# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-октябры № 732 "Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-октябры № 732 "Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 732
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2026
- Редакциянын күнү: 29.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052980>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58986/edition/60981/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052980.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-октябры № 732 "Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому (29.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052980

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 29-октябры № 732

Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө

«Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13, 461-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 410 «Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-январындагы № 45 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 410 «Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 166 «Ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 3-пункту;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 323 «Каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы, жүгүртүлүшү жана жоюлушу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 2-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 30-октябрындагы № 82 (3842) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
