана ишке ашыруунун мүмкүн болуучу экологиялык, социалдык жана экономикалык кесепеттерин баалоо;

4) долбоордун жаратылыш ресурстарын сактоого, калыбына келтирүүгө жана сарамжалдуу пайдаланууга багытталган жоболорун аныктоо;

5) долбоорду ишке ашыруунун экологиялык тобокелдиктерин жана башка мүмкүн болуучу кесепеттерин болжолдоо;

6) экологиялык коопсуздукту, жаратылышты сарамжалдуу пайдаланууну жана туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында долбоорду өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды даярдоо.

51. Экологиялык экспертиза Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө», «Экологиялык экспертиза жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерине ылайык жүзөгө ашырылат.

52. Ченемдик укуктук актынын долбооруна экологиялык экспертиза төмөнкү этаптардан турат:

1) даярдоо этабы;

2) социалдык-экологиялык талдоо;

3) атайын-укуктук талдоо;

4) корутунду даярдоо жана тариздөө.

53. Даярдоо этабы төмөнкүлөрдөн турат:

1) долбоорду экологиялык баалоонун зарылдыгын жана аны деталдаштыруу даражасын аныктоо;

2) долбоордун жаратылышты пайдалануу, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, адамдын жана анын жашоо чөйрөсүнүн коопсуздугу, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин түз же кыйыр түрдө козгогон жоболорун аныктоо;

3) долбоор чечүүгө багытталган проблеманы жана бул маселени укуктук жөнгө салуунун зарылдыгын аныктоо;

4) долбоордун учурдагы кырдаалдын, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы улуттук стратегиянын жана саясаттын артыкчылыктарынын көз карашынан алганда негиздүүлүгүн баалоо.

54. Социалдык-экологиялык талдоо төмөнкүлөрдөн турат:

1) айлана-чөйрө, экологиялык коопсуздук, калктын ден соолугу үчүн түз же кыйыр түрдө терс кесепеттерге алып келүүчү долбоордун жоболорун аныктоо, анын ичинде түз же кыйыр түрдө төмөнкүлөргө алып келүүчү жоболорду:

– жаратылыш аймактарынын жана объекттеринин абалынын начарлашына;

– экосистемалардын өндүрүмдүүлүгүнүн жана экосистемалык функциялардын аткарылышынын (топурактын пайда болушу, сууну жөнгө салуу, климатты жөнгө салуу) төмөндөшүнө;

– жаратылышты пайдалануунун жана жаратылышты сактоонун салттуу практикасына терс таасирин тийгизүүгө;

– калк үчүн экологиялык тобокелдиктердин даражасынын жогорулашына;

2) долбоордун айлана-чөйрө, экологиялык коопсуздук, калктын ден соолугу үчүн түз же кыйыр түрдө оң өзгөрүүлөргө алып келүүчү жоболорун аныктоо, анын ичинде долбоордун төмөнкүдөй жоболорун:

– жаратылыш ресурстарын коргоо, кайра өндүрүү жана ишинин таасирине мониторинг жүргүзүү боюнча иш-чараларды караган;

– жарандык коомдун потенциалын жогорулатууга, коомдук катышууну активдештирүүгө жана калктын маалымдуулугун жогорулатууга түз же кыйыр түрдө алып келүүчү;

– айлана-чөйрөнү коргоону стимулдаштыруунун натыйжалуу финансылык инструменттерин түзүүчү;

– жаратылыш ресурстарынын табигый жол менен калыбына келүүсүнө тоскоол болгон аракеттерди же ишти чектөөгө түз же кыйыр түрдө багытталган;

3) иштелип жаткан ченемдик укуктук актылардын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында долбоордун өткөрүп жиберилген мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо;

4) айлана-чөйрөнү натыйжалуу коргоо жана экологиялык коопсуздукту жогорулатуу максатында айрым жоболорду киргизүү, кеңейтүү, конкреттештирүү зарылдыгын аныктоо.

55. Атайын-укуктук талдоо төмөнкүлөрдөн турат:

1) долбоордун жоболорунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишин баалоо;

2) Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында бекитилген жарандардын экологиялык укуктарын ишке ашырууга багытталган долбоордун жоболорун баалоо, атап айтканда:

– жарандардын жашоо жана ден соолук үчүн жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укугун;

– жарандардын жаратылышты пайдалануу жаатындагы аракеттерден улам ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтурууга болгон укугун;

– жарандардын айлана-чөйрөнүн абалы жөнүндө анык маалыматка болгон укугун;

– жарандардын коомдук экологиялык экспертиза жүргүзүү жөнүндө сунушту киргизүүгө жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалымат алууга болгон укугун;

3) долбоордун жоболорунун Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына шайкештигин баалоо;

4) долбоордун Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдар системасындагы потенциалдуу ордун аныктоо;

5) шилтеме жоболорун алардын болушу жана зарылдыгы предметине талдоо;

6) долбоордун жоболорун Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүктүрүү жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине ылайык келишин баалоо.

56. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жүргүзүлгөн экологиялык экспертизанын жыйынтыктары боюнча эксперт ушул Нускаманын 7-главасынын талаптарына ылайык ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча эксперттик корутунду даярдайт.

## 7-глава. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна эксперттик корутундуну даярдоо жана тариздөө

57. Бир же бир нече экспертизанын түрлөрүн жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча ушул Нускаманын 1-тиркемесинде белгиленген типтүү формага ылайык таризделүүчү эксперттик корутунду түзүлөт.

58. Эксперттик корутунду логикалык жактан түзүмдөштүрүлгөн, негизделген жана жүргүзүлгөн экспертизанын предметинин көз карашынан алганда ченемдик укуктук актынын долбоорунун сапатын баалоого мүмкүндүк берген тыянактарды камтууга тийиш.

59. Эксперттик корутунду төмөнкүдөй негизги бөлүктөрдү камтыйт:

1) корутунду жана ченемдик укуктук актынын долбооруна тиркелүүчү документтердин тизмеги жиберилүүчү орган жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн жалпы бөлүктү;

2) адистештирилген экспертизанын түрүнүн, ошондой эле атайын-укуктук талдоонун натыйжалары камтылган атайын бөлүктү;

3) эксперттин аныкталган кемчиликтердин, тобокелдиктердин же бузуулардын бар же жок экендиги жөнүндө тыянактары туюндурулган, ошондой эле аларды четтетүүгө, оңдоого же минималдаштырууга багытталган эскертүүлөр жана жүйөлөштүрүлгөн сунуштамалар баяндалган резолюциялык бөлүктү.

60. Жүргүзүлгөн адистештирилген экспертизанын жыйынтыгы боюнча эксперт эксперттик корутунду даярдайт, анда төмөнкүдөй тыянактардын бирин чыгарат:

1) долбоорго оң корутунду чыгарылат;

2) долбоорго терс корутунду чыгарылат.

Терс корутунду Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге олуттуу карама-каршылыктар, коррупциогендик факторлор, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин, гендердик теңчилик принциптерин бузуу, экологиялык тобокелдиктер же долбоорду сунушталган редакцияда кабыл алууну сунуштоого мүмкүндүк бербеген башка кемчиликтер аныкталган учурда чыгарылат;

3) долбоор корутундунун атайын бөлүгүндө чагылдырылган эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен жеткире иштеп чыгууну талап кылат.

Долбоорду жеткире иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө корутунду анын концепциясын жана укуктук жөнгө салуу максаттарын өзгөртпөстөн, долбоорго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу менен жоюлушу мүмкүн болгон эскертүүлөр жана кемчиликтер аныкталган учурда чыгарылат.

61. Эксперттик корутундуда камтылган тыянактар жана сунуштамалар долбоордун өзгөртүүгө, тактоого же алып салууга тийиш болгон жоболорун көрсөтүү менен конкреттүү, негиздүү жана аныкталган көйгөйлөргө ылайык келүүгө тийиш.

62. Көз карандысыз эксперттер тарабынан даярдалган эксперттик корутундуга экспертиза жүргүзгөн эксперттер кол коюуга тийиш.
