# Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-октябрындагы№ 732 токтомуна 2-тиркеме)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-октябрындагы№ 732 токтомуна 2-тиркеме)
- Актынын түрү: Приложение
- Номери: 732
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2026
- Редакциянын күнү: 29.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052996>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230052996/edition/61003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052996.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-октябрындагы№ 732 токтомуна 2-тиркеме) (29.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052996

---

|  |  | 2-тиркеме |
| --- | --- | --- |
|  |  | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-октябрындагы № 732 токтомуна) |

Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо

## 1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө», «Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.

2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында чыгарылган мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарга колдонулбайт.

3. Ушул Жобо Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин (мындан ары – Бирдиктүү мамлекеттик реестр) жүргүзүү тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасында эмиссияланган баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруу тартибин белгилейт.

4. Баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номери ыйгарылган учурдан тартып баалуу кагаздарды чыгаруу Бирдиктүү мамлекеттик реестрде катталды жана киргизилди деп эсептелет.

5. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизбестен баалуу кагаздарды чыгарууга жол берилбейт.

6. Эмитенттер Бирдиктүү мамлекеттик реестрге өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин гана уставдык капиталдын өлчөмүн, бир баалуу кагаздын номиналдык наркын жана баалуу кагаздардын санын өзгөртүүгө укуктуу.

7. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды каттоодо баалуу кагаздардын бардык чыгарылышына мамлекеттик каттоо номери ыйгарылат.

8. Баалуу кагаздардын ар бир чыгарылышына өзүнчө мамлекеттик каттоо номери ыйгарылат.

9. Баалуу кагаздарды чыгарылышына ыйгарылган мамлекеттик каттоо номери баалуу кагаздардын ээлеринин реестринде, ошондой эле баалуу кагаздардын ээлеринин реестринен көчүрмөдө көрсөтүлүүгө тийиш.

10. Мамлекеттик каттоо номеринин долбоору баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппараты менен макулдашылгандан кийин гана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын региондук бөлүмдөрү тиешелүү региондордо катталган эмитенттердин баалуу кагаздарынын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин ыйгарат.

## 2-глава. Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү тартиби

11. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзөт жана сактайт.

12. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган баалуу кагаздардын бардык чыгарылыштары Бирдиктүү мамлекеттик реестрге милдеттүү киргизилет.

13. Бирдиктүү мамлекеттик реестр баалуу кагаздардын реестринен жана баалуу кагаздардын ачык сунуштарынын реестринен турат.

14. Баалуу кагаздардын реестринде Кыргыз Республикасынын аймагында эмитенттер тарабынан чыгарылган бардык баалуу кагаздар жөнүндө маалымат, анын ичинде жекече сунуш (баалуу кагаздардын жеке эмиссиясы) аркылуу жайгаштырылган баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө маалымат камтылат.

Баалуу кагаздардын реестринде Кыргыз Республикасынын эмитент-резиденттери тарабынан Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарылган эл аралык облигациялар, ошондой эле алар чыгарылган жана жайгаштырылган жерге карабастан базалык активи Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин баалуу кагаздары болуп саналган глобалдык депозитардык тил каттар жөнүндө маалымат камтылат.

15. Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү маалыматтардын электрондук базасын пайдалануу менен жүргүзүлөт. Ошол эле учурда документтерди кагаз жүзүндө түзүү мүмкүнчүлүгү да камсыз кылынууга тийиш.

16. Баалуу кагаздардын реестри төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:

1) эмитенттин толук аталышы;

2) эмитенттин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалыматтар;

3) эмитенттин уюштуруучулук-укуктук формасы;

4) эмитенттин юридикалык дареги;

5) баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоо номери;

6) эмитент тарабынан чыгарылган баалуу кагаздардын түрү;

7) баалуу кагаздардын ар бир түрү боюнча – алардын эмиссиясы, номиналдык наркы жана (же) жайгаштыруу баасы боюнча чыгарылган баалуу кагаздардын саны жөнүндө маалымат;

8) баалуу кагаздарды жайгаштыруу үчүн пайдаланылган сунуштун түрү (ачык же жекече);

9) баалуу кагаздарды жайгаштыруу башталган жана аяктаган дата;

10) эмиссияланган баалуу кагаздардын эмитентинин жоюлгандыгы жана (же) кайра уюштурулгандыгы жөнүндө маалыматтар.

17. Баалуу кагаздардын ачык сунуштарынын реестринде төменкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

1) эмитенттин толук аталышы;

2) эмитенттин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалыматтар;

3) эмитенттин уюштуруучулук-укуктук формасы;

4) эмитенттин юридикалык дареги;

5) ачык сунуш кылуу аркылуу эмитент тарабынан чыгарылган баалуу кагаздардын түрү;

6) баалуу кагаздардын ар бир түрү боюнча – алардын эмиссиясы, баалуу кагаздардын номиналдык наркы жана (же) бир баалуу кагазды жайгаштыруу баасы боюнча чыгарылган баалуу кагаздардын саны жөнүндө маалымат;

7) баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоо номери;

8) баалуу кагаздарды жайгаштыруу башталган жана аяктаган дата;

9) эмиссияланган баалуу кагаздардын эмитентинин жоюлгандыгы жана (же) кайра уюштурулгандыгы жөнүндө маалыматтар.

Компьютердеги жазууда башка зарыл болгон маалыматтар да камтылышы мүмкүн.

18. Глобалдык депозитардык тил каттардын базалык активи болуп саналган баалуу кагаздардын эмитенти Бирдиктүү мамлекеттик реестрге тиешелүү маалыматтарды киргизүү үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көрсөтүлгөн маалыматтарды алган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күндөн кечиктирбестен анын карамагындагы глобалдык депозитардык тил каттарды чыгаруу жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

Маалымат төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:

1) глобалдык депозитардык тил каттардын базалык активи болуп саналган баалуу кагаздардын эмитенти жана чыгарылышы жөнүндө маалыматтар;

2) глобалдык депозитардык тил каттардын эмитентинин акыркы бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтар;

3) жайгаштырылган глобалдык депозитардык тил каттардын саны, алардын эл аралык идентификациялык номери (ISIN) (болсо), ошондой эле глобалдык депозитардык тил каттардын санынын базалык баалуу кагаздардын санына болгон катышы жөнүндө маалыматтар;

4) глобалдык депозитардык тил каттарды чыгарган жана тейлеген депозитарий, банк-депозитарий жана (же) башка уюм, ошондой эле алар жайгаштырылган жана (же) жүгүртүлгөн фондулук биржа (соода аянтчасы) жөнүндө маалыматтар.

19. Эл аралык облигацияларды чыгарган эмитент аларды жайгаштыруу аяктаган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күндөн кечиктирбестен баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Бирдиктүү мамлекеттик реестрге тиешелүү маалыматтарды киргизүү үчүн жайгаштыруу анын аймагында жүргүзүлгөн мамлекеттин мыйзамдарына ылайык эл аралык облигацияларды чыгаруу жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

Эл аралык облигацияларды чыгаруу жөнүндө маалыматтар ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча берилет.

20. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге жаңы чыгаруулар жөнүндө жазууларды, ошондой эле баалуу кагаздардын чыгарылышын жокко чыгаруу, баалуу кагаздардын чыгарылышын кайра каттоо жөнүндө жазууларды киргизүү баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоосун, баалуу кагаздардын чыгарылышын жокко чыгарууну жана баалуу кагаздардын чыгарылышын кайра каттоону ырастаган документтердин негизинде жүргүзүлөт.

21. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге тиешелүү жазууларды киргизүү үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:

1) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмиссиялык баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо жөнүндө чечими;

2) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мурда катталган эмиссиялык баалуу кагаздардын чыгарылышына өзгөртүүлөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө чечими;

3) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмиссиялык баалуу кагаздардын чыгарылышын Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу жана чыгарылышка ыйгарылган мамлекеттик каттоо номерин жокко чыгаруу жөнүндө чечими;

4) эмиссиялык баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик каттоону же мурда катталган эмиссиялык баалуу кагаздардын чыгарылышына өзгөртүүлөрдү жараксыз деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;

5) эмиссиялык баалуу кагаздардын эмитентин жана (же) облигациялар боюнча камсыздоо берген адамдын банкрот деп таанылгандыгын ырастаган документтер;

6) глобалдык депозитардык тил каттардын базалык активи болуп саналган баалуу кагаздардын эмитенти тарабынан берилген глобалдык депозитардык тил каттардын чыгарылышы жөнүндө маалыматтар;

7) эл аралык облигациялардын эмитенти тарабынан берилген эл аралык облигациялардын чыгарылышы жөнүндө маалыматтар.

22. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге жазуу ушул Жобонун 21-пунктунда каралган жазууларды киргизүү үчүн негиздер пайда болгондон кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан киргизилет.

23. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын региондук бөлүмдөрү мамлекеттик каттоо номери ыйгарылган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратына берет.

24. Ар бир кызыкдар адам баалуу кагаздарды жеке сунуштаган эмитенттердин уюштуруучулары (акционерлери) жөнүндө маалыматты кошпогондо, Бирдиктүү мамлекеттик реестрде камтылган маалыматты алууга укуктуу.

Бирдиктүү мамлекеттик реестрде камтылган маалымат кызыкдар адамдын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилген жазуу жүзүндөгү же электрондук суроо-талабынын негизинде берилет.

## 3-глава. Мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруу тартиби

25. Мамлекеттик каттоо номерин түзүү үчүн араб цифралары жана латын алфавитинин тамгалары пайдаланылат.

26. Мамлекеттик каттоо номери үч бөлүктөн: өлкөнүн кодунан, базалык номерден жана контролдук цифрадан турат.

27. Өлкөнүн коду латын алфавитинин эки тамгасынан турат. Кыргыз Республикасы үчүн КG коду колдонулат.

28. Базалык номер тогуз позициядан турат, ал төмөнкүдөй цифра жана тамга символдорун камтыйт:

1) базалык номердин биринчи позициясы – 0 цифрасы;

2) базалык номердин экинчи позициясы баалуу кагаздын түрүн аныктайт, анда цифра же тамга төмөнкүлөрдү билдирет:

– 1 – жөнөкөй энчилүү акциялар;

– 2 – облигациялар;

– 3 – артыкчылыктуу акциялар;

– 4 – инвестициялык үлүштөр;

– 5 – турак жай сертификаттары;

– 6 – ипотекалык төлөө менен облигациялар;

– 7 – катышуунун ипотекалык сертификаттары;

– 8 – опциондор;

– 9 – фьючерстер;

– 10 – исламдык ижаралык сертификаттар (Сукук аль-Ижара);

– 11 – долбоордук каржылоонун исламдык сертификаттары (Сукук аль-Истисна);

– 12 – өнөктөштүктүн исламдык сертификаттары (Сукук аль-Мушарака);

– 13 – үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттары (Сукук аль-Мудараба);

– 14 – инвестициялык агенттиктин исламдык сертификаттары (Сукук аль-Уакала Би аль-Иститмар);

– 15 жана андан ары, Адан Zге чейинки тамга маанилерди кошкондо – баалуу кагаздардын башка түрлөрү үчүн резервделген;

3) базалык номердин үчүнчү жана төртүнчү позициялары баалуу кагаздардын чыгарылышынын катар номерин билдирет;

4) базалык номердин бешинчи, алтынчы, жетинчи жана сегизинчи позициялары ар бир эмитентке бекитилген, төрт тамгадан жана цифрадан турган, эмитенттин жеке коддук белгисин билдирет;

5) базалык номердин тогузунчу позициясы эмитент катталган региондун кодун билдирет. Региондордун коддору ушул Жобонун 2-тиркемесинин 1-таблицасында берилген.

29. Мамлекеттик каттоо номериндеги оң жактагы четтеги цифра ушул Жобонун 31-пунктуна ылайык эсептелүүчү контролдук цифра болуп саналат. Контролдук цифра мамлекеттик каттоо номеринин кол менен көчүрүлгөндүгүн тактоо, факс же башка ыкмалар менен берилгендигин текшерүү үчүн керек.

## 4-глава. Контролдук цифраны эсептөө тартиби

30. Мамлекеттик каттоо номеринин мурдагы позициялары толтурулгандан кийин мамлекеттик каттоо номеринин контролдук цифрасы эсептелет.

31. Контролдук цифра төмөнкүдөй тартипте эсептелет:

1) мамлекеттик каттоо номеринде камтылган тамгаларга ушул Жобонун 2-тиркемесинин 2-таблицасына ылайык тиешелүү сандык маани ыйгарылат;

2) оң жактагы четтеги цифрадан баштап так эмес позициядагы ар бир цифра 2ге көбөйтүлөт;

3) 2-этапта алынган цифралар кошулат;

4) контролдук цифра кемитилген суммадан көп же ага тең сандан алынган суммадан кемитүү аркылуу аныкталат жана он эселенген бардык сандын ичинен эң кичинеси болуп саналат.

Контролдук цифраны эсептөө мисалы Мамлекеттик каттоо номери контролдук цифрасы жок төмөнкүдөй түрдө болот: KG010109352. Ушул Жобонун 2-тиркемесинин 2-таблицасына ылайык KG тамгаларына 20 жана 16 сандык маанилери шайкеш келет. Тамгаларды сандык маанилерге алмаштыруунун натыйжасында цифралардын төмөнкүдөй катарын алабыз: 2016010109352. Оң четтеги так эмес позициядагы цифраларды 2ге көбөйтүү менен цифралардын төмөнкүдөй катарын алабыз: 4026010109654. Алынган цифралардын суммасы: 4 + 0 + 2 + 6 + 0 + 1 + 0 + 1 + 0 + 9 + 6 + 5 + 4 = 38ге барабар болот. 38ден чоң он эселенген сандын эң кичинеси 40 саны болуп саналат. Контролдук цифра: 40 – 38 = 2ге барабар болот. Ачыктык үчүн контролдук цифраны эсептөө схемасы төмөндө берилген:

– контролдук цифрасы жок баштапкы мамлекеттик каттоо номери: KG010109352;

– тамгаларды сандык маанилерге алмаштыргандан кийин цифралардын катары: 2016010109352;

– көбөйтүүчүлөрдүн катары: 2121212121212;

– так эмес позициядагы цифраларды 2ге көбөйткөндөн кийин цифралардын катары: 4026010109654;

– алынган цифралардын суммасы: 4 + 0 + 2 + 6 + 0 + 1 + 0 + 1 + 0 + 9 + 6 + 5 + 4 = 38;

– контролдук цифра: 40 – 38 = 2.

Мамлекеттик каттоо номери төмөнкүдөй түрдө болот: KG0101093522. Келтирилген мисалга жараша:

– 1 жана 2 символдору өлкөнүн – Кыргыз Республикасынын кодун билдирет;

– 4 символу баалуу кагаздын түрүн – жөнөкөй энчилүү акцияларды билдирет;

– 5 жана 6 символдору баалуу кагаздардын чыгарылышынын катар номерин – биринчи чыгарылышты билдирет;

– 7–10 символдору эмитенттин жеке кодун – 0935 билдирет;

– 11 символу эмитент катталган региондун – Чүй облусунун кодун билдирет;

– 12 символу контролдук цифраны – 2ни билдирет.

|  |  | 1-тиркеме |
| --- | --- | --- |
|  |  | Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруу тартиби жөнүндө жобого |

Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмитенти тарабынан эл аралык облигацияларды чыгаруу жөнүндө билдирүү формасы

Эл аралык облигацияларды чыгаруу жөнүндө маалыматтар

Көрсөтүүнүн мезгилдүүлүгү: эл аралык облигацияларды жайгаштырууну жүзөгө ашырууга жараша. Маалыматтарды берүүчү адамдардын чөйрөсү: Кыргыз Республикасынын эмитент – резиденти \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (Кыргыз Республикасынын эмитент – резидентитин аталышы)

| № | Көрсөткүчтүн аталышы | Сандык жана тамгалык маалыматтар |
| --- | --- | --- |
| 1 | Кыргыз Республикасынын эмитент – резидентинин толук аталышы, уюштуруучулук-укуктук формасын, мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтарды жана салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин көрсөтүү менен |  |
| 2 | Эмитенттин юридикалык дареги |  |
| 3 | Баалуу кагаздардын түрү |  |
| 4 | Кыргыз Республикасынын эмитент – резидентинин ыйгарым укуктуу органынын эл аралык облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган датасы |  |
| 5 | Эл аралык облигацияларды чыгарууну жүргүзгөн мыйзамдарга ылайык мамлекеттин (мамлекеттердин) аталышы |  |
| 6 | Эл аралык облигацияларды аймагында (аймактарында) жайгаштырылган мамлекеттин (мамлекеттердин) аталышы |  |
| 7 | Эл аралык облигацияларды чыгаруунун көлөмү |  |
| 8 | Эл аралык облигацияларды жайгаштыруунун башталган жана аяктаган датасы |  |
| 9 | Эл аралык облигациялардын жайгаштырылган саны |  |
| 10 | Эл аралык облигациялардын эмитентинин акыркы бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтар |  |

Кыргыз Республикасынын эмитент – резидентинин жетекчиси (кол коюуга ыйгарым укуктуу адам) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген маалыматтардын аныктыгын камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын эмитент – резидентинин жетекчисинин (кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдын) фамилиясы, аты жана атасынын аты (бар болсо).

Кол коюлган дата: 20\_\_\_\_\_ жылдын «\_\_\_\_» \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (колу)

|  |  | 2-тиркеме |
| --- | --- | --- |
|  |  | Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруу тартиби жөнүндө жобого |

1-таблица Региондордун коду

| Региондун аталышы | Региондун коду |
| --- | --- |
| Бишкек шаары | 1 |
| Чүй облусу | 2 |
| Ош облусу | 3 |
| Жалал-Абад облусу | 4 |
| Ысык-Көл облусу | 5 |
| Талас облусу | 6 |
| Нарын облусу | 7 |
| Баткен облусу | 8 |
| Ош шаары | 9 |

2-таблица

Латын алфавитинин тамгалары жана алардын сандык эквиваленттери

| А=10 | F=15 | К=20 | Р=25 | U=30 | Z=35 |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| В=11 | G=16 | L=21 | Q=26 | V=31 |  |
| С=12 | Н=17 | М=22 | R=27 | W=32 |  |
| D=13 | I=18 | N=23 | S=28 | X=33 |  |
| Е=14 | J=19 | О=24 | T=29 | Y=34 |  |
