Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 206 «Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тизмегин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Күчүнө кире элек
Документ реестрде «Не вступил в силу» деп белгиленген: ал али күчүнө кире элек. Колдонуудан мурун күчүнө кирген күнүн текшериңиз. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-10-28.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-октябры № 727
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 206 «Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тизмегин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоону камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 7-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 206 «Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тизмегин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын тизмеги:
– төмөнкүдөй мазмундагы 193-пункт менен толукталсын:
«193. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы.»;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү эң башкы маалыматтардын тизмегинде:
5-пунктта:
– 10-пунктча «МКК» деген аббревиатурадан кийин «, МБК (курал-жаракка тиешелүү маалыматтар боюнча)» деген сөздөр менен толукталсын;
– 61, 64, 74-пунктчалар «МКК» деген аббревиатурадан кийин «, МБК» деген сөздөр менен толукталсын;
– 71-пунктчада «ФМ» деген аббревиатура «МБК» деген аббревиатурага алмаштырылсын;
– 75-пунктча «МЧК» деген аббревиатурадан кийин «, МБК» деген сөздөр менен толукталсын;
– кыскартуулардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«МБК – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 30-октябрындагы № 82 (3842) саны менен жарыяланды.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 206 "Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик…Постановление · 26.04.2024 · № 206
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндөЗакон · 15.12.2017 · № 210 (15)