Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык экспертиза жүргүзүү маселелери жөнүндө» токтому
Күчүнө кире элек
Реестрде документтин статусу: «Не вступил в силу», ал али күчүнө кире элек. Колдонуудан мурун күчүнө кирүү күнүн текшериңиз. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-10-28.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-октябры № 726
Укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык экспертиза жүргүзүү маселелери жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык экспертиза жана колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү тартиби жөнүндө нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
– 6-пункттун 6-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 319 «Кыргыз Республикасынын мыйзамдан келип чыгуучу актыларын укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, антикоррупциялык экспертизадан өткөрүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 96 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 319 «Кыргыз Республикасынын мыйзамдан келип чыгуучу актыларын укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, антикоррупциялык экспертизадан өткөрүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Нускаманы колдонуу боюнча методикалык сунуштамаларды Нускаманын практикада бирдей түрдө жана туура колдонулушун камсыз кылуу максатында аларда экспертизаларды жүргүзүү тартибин, анын жоболорун практикалык колдонуу боюнча түшүндүрмөлөрдү, натыйжаларды тариздөөгө карата талаптарды жана эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүүдө типтүү каталарды кароо менен иштеп чыксын, ошондой эле аталган экспертизаларды жүргүзүүгө катышкан кызматкерлерди окутууну уюштурсун.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · ага шилтеме бергендер: 1 · байланышкандар: 0
Документке шилтеме берген актылар (1)
- Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык экспертиза жана колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга…Инструкция · 28.10.2026 · № 726 · Күчүнө кире элек
Документ шилтеме берген актылар (6)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 319 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдан келип чыгуучу актыларын укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, антикоррупциялык…Постановление · 08.12.2010 · № 319
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 13.02.2026 · № 14
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 96 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 319 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдан келип чыгуучу актыларын…Постановление · 20.02.2020 · № 96