# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-октябры № 719 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 469 "Экспорттук контролдоо максатында жүргүзүлүүчү товарларды жана технологияларды көз карандысыз идентификациялоо системасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-октябры № 719 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 469 "Экспорттук контролдоо максатында жүргүзүлүүчү товарларды жана технологияларды көз карандысыз идентификациялоо системасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 719
- Кабыл алынган күнү: 26.10.2026
- Редакциянын күнү: 26.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052883>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58939/edition/60849/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052883.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-октябры № 719 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 469 "Экспорттук контролдоо максатында жүргүзүлүүчү товарларды жана технологияларды көз карандысыз идентификациялоо системасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (26.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052883

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 26-октябры № 719

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 469 «Экспорттук контролдоо максатында жүргүзүлүүчү товарларды жана технологияларды көз карандысыз идентификациялоо системасы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 63 «Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесине киргизилген сырьелордун жана материалдардын, жабдуулардын жана технологиялардын, илимий-техникалык маалыматтардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, аскердик, кош багыттагы продукциялардын жана интеллектуалдык иштин натыйжаларына карата тышкы экономикалык ишмердүүлүктү контролдоо механизмин өркүндөтүү максатында, «Экспорттук контроль жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 469 «Экспорттук контролдоо максатында жүргүзүлүүчү товарларды жана технологияларды көз карандысыз идентификациялоо системасы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна уюмдар тарабынан уруксат алуунун эрежелеринде:

– 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү, бешинчи абзацтар менен толукталсын:

«Уруксат берүүчү документтин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин, анын колдонулушу эксперттик уюмдун арызынын негизинде ушундай эле мөөнөткө узартылат. Ошол эле учурда мурдагы эки жыл ичинде мыйзамдарды бузуулары болбогон, кайрадан кайрылып жаткан арыздануучу үчүн уруксат берүү мөөнөтү 15 календардык күндөн ашпайт, ал эми документтердин пакети мурда берилген башка маалыматтар өзгөрүүсүз калган шартта, арыз, мамлекеттик алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ жана иши жөнүндө отчет менен чектелет.»;

– 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

«Уруксатты берүү, кайра тариздөө же уруксат алган уюм жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат жана тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде ал тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына билдирилет.»;

– 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«19. Уруксатты колдонууну жокко чыгаруу же токтото туруу жөнүндө чечим ал кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан уюмга (тиешелүү негиздемеси менен) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына билдирилет.»;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Экспорттук контролдоо максатында контролдонуучу продукцияны идентификациялоо жөнүндө жободо:

– 1-пунктта «контролдонуучу продукцияны» деген сөздөрдөн кийин «эксперттик уюмдар тарабынан» деген сөздөр менен толукталсын;

– 2-пункттун бешинчи, алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«идентификациялык корутунду – ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксат берүүчү документи бар эксперттик уюм (идентификациялык борбор) тарабынан берилүүчү, объекттин талаптарга шайкештиги (же шайкеш келбестиги) жана экспорттук контролдоо жол-жоболорун колдонуу (же колдонбоо) зарылдыгы жөнүндө документ; эксперттик уюм (идентификациялык борбор) – Кыргыз Республикасында катталган, контролдонуучу продукцияны көз карандысыз идентификациялоо боюнча ишти жүргүзүүгө белгиленген тартипте уруксат берүүчү документ алган юридикалык жак.»;

– 4-пункт «технологиялар менен» деген сөздөрдөн кийин «ушул Жобонун тиркемесине ылайык белгиленген форма боюнча» деген сөздөр менен толукталсын;

– 31-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Эксперттик уюм тарабынан берилген идентификациялык корутунду кош багыттагы товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүүдө экспорттук контролдоо чараларынын сакталышын ырастаган расмий документ болуп саналат.»;

– 33-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«33. Корутундунун көчүрмөсү (корутунду түзүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө кабарлама) суроо-талап боюнча эксперттик уюм тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жөнөтүлүшү мүмкүн.»;

– ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы тиркеме менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |

Тиркеме «Экспорттук контролдоо максатында контролдонуучу продукцияны идентификациялоо жөнүндө жобого тиркеме

Объекттин экспорттук контролдонууга тийиш болгон, УКТга киргизилген товарларга шайкештиги (шайкеш эместиги) жөнүндөидентификациялык корутунду

202\_\_ -ж. « » \_\_\_\_\_\_\_\_\_ № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

баракта түзүлдү

1. Кириш бөлүгү

1. Экспертиза заказчысы:

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (уюмдун аталышы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (юридикалык дареги) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (иш жүзүндөгү дареги, байланыш маалыматтары)

ИСН:\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

0. Идентификациянын мүнөздөмөсү: алгачкы, кайталанган (керектүүнүн астын сызыңыз).

0. Эксперттик уюм: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(уюмдун аталышы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (юридикалык дареги) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (иш жүзүндөгү дареги, байланыш маалыматтары) ИСН:\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

0. Идентификациялоочу эксперт(тер): \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аты-жөнү, билими, кызмат орду)

0. Материалдын экспертизага келген күнү: 20\_\_ -ж. «\_\_\_\_» \_\_\_\_\_\_\_\_

0. Идентификациялоо үчүн негиз: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

7. Тышкы экономикалык операция жөнүндө маалымат: ташып кирүү/ташып чыгуу (өлкө көрсөтүлсүн).

8. Тышкы экономикалык операцияны жүргүзүүгө негиз болгон документ: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

9. Багытталган өлкө: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

10. Ташып чыгарылган өлкө: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

11. Тышкы экономикалык операциянын кыргыз катышуучусу:

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (уюмдун аталышы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (дареги, байланыш маалыматтары) ИСН: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_тел:\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

12. Тышкы экономикалык операциянын чет өлкөлүк катышуучулары:

Сатуучу: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Керектөөчү (акыркы колдонуучу):\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

13. Идентификацияга түшкөн материалдар жана башка изилдөө объекттери, аларды эксперттик уюмга жеткирүү ыкмасы жана таңгактын түрү, изилдөө объекттеринин таңгагынын сакталышы жана эгерде андайлар болсо, өзгөрүлбөс идентификациялык белгилерин көрсөтүү менен алардын реквизиттери:\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

14. Идентификациялоо процессинде чечүүнү талап кылган маселелер: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_15. Кошумча материалдарды берүү жөнүндө өтүнүч кат жана аларды кароонун жыйынтыктары:\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

2. Изилдөөчү (сыпаттоочу) бөлүгү

16. Эксперттик изилдөө объекттери жөнүндө маалыматтар:

| Объект-тин № | Аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду | Сыпаттамасы |
| --- | --- | --- | --- |
| 1 |  |  |  |

17. Илимий-техникалык иштин идентификациялануучу товарларынын жана идентификациялануучу продуктуларынын контролдук тизмелерине киргизилген товарларга жана технологияларга шайкештигин белгилөө.

18. Салыштырма талдоо үчүн тандалган контролдоо тизмесинин позициялары (пункттары):

| Объект-тин № | Позициялар-дын (пункттар-дын) № | Бөлүмдүн номери | Тизменин аталышы |
| --- | --- | --- | --- |
| 1 |  |  |  |

19. Салыштырма талдоонун натыйжалары:

| Объект-тин № | Объекттин мүнөздөмөсү | Позициянын (пункттун) мазмуну | Тыянактар |
| --- | --- | --- | --- |
| 1 |  |  |  |

3. Идентификациялоонун натыйжалары боюнча жалпы тыянактар

20. Экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул корутундуда көрсөтүлгөн тышкы экономикалык операцияны жүргүзүү үчүн лицензия же башка уруксат талап кылынбайт/талап кылынат.

Ушул Корутунду 20 \_\_\_- жылдын «\_\_\_» \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ чейин жарактуу. Түзүлгөн күнү: 20 \_\_\_\_\_\_- жылдын «\_\_\_\_\_\_\_» \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Аткаруучу: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (колу, аты-жөнү) Ыйгарым укуктуу жак \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_(колу, аты-жөнү)

М.О.

».
