Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары боюнча соттордун чечимдерин аткаруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-сентябры № 115
2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары боюнча соттордун чечимдерин аткаруу боюнча чаралар жөнүндө
А. С. Исмаиловдун кассациялык даттануусунун негизинде чыгарылган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2026-жылдын 12-августундагы № АД-1020/25абс административдик иш боюнча токтомун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 101-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 42/1 ««Адилет» саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер А. С. Исмаиловдун каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө» чечими жокко чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 263 «2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу тууралуу» токтому «Адилет» саясий партиясынан Насиралиев Эржан Алтымышовичтин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайлангандыгын таануу бөлүгүндө жокко чыгарылсын.
3. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары боюнча Исмаилов Арафат Сайдахматович «Адилет» саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайлангандыгы таанылсын.
4. Ушул токтомдун көчүрмөлөрү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жана Бишкек шаардык кеңешине жөнөтүлсүн.
5. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылсын.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
| Төрага | | Т. Шайназаров |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (3)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 26-ноябры № 263 "2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Бишкек шаардык кеңешинин…Постановление · 26.11.2024 · № 263