# Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2026-жылдын 22-октябры № 2-Д "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2026-жылдын 22-октябры № 2-Д "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 2-Д
- Кабыл алынган күнү: 22.10.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052884>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-2011/edition/60850/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052884.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2026-жылдын 22-октябры № 2-Д "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" буйругу (22.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052884

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИН БУЙРУГУ

2026-жылдын 22-октябры № 2-Д

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тутумунда коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана жагдайлардын тизмесин актуалдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик органдарга жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарына өткөрүп берилүүчү айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2¹-пунктун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 2-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси Тиркемеге ылайык (мындан ары – Тизме) бекитилсин.

2. Тизмеде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери төмөнкү иштерди туруктуу негизде жүргүзүшсүн:

– орун алган коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча;

– баш ийген өздүк курамдын коррупцияга каршы укуктук аң -сезимин жогорулатуу боюнча;

– карамагындагы бөлүмдө коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурларды жана жагдайларды мүмкүн болушунча азайтуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча.

3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калк жана массалык – маалымат каражаттары менен иштөө башкармалыгынын башчысы ушул буйрук катталган күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө» токтомуна ылайык, министрликтин расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен аны расмий жарыялоону камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы:

1) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөр менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

2) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2023-жылдын 1-сентябрындагы № 2-Д «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана жагдайлардын тизмегин бекитүү жөнүндө» буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысына жүктөлсүн.

7. Буйрук министрликтин бардык өздүк курамына жеткирилсин.

8. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

| Министр | | К.К. Чыныбаев |
