Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Күчүнө кире элек
Документ реестрде «Не вступил в силу» деп белгиленген: ал али күчүнө кире элек. Колдонуудан мурун күчүнө кирген күнүн текшериңиз. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-10-22.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 2026-жылдын 22-октябры № 2026-П-12/53-3-(НПА) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:
1) 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
2) 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
3) 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
4) 2024-жылдын 28-февралындагы № 2024-П-12/8-3-(НПА) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу».
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Ушул токтомго карата тиркеменин 2027-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пунктун, 2-пунктунун 1-пунктчасынын сегизинчи-онунчу абзацтарын, 2-пунктунун 6-пунктчасын кошпогондо, токтом 2026-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет.
4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде аны менен «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, кепилдик фонддорду, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомун, «Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин жана кредиттик союздарды тааныштырсын.
5. Башкарманын катчылыгы бөлүмү ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
| Төрага | А. Бакетаев | |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 22-октябрындагы № 2026-П-12/53-3-(НПА) токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
1) 34-3-пунктунун бешинчи, алтынчы жана жетинчи абзацтары төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- 50001 сомдон 100000 сомго чейинки кредиттер үчүн же эгерде суралган кредиттин суммасын эске алуу менен ошол банктан акыркы 7 календардык күн ичинде обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу алынган кредиттер боюнча чогуу алгандагы карыз 50 001 сомдон 100 000 сомго чейинки сумманы түзсө - 4 саат;
- 100001 сомдон жогору кредиттер үчүн же суралган кредиттин суммасын эске алуу менен ошол банктан акыркы 7 календардык күн ичинде обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу алынган кредиттер боюнча чогуу алгандагы карыз 100 001 сом жана андан ашык сумманы түзсө - 12 саат.
Мында, банк суммасы же алар боюнча ушул банктагы жалпы карызы 7 күндө 100 001 сом жана андан ашык болгон кредиттерди сунуштоодо жогоруда көрсөтүлгөн токтотуп туруу мезгили ичинде обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредитти тариздөөгө кардардын ырастоосун алуу максатында, кардардын тобокелдик профилин эске алуу менен банктын антифрод-системалары боюнча ички саясатына ылайык контролдук чалуу жол-жобосун кошумча жүргүзүүгө тийиш.».
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
1) 10-1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«10-1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жободо жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар сакталган шартта, МФУ ички саясатына жана жол-жоболоруна ылайык обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу кредиттерди берүүгө укуктуу. Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилүүчү кредиттердин суммасы, буга чейин жеке катышуусу менен идентификациялоо жол-жобосунан өткөн кардарлар үчүн төмөнкү чектөөлөрдөн ашпоого тийиш:
- санариптик идентификациялоо системасынын эрежелерине ылайык идентификаторду пайдалануу менен түзүлгөн келишим боюнча 100 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалентте - микрофинансылык уюмдар үчүн);
- санарип кол тамгасы коюлган келишим боюнча 200 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалентте - микрофинансылык уюмдар үчүн);
- акча каражаттарын карыз алуучуга түздөн-түз берүү жокко чыгарылып (товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү ж.б. бөлүп төлөө шартында сатып алуу), акча каражаттары карыз алуучуга эмес, сатуучуга/сунуштоочуга жөнөтүлсө, санарип кол тамгасы коюлган келишим боюнча 250 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалент - микрофинансылык уюмдар үчүн). Мында, МФУ мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык жак же жеке ишкер болуп саналган сатуучу/сунуштоочу менен өнөктөштүк жөнүндө келишимдик мамилелерге ээ болууга тийиш.
Кредиттик келишимге санариптик идентификациялоо системасынын эрежелерине ылайык санарип кол тамга коюу менен же идентификаторду колдонуу менен обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредиттер үчүн төмөнкү минималдуу токтотуп туруу мезгили белгиленет, бул мезгил аралыгында МФУ карыз алуучуга акча каражаттарын которо албайт:
- 50001 сомдон 100000 сомго чейинки кредиттер үчүн же эгерде суралган кредиттин суммасын эске алуу менен ошол МФУдан акыркы 7 календардык күн ичинде обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу алынган кредиттер боюнча чогуу алгандагы карыз 50 001 сомдон 100 000 сомго чейинки сумманы түзсө - 4 саат;
- 100001 сомдон жогору кредиттер үчүн же суралган кредиттин суммасын эске алуу менен ошол МФУдан акыркы 7 календардык күн ичинде аралыктан тейлөө каналы аркылуу алынган кредиттер боюнча чогуу алгандагы карыз 100 001 сом жана андан ашык сумманы түзсө - 12 саат.
Мында МФУ 7 күндүн ичинде ушул МФУдагы суммасы же жалпы карызы 100 001 сомдон жана андан ашык болгон кредиттерди сунуштоодо жогоруда көрсөтүлгөн токтотуп туруу мезгили ичинде обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредитти тариздөөгө кардардын ырастоосун алуу максатында, контролдук чалуу жол-жобосун кошумча жүргүзүүгө тийиш. Эгерде мындай кредиттер боюнча акча каражаттарын карыз алуучуга түздөн-түз берүү жокко чыгарылып (товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү ж.б. бөлүп төлөө шартында сатып алуу), акча каражаттары түздөн-түз сатуучуга/сунуштоочуга которулса, обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилген кредиттерге карата токтотуп туруу мезгили колдонулбайт. Мында, МФУ мыйзамда белгиленген тартипте юридикалык жак же жеке ишкер болуп саналган сатуучу/сунуштоочу менен өнөктөштүк жөнүндө келишимдик мамилелерге ээ болууга тийиш.»;
2) 12-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«12. Кредиттик саясатта МФУлардын кызматкерлери кредиттерди сунуштоо, тариздөө, мониторинг жүргүзүү, классификациялоо жана кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча ишинде колдонууга милдеттүү болгон стратегия, критерийлер жана параметрлер аныкталат. Өзүнүн кызматкерлерин кредиттөө жана мониторинг жүргүзүү процессине тартылган карыз алуучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүнүн, проблемалуу кредиттер менен иш алып баруунун МФУда колдонулуп жаткан ыкмаларын эске алуу менен кредиттөө жана карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө иликтөөлөрдү жүргүзүү жана баа берүү, ошондой эле кредиттөөдөгү башка маселелерге мониторинг жүргүзүү, анын ичинде кардарлар менен байланышты жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын аткаруу, жоопкерчиликтүү кредиттөө принциптеринин сакталышы маселелери боюнча мезгил-мезгили менен окутуп туруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш. МФУда кредиттин өлчөмүнө жана түрүнө, кардардын ишине жана кирешесине жараша карыз алуучунун жана кепилдик берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана баа берүү методикасын аныктаган ички документ бекитилүүгө тийиш. Документте карыз алуучунун жана/же кепилдик берүүчүнүн финансылык абалына, МФУларда болгон бардык маалыматтарды эске алуу менен алардын милдеттенмелерин аткаруу жөндөмдүүлүгүнө баа берүүгө мүмкүндүк берген толук ченемдер камтылууга тийиш. Бул ички документте 100000 сомдон жогору кредиттер үчүн карыз алуучунун жана/же кепилдик берүүчүнүн кирешелери/төлөөгө жөндөмдүүлүгү жөнүндө маалыматты тастыктаган документтердин тизмеси көрсөтүлүүгө тийиш, мында карыз алуучунун жана/же кепилдик берүүчүнүн кирешелери/төлөөгө жөндөмдүүлүгү жөнүндө тастыктаган маалыматтар МФУнун карыз алуучуну кредиттөө боюнча чечим кабыл алуусу үчүн так жана жетиштүү болууга тийиш. 100000 сомго чейинки кредиттер үчүн МФУнун ички документтеринде карыз алуучунун жана/же кепилдик берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгү аныкталган жана кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алынган маалыматтар камтылуусу зарыл. Мындан тышкары, бул ички документте ушул Жобонун 12-1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттерди кошпогондо, кредиттин максаттуу пайдаланылышын текшерүү жөнүндө отчеттун формасы жана аны толтуруу боюнча талаптар аныкталууга тийиш. Отчет кредит берилген күндөн тартып 2 (эки) айдын ичинде таризделүүсү жана анда акча каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө тастыктоочу маалымат камтылуусу зарыл, мында алар боюнча товар али келе элек кредиттер эске алынбайт. Мындай кредиттер үчүн сунуштоочунун милдеттенмелеринин учурда аткарылуу статусун (план боюнча товардын жеткирилүү мөөнөтүн же товардын кечигүү себептерин) көрсөтүү менен, максаттуу пайдаланууну текшерүү жөнүндө аралык отчет даярдоо талап кылынат. Мында тастыктоочу документтердин тизмеги ошол ички документте аныкталат, ал эми карыз алуучунун кредитин максаттуу пайдалануу жөнүндө маалыматты тастыктаган документтердин өзү так жана жетиштүү болууга тийиш. МФУ кредит боюнча тобокелдиктерди эске алуу менен, эгерде кепилдик кредит боюнча кошумча камсыздоо болуп саналса, гаранттын же кепилдик берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө талдоо жүргүзбөй коюшу мүмкүн.»;
3) төмөнкү мазмундагы 12-1-пункту менен толукталсын:
«12-1. Кредиттин максаттуу пайдаланылышын текшерүү жөнүндө отчетту даярдоо төмөнкү кредиттер үчүн талап кылынбайт:
- 100 000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредиттер;
- акча каражаттарын МФУнун эсептешүү эсебинен сатуучунун/товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун эсебине накталай эмес формада чегерүү аркылуу керектөө максаттарына берилген банк иши жана каржылоо принциптери боюнча керектөө кредиттери жана каржылоо;
- акча каражаттарын МФУнун эсептешүү эсебинен сатуучунун/товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун эсебине накталай эмес формада чегерүү аркылуу 250 000 сомдон ашпаган өлчөмдө берилген, керектөө максаттарына байланышпаган кредиттер жана ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча каржылоо.»;
4) 13-1-пунктунун жыйырма биринчи жана жыйырма экинчи абзацтары төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Кредиттик рейтингге ылайык кредиттерди берүү чечими кредит берүү жөнүндө билдирме менен МФУга биринчи жолу кайрылган жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге (жаңы кардарларга) берилген кредиттер боюнча 200 000 сомго чейинки өлчөмдө, ал эми мурда ошол МФУдан кредит алган МФУ кардарларына (туруктуу кардарларга - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оң кредиттик тарыхы бар жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге) - 250 000 сомго чейинки өлчөмдө кабыл алынат. Андан ары жогоруда көрсөтүлгөн кредиттер боюнча мезгил-мезгили менен төлөм мониторингин, ошондой эле кредиттик милдеттенмелердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана эгер зарыл болсо, рейтингге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу максатында ыйгарылган кредиттик рейтингдерге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүп туруу зарыл.»;
5) 14-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«14. Ири кредиттерди, МФУнун байланыштуу жактарына/аффилирленген жактарына кредиттерди берүү МФУнун Байкоо органы тарабынан жактырылгандан кийин ишке ашырылат. Проблемалуу кредиттерди эсептен алып салуу МФУнун Байкоо органы тарабынан аныкталган тартипте ишке ашырылат.»;
6) 24-пунктунун 2-пунктчасынын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«2) кредит (лизинг) боюнча карызын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, анын ичинде обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу карызды кайсы убакта болбосун кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрсүз, айыптык санкцияларсыз жана башка төлөмдөрсүз мөөнөтүнөн мурда толугу менен же бөлүп-бөлүп төлөөгө.»;
7) 24-1-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
«- кардар ээси болуп саналган идентификацияланган электрондук капчыкка кредиттик каражаттарды алуу;
- товарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуучунун/сунуштоочунун эсебине накталай эмес формада которуу жолу менен кредиттик каражаттарды алуу.»;
8) 39-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«39. Кредиттерге мониторинг жүргүзүүдө, МФУ журналга жазууларды киргизүүнү кошо алганда, аны менен жүргүзүлгөн бардык иш-чараларды документтештирүүсү жана алардын эсебин жүргүзүүсү зарыл. МФУда маалыматтын сакталышын камсыз кылган коопсуздук системасы орнотулган шартта, журналды электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет.»;
9) 1-тиркемеде:
- 1-пунктунун 9-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«9) кардардын жубайынын/жолдошунун кредит алууга макулдугу (250 000 сомдон жогору суммадагы кредит боюнча жана учурда кредити болуп, кайталап кредит алса), ал эми кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларына кредит сунушталган шартта - кийин документтин түп нускасын сунуштоо менен жубайынын/жолдошунун макулдугун тастыктаган документ факсимиль, электрондук жана башка байланыш каналдары аркылуу алынат.»;
- 10-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«10. Документтер (келишимдер, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы, эсеп-фактуралар, коштомо кагаздар ж.б.) менен ырасталган кредиттин максаттуу пайдаланылышын текшерүү жөнүндө отчет, мында төмөнкү кредиттер эске алынбайт:
- 100 000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредиттерди;
- акча каражаттарын МФУнун эсептешүү эсебинен сатуучунун/товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун эсебине накталай эмес формада чегерүү аркылуу керектөө максаттарына берилген банк иши жана каржылоо принциптери боюнча керектөө кредиттери жана каржылоо;
- акча каражаттарын МФУнун эсептешүү эсебинен сатуучунун/товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун эсебине накталай эмес формада чегерүү аркылуу 250 000 сомдон ашпаган өлчөмдө берилген, керектөө максаттарына байланышпаган кредиттер жана ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча каржылоо.»;
- 12-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 19-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобонун:
1) 17-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«17. Байкоого алынган активдер катары депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын төмөнкү мүнөздүү белгилерге ээ активдери саналат:
1) активдин негизги суммасы жана/же пайыздары боюнча төлөмдөр 31 күндөн 60 күндү кошо алгандагы мөөнөткө кечиктирилсе;
2) кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүнүн жана материалдык абалынын начарлоо тенденциясы орун алган, бул негизги сумма жана/же пайыздар боюнча карыздын ордун жабуу милдеттенмесин өз убагында аткаруу жөндөмдүүлүгүнө таасир этиши мүмкүн;
3) негизги сумма жана пайыздар боюнча карызды кайтаруу милдеттенмелеринин аткарылышы камсыздоо катары толугу менен күрөө же гарантия (кепилдик) менен камсыздалган эмес;
4) күрөө ликвиддүүлүгүнүн күтүлүп жаткан төмөндөө тенденциясы (баанын төмөндөшү/нарксызданышы, товардык түрүн жоготот ж.б.);
5) карыз алуучу-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердин башка финансы-кредит уюмдарында кайсы болбосун башка кредит боюнча 30 күнгө чейинки мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо, мында төмөнкү кредиттер эске алынбайт:
а) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттер;
б) калдыгы 10 000 сомдон ашпаган башка финансы-кредит уюмдарындагы кредиттер;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди (активдерди) эске албаганда, карыз алуучунун-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердин жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын ошол банк эмес финансы-кредит уюму алдындагы негизги сумма жана/же пайыздар/үстөк баа боюнча төлөнбөгөн 60 (алтымыш) күнгө чейин кечиктирилген карызынын болушу, карыз алуучунун ушул банк эмес финансы-кредит уюму алдындагы кредитинин жана жогоруда көрсөтүлгөн жактардын кредиттеринин бир гана төлөө булагы болгон шартта. Ошол эле учурда, кредиттин ордун жабуунун бир эле булагы дегенден улам, ишкердик ишинен алынган кирешени кошо алганда, жогоруда аталган адамдардын кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алууда финансы-кредит уюму тарабынан эске алынган жыйынды кирешесин түшүнүүгө болот.
Эскертүү: ушул пункттун 5 жана 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн белгилер эмгек акы долбоорлорунун алкагындагы овердрафттарга таркатылбайт.»;
2) 20-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«20. Актив боюнча карыздын ордун толук жаба албай калуу тобокелдигин көрсөткөн белгилер пайда болгон депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын активдери субстандарттык активдер катары саналат, атап айтканда:
1) активдин негизги суммасы жана/же пайыздар боюнча төлөмдөр 61 күндөн 90 күндү кошо алгандагы мөөнөткө кечиктирилсе;
2) кардардын төлөмдөрү негизги сумма жана/же пайыздар боюнча пландаштырылган төлөмдөрдүн бир бөлүгүнүн гана ордун жабат;
3) кардардын төлөө жөндөмдүүлүгү жана материалдык абалы начарласа, бул анын карыздын ордун жабуу боюнча милдеттенмелерин өз убагында аткаруу мүмкүнчүлүгүнө таасир эткен;
4) күрөө наркынын төмөндөшү, анын сапатынын начарлашы күрөөнү сатууда кыйынчылык жаратат;
5) кардардын финансылык абалы жөнүндө ишенимдүү терс маалымат болсо;
6) карыз алуучу-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердин кайсы болбосун башка кредит (каржылоо) боюнча негизги сумма жана/же пайыздар/үстөк баа боюнча 30 күндөн ашуун мөөнөтү өткөн карыздын болушу, мында төмөнкү кредиттер эске алынбайт:
а) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттер;
б) калдыгы 10 000 сомдон ашпаган башка финансы-кредит уюмдарындагы кредиттер;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди эске албаганда, карыз алуучу-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердин жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын ошол банк эмес финансы-кредит уюму жана/же башка финансы-кредит уюмдары алдында кредит (каржылоо) боюнча негизги сумма жана/же пайыздар/үстөк баа боюнча 60 күндөн ашык мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызынын болушу, бардык жогоруда көрсөтүлгөн кредиттердин бир гана төлөө булагы болгон шартта. Ошол эле учурда, кредиттин ордун жабуунун бир эле булагы дегенден улам, ишкердик ишинен алынган кирешени кошо алганда, жогоруда аталган адамдардын кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алууда финансы-кредит уюму тарабынан эске алынган жыйынды кирешесин түшүнүүгө болот.
Эскертүү: ушул пункттун 6 жана 7-пунктчаларында көрсөтүлгөн белгилер эмгек акы долбоорлорунун алкагындагы овердрафттарга таркатылбайт.»;
3) 43-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«43. Төмөнкүдөй мүнөздүү белгилер байкалса, актив субстандарттык болуп эсептелинет:
1) пландык төлөмдөр боюнча 30 күндөн 90 күнгө чейин кечиктирилген карыз;
2) карызды төлөө үчүн жетишсиз акча агымдары;
3) карыз алуучу-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердин кайсы болбосун башка кредит (каржылоо) боюнча негизги сумма жана/же пайыздар боюнча 30 күндөн ашуун мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо, мында төмөнкү кредиттер эске алынбайт:
а) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттер;
б) калдыгы 10 000 сомдон ашпаган башка финансы-кредит уюмдарындагы кредиттер;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди эске албаганда, карыз алуучунун-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердин, анын жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын ошол банк эмес финансы-кредит уюму жана/же башка финансы-кредит уюмдары алдындагы кредит (каржылоо) боюнча негизги сумма жана/же пайыздар боюнча 60 күндөн ашуун мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо, мында, жогоруда көрсөтүлгөн кредиттердин бир гана төлөө булагы болгон шартта. Мында, кредиттин ордун жабуунун ошол эле бир булагы дегенден улам ишкердик ишинен алынган кирешени кошо алганда, жогоруда аталган адамдардын кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алууда финансы-кредит уюму тарабынан эске алынган жыйынды кирешесин түшүнүүгө болот;
5) күрөөнүн наркынын төмөндөшү, анын сапатынын начарлашы күрөөнү сатууда кыйынчылык жаратат.
Эскертүү: ушул пункттун 3 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн белгилер эмгек акы долбоорлорунун алкагындагы овердрафттарга таркатылбайт.»;
4) 71-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«БФКУ алар боюнча кардарга алдын ала билдирүүсүз, кайсыл убакта болбосун шартсыз кайтарып алуу/жокко чыгаруу укугуна ээ болгон баланстан тышкаркы милдеттенмелерди «нормалдуу» категориясына классификациялоого укуктуу.».
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 28-февралындагы № 2024-П-12/8-3-(НПА) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин»:
1) 14-пунктунун онунчу абзацы күчүн жоготкон деп таанылсын;
2) 26-пункту күчүн жоготкон деп таанылсын;
3) 3-тиркеменин 14-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
| «Уюмдун аталышы/Наименование организации | ККААЖЖЖЖ/ДДММГГГГ | ||||||
| 14-БӨЛҮК. ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕНЕМДЕРДИН, ЧЕКТӨӨЛӨРДҮН ЖАНА ТАЛАПТАРДЫН САКТАЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ/РАЗДЕЛ 14. СВЕДЕНИЯ О СОБЛЮДЕНИИ ЭКОНОМИЧЕСКИХ НОРМАТИВОВ, ОГРАНИЧЕНИЙ И ТРЕБОВАНИЙ | миң сом/тыс. сомов/% | ||||||
| Экономикалык ченемдердин аталышы/Наименование экономических нормативов | Белгилөө/Обозначение | Ченемди эсептөө/Расчет норматива | Ченемдин айкын мааниси/Фактическое значение норматива | Белгиленген ченем мааниси/Установленное значение норматива | Белгиленген ченемден четтөө/Отклонение от установленного норматива | ||
| Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү/Максимальный размер риска на одного заемщика | К1 | СГ | ашык эмес/не более | 10% | |||
| СК | |||||||
| Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми/Норматив минимального размера собственного капитала | К2.1 | СК | 0,0% | кеминде/не менее | 100% | ||
| УК | 700 000 | ||||||
| Жалпы ликвиддүүлүк ченеми/Норматив общей ликвидности | К3.1 | ЛА | кеминде/не менее | 45% | |||
| ОБ | |||||||
| Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеми/Норматив краткосрочной ликвидности | К3.2 | ВЛА | кеминде/не менее | 35% | |||
| КОБ | |||||||
| Кредиттин ордун кепилдик менен жабуунун максималдуу өлчөмү/Максимальный размер покрытия кредита гарантией | К4 | ОГ | ашык эмес/не более | 50% | |||
| ОС | |||||||
| Мультипликатор коэффициенти/Коэффициент мультипликатора | К5 | ГП | ашык эмес/не более | 2 | |||
| СК | |||||||
| Ири карыз алуучулар боюнча концентрациялануу ченеми/Норматив концентрации по крупным заемщикам | К6.1 | СКР | ашык эмес/не более | 65% | |||
| СК | |||||||
| Тармактар боюнча концентрациялануу ченеми/Норматив концентрации по отраслям | К6.2 | СКО | ашык эмес/не более | 50% | |||
| ГП | |||||||
| СК | |||||||
| СК | |||||||
| Отчеттук мезгил ичинде орточо маанилер/Средние значения за отчетный период | |||||||
| 1 жума/1 неделя | 2 жума/2 неделя | 3 жума/3 неделя | 4 жума/4 неделя | 5 жума/5 неделя | 6 жума/6 неделя | Бардыгы болуп/Всего | |
| ЛА - Ликвиддүү активдер/Ликвидные активы | |||||||
| ОБ - Кепилдик фонддун милдеттенмелери/Обязательства ГФ | |||||||
| К3.1 ченеми = (ЛА/ОБ)*100 |
».
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (7)
- "Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө" жобо (КР Улуттук банк…Положение · 28.12.2020 · № 2020-П-33/75-4-(НФКУ)
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук бапкы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 11.08.2022 · № 92
- "Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө (ЖОБО Кыргыз Республикасынын…Положение · 25.09.2013 · № 35/14
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июну № 52/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө токтому"Постановление · 30.06.2010 · № 52/4
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 "Кыргыз Республикасында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн аралыктан сунуштоо боюнча минималдуу талаптар…Постановление · 15.04.2015 · № 22/3
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу…Постановление · 25.09.2013 · № 35/14
- "Об утверждении Правил регулирования деятельности гарантийных фондов"Постановление · 28.02.2024 · № 2024-П-12/8-3-(НПА)