# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-октябрындагы № 664 “Телекоммуникациялардын операторлорунун ишин лицензиялоо жана радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна тооруктарды өткөрүү маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-октябрындагы № 664 “Телекоммуникациялардын операторлорунун ишин лицензиялоо жана радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна тооруктарды өткөрүү маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 664
- Кабыл алынган күнү: 05.10.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052962>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58981/edition/60956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052962.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-октябрындагы № 664 “Телекоммуникациялардын операторлорунун ишин лицензиялоо жана радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна тооруктарды өткөрүү маселелери жөнүндө" токтому (05.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052962

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 5-октябры № 664

Телекоммуникациялардын операторлорунун ишин лицензиялоо жана радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна тооруктарды өткөрүү маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 181, 182-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Телекоммуникациялардын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Радио жыштык спектрин пайдалануу укугуна тооруктарды өткөрүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 9-тиркемесинде:

– 10-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:

– 27, 29-главалары күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 «Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-ноябрындагы № 601 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 «Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 64 «Банкроттук жана лицензиялык-уруксат берүү системасы жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 38 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн байланыш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 581 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 «Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө» токтомунун 3-пункту;

7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин лицензиялык-уруксат берүү иши чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун жүз жыйырма үчүнчү – жүз элүү алтынчы абзацтары.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
