Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 357 „Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 8-октябры № 678
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 357 "Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 357 "Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбулада "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-2-беренесине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.Касымалиев | |
| Тиркеме | ||
| "Тиркеме |
Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык иштелип чыккан жана өнүктүрүүнүн бекитилген стратегиялык документтеринин негизинде Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу максатында инвестициялык конкурсту өткөрүү жолу менен инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобонун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) инвестициялык лотторду даярдоодо жана берүүдө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
2) инвестициялык лотторду тандоо критерийлерин белгилөө;
3) инвестициялык лотторду ишке ашырууда тараптардын милдеттенмелерди аткаруусуна мониторинг жүргүзүү.
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги терминдер колдонулат:
1) инвестициялык лот - демилгеленген долбоорлордун өзгөчөлүгүн эске алуу менен инвесторго берилүүчү инвестициялык сунушту, долбоордун инфратүзүмүн, активдерди, чийки заттык базаны жана сатуу рынокторун талдоону, уруксат берүүчү документтерди жана преференцияларды берүүнү камтыган чечимдердин комплекси;
2) лоттун демилгечиси - ушул Жобого ылайык инвестициялык сунушту же инвестициялык долбоорду андан ары ишке ашыруу үчүн лотту түзүүгө кызыкдар болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;
3) инвестициялык лоттордун реестри - инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан лот бекитилгенден кийин түзүлүүчү ар бир лотко идентификациялык номер ыйгаруу менен эсепке алуунун бирдиктүү маалыматтык системасы;
4) өнүктүрүүнүн стратегиялык документтери - Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоочу, улуттук же мамлекеттик программа түрүндө кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, ошондой эле аларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери;
5) инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу орган;
6) конкурстун катышуучусу - конкурска катышуу үчүн арыз берген инвестор, менчиктин ар кандай түрүндөгү чарба жүргүзүүчү субъект, конкурска катышууга макулдугун билдирген юридикалык же жеке жак;
7) календардык план - инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун негизги этаптарын аткаруунун ырааттуулугун жана мөөнөттөрүн, анын ичинде иштерди, иш-чараларды аткаруу жана долбоордун белгиленген негизги көрсөткүчтөрүнө жетишүү мөөнөттөрүн аныктоочу документ.
4. Инвестициялык лотко мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин, мүлктүк комплекстерди, имараттарды, курулмаларды жана башка объекттерди киргизүүгө укук белгилөөчү документтер болгон жана аларды берүүнүн укуктук мүмкүнчүлүгү жөнүндө ыйгарым укуктуу менчик ээсинин (органдын) алдын ала ырастоосу болгон учурда жол берилет. Мындай объекттер жеңүүчү аныкталгандан жана инвестициялык лот боюнча келишим түзүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын жер, жарандык, бюджеттик мыйзамдарында, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти башкаруу жөнүндө мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте конкурстук тандоонун жеңүүчүсүнө берилет.
Инвестициялык лоттордун алкагында муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин жана мүлктү берүү тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын макулдугу менен гана жана аталган орган тарабынан аныкталган шарттарда жүзөгө ашырылат.
2-глава. Лотторду түзүү тартиби
5. Лоттун долбоорун түзүү лоттун демилгечиси тарабынан анын тармактык, географиялык жана технологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жекече жүргүзүлөт. Лоттордун окшош долбоорлорун Кыргыз Республикасынын бир нече административдик-аймактык бирдиктеринде түзүүгө жол берилет.
6. Лоттун долбоорун түзүү боюнча ишке тармактык жана ведомстволук таандыктыгына жараша тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, ошондой эле лот ишке ашырылган жердеги административдик-аймактык бирдиктердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу өкүлдөрү катышат.
7. Министрликтерде, административдик ведомстволордо, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарында, райондук мамлекеттик администрацияларда, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында лоттун долбоорун түзүү үчүн жоопкерчилик инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүү боюнча функцияларды аткарган жетекчинин орун басарына жүктөлөт.
8. Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык документтеринин негизинде лоттун долбоорун түзүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ичинен лоттун демилгечиси тарабынан кабыл алынат, алар жумушчу топту түзөт, ошондой эле лоттун долбоорун даярдоонун милдеттерин жана мөөнөттөрүн аныктайт.
Жумушчу топ ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык лоттун долбоорун даярдайт жана долбоорду даярдоонун сапаты үчүн жоопкерчилик тартат, лотту ишке ашырууда координациялоону жана өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат. Лоттун демилгечиси ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн чечимдердин, документтердин жана маалыматтын комплексинин өзгөчөлүгүнө жана даярдыгына жараша жумушчу топко лоттун долбоорун даярдоо үчүн зарыл болгон мөөнөттөрдү аныктайт.
9. Чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын мүмкүн болгон катышуусу менен инвестициялык лотту түзүүдө жер тилкесинин укуктук режими жердин категориясын, менчиктин түрүн, тилкенин жайгашкан жерин, инвестордун статусун жана инвестициялык долбоордун мүнөзүн эске алуу менен аныкталат. Чет өлкөлүк жакка жер тилкеси Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген тартипте, шарттарда жана мөөнөттөрдүн чегинде гана берилет. Чек арага чектеш аймактарга жана жерлердин айрым категорияларына карата чектөөлөр жана тыюу салуулар инвестициялык лот бекитилгенге чейин милдеттүү түрдө эсепке алынууга тийиш.
Жер тилкесин берүү ушул Жободо белгиленген тартипте конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча жүзөгө ашырылат. Чек арага чектеш аймактарда жайгашкан жер тилкелерин өткөрүп берүүгө Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында каралган учурларда жол берилбейт.
10. Лоттун долбоорунун демилгечиси:
1) жер тилкесинин максаттуу багытын жана чек араларын көрсөтөт;
2) эгерде жерлерди которуу (трансформациялоо) жол-жобосун жүргүзүү зарыл болсо, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык трансформациялоо жол-жобосун жүргүзөт;
3) зарыл болгон инфратүзүмдүк коммуникацияларга кошууга байланышкан чыгымдардын эсептөөлөрүн өзүнүн финансылык каражаттарынын эсебинен, ошондой эле жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттин каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын эсебинен же инвестордун чыгымдарын көрсөтүү менен даярдайт.
11. Лотто өндүрүштүк инфратүзүм жок болгон учурда лоттун наркына долбоордук-сметалык документтерде аныкталган нарк киргизилет.
12. Жумушчу топ лоттун демилгечисине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында талап кылынган бажы саясаты чөйрөсүндөгү аракеттерди, алар боюнча инвестордун же мамлекеттик органдын жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чыгымдарынын суммасын көрсөтүү менен лоттун демилгечиси кепилдик берген башка милдеттенмелерди лоттун долбооруна киргизүүнү сунуштай алат.
13. Лоттун демилгечиси жумушчу топ даярдаган лоттун долбоорун кароонун натыйжалары боюнча төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) лоттун долбоорун кабыл алуу жөнүндө, ал чечим кабыл алынгандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен мамлекеттик жана расмий тилдерде инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна берилет;
2) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык жеткире иштеп чыгууну талап кылган пункттарды көрсөтүү менен лоттун долбоорун жеткире иштеп чыгуу жөнүндө, мында жеткире иштеп чыгуунун мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпоого тийиш, ал эми инвестициялык лоттун долбоору жеткире иштеп чыгууга эки жолудан көп эмес жиберилиши мүмкүн;
3) төмөнкү негиздердин бири же бир нечеси болгон учурда кабыл алынган чечимдин негиздемесин көрсөтүү менен лоттун долбоорун четке кагуу жөнүндө:
- ушул Жобонун 1-тиркемесинде каралган маалыматтын берилбеши;
- лоттун долбоорунун ушул Жобонун талаптарына ылайык келбеши, анын ичинде лоттун долбоорун түзүүнүн шарттарынын сакталбашы;
- жер тилкесине жана (же) объектке укук белгилөөчү документтердин жоктугу;
- лоттун долбоорунун Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык документтерине ылайык келбеши;
- зарыл инфратүзүмдүн жоктугу же аны камсыз кылуунун мүмкүн эместиги;
- жер тилкесинин категориясынын ылайык келбеши жана аны белгиленген тартипте трансформациялоонун мүмкүн эместиги;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдүн же тыюу салуулардын болушу;
- анык эмес маалыматтардын берилиши;
- долбоордун экономикалык же техникалык негиздүүлүгүнүн жоктугу;
- менчик түзүмү жана (же) акыркы бенефициардык ээлери жөнүндө анык эмес маалыматтардын берилиши.
14. Инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган лоттун долбоорун алгандан кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) лоттун долбоорун бекитүү жана аны реестрге киргизүү жөнүндө;
2) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык жеткире иштеп чыгууну талап кылган пункттарды көрсөтүү менен лоттун долбоорун лоттун демилгечиси тарабынан жеткире иштеп чыгуу жана ушул Жобонун 12-пунктун сактоо менен лотту 45 календардык күндөн кечиктирбестен кайра кароого киргизүү жөнүндө;
3) төмөнкү негиздердин бири же бир нечеси болгон учурда киргизилген документтерди лоттун демилгечисине кайтарып берүү жана кабыл алынган чечимдин негиздемесин көрсөтүү менен лоттун долбоорун четке кагуу жөнүндө:
- ушул Жободо жана ушул Жобонун 1-тиркемесинде каралган документтердин жана маалыматтын берилбеши;
- лоттун долбоорунун ушул Жобонун талаптарына ылайык келбеши, анын ичинде инвестициялык лотту түзүүнүн шарттарынын сакталбашы;
- лоттун долбоорунун Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык документтерине ылайык келбеши;
- жер тилкесине жана (же) объектке укук белгилөөчү документтердин жоктугу;
- жер тилкесинин категориясынын болжолдонгон пайдаланууга ылайык келбеши жана аны мыйзамдарда белгиленген тартипте трансформациялоонун мүмкүн эместиги;
- зарыл инфратүзүмдүн жоктугу же аны камсыз кылуунун мүмкүн эместиги;
- инвестициялык лотту бекитүүгө же инвестициялык долбоорду ишке ашырууга тоскоол болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдүн же тыюу салуулардын болушу;
- инвестициялык долбоорду ишке ашырууга тоскоол болгон олуттуу экономикалык, финансылык же техникалык тобокелдиктердин аныкталышы;
- лоттун долбоорун түзүүдө анык эмес маалыматтардын берилиши;
- менчик түзүмү жана (же) акыркы бенефициардык ээлери жөнүндө анык эмес маалыматтардын берилиши.
Инвестициялык лоттун долбоору жеткире иштеп чыгууга жиберилген учурда лоттун демилгечиси эскертүүлөрдү четтеткенден кийин аны инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрадан берет. Инвестициялык лоттун долбоорун кайра кароо инвестициялык лоттун долбоорун кароо үчүн ушул Жободо белгиленген мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
15. Инвестициялык лоттордун реестрин жүргүзүү лоттун демилгечиси тарабынан берилген маалыматтын негизинде инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Инвестициялык лоттордун реестрине киргизүү үчүн берилген маалыматтын актуалдуулугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчиликти инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тартат. Инвестициялык лоттордун реестрин түзүүнүн, кароонун жана жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган жеке маалыматтарды иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
3-глава. Инвестициялык конкурстук тандоону өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын ишинин тартиби
16. Инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен биргеликте лот бекитилгенден кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен инвестициялык конкурстук тандоону өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын (мындан ары - Комиссия) курамын түзөт. Комиссиянын курамына аймагында инвестициялык лот жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси киргизилет.
17. Комиссиянын ишине мыйзамсыз кийлигишүүгө жол берилбейт. Мындай кийлигишүүгө жол берген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жоопкерчилик тартат.
18. Комиссия инвестициялык лоттун өзгөчөлүгүн эске алуу менен 7 адамдан кем эмес жана 13 адамдан көп эмес курамда түзүлөт. Комиссиянын жеке курамы инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет. Конкурстук өтүнмөлөрдү кароо башталганга чейин Комиссиянын ар бир мүчөсү кызыкчылыктардын кагылышуусу жок экендиги жөнүндө декларацияга жана купуялуулук жөнүндө милдеттенмеге кол коёт.
Комиссия өз курамынан төраганы, төраганын орун басарын жана катчыны шайлайт.
19. Комиссиянын жыйыны анын жалпы курамынын кеминде 2/3 бөлүгү (кворум) катышкан учурда укуктуу болуп саналат.
20. Комиссиянын чечимдери жыйынга катышкан Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуш берүүдөн кармануу укугусуз, жөнөкөй көпчүлүк добушу менен жалпы добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат. Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары тең болгон учурда Комиссиянын жыйынында төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
Муниципалдык инвестициялык лотту кароодо чечим жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнүн макулдугусуз кабыл алынбайт. Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча Комиссия ушул Жобонун 3-тиркемесинде каралган Инвестициялык долбоорлорду баалоо методикасына ылайык түзүлгөн катышуучулардын рейтингинин негизинде конкурстук тандоонун натыйжаларын бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат. Баллдык баалоонун натыйжалары боюнча эң жогорку жыйынтык балл алган жана белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген катышуучу конкурстук тандоонун жеңүүчүсү деп таанылат. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет жана Комиссиянын ар бир мүчөсүнүн чечими жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Комиссиянын бардык катышкан мүчөлөрү тарабынан кол коюлат. Комиссиянын мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө алынган конкурстун катышуучуларынын жеке маалыматтарын иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын сактоого жана аларды коргоону камсыз кылууга милдеттүү. Конкурс боюнча Комиссиянын ишине тиешелүү документтер менен иштөөнү уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык жүргүзүлөт. Комиссиянын чечимине макул болбогон Комиссиянын мүчөлөрү өз позициясын негиздөө менен өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу, ал Комиссиянын чечимине тиркелүүгө тийиш. Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын төрагасынын орун басары, Комиссиянын мүчөлөрү, ошондой эле Комиссиянын катчысы Комиссиянын кароосунда турган маселени оң чечүүгө көмөк көрсөтүү тууралуу кызмат адамдарынын жана жеке жактардын ар кандай кайрылуулары жөнүндө инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине, ошондой эле прокуратура органдарына кабарлоого милдеттүү. Комиссиянын биринчи жыйынында анын мүчөлөрү Комиссиянын ишинин натыйжасында алынган жана (же) белгилүү болгон маалыматтарды жайылтпоо жөнүндө милдеттенмеге кол коёт. Конкурстун катышуучулары Комиссияга берген документтер жана маалыматтар жарыяланууга жана үчүнчү жактарга берилүүгө жатпайт.
21. Төмөнкүлөр Комиссиянын мүчөлөрү боло албайт:
1) кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыккан же аныкталган Комиссиянын мүчөлөрү.
Тиешелүү маселени талкуулоо башталганга чейин Комиссиянын мүчөсү бул тууралуу Комиссиянын төрагасына жазуу жүзүндө кабарлоого жана маселени кароого, талкуулоого жана добуш берүүгө катышпоого милдеттүү. Кызыкчылыктардын кагылышуусун ачыкка чыгарбоо Комиссиянын мүчөсүн алмаштыруу жана кабыл алынган чечимдин жарактуулугу жөнүндө маселени мыйзамдарда белгиленген тартипте кароо үчүн негиз болуп саналат;
2) конкурска катышкан инвесторлор, алардын өкүлдөрү;
3) конкурста мүлктүк кызыкчылыгы бар адамдар;
4) конкурстун катышуучуларынын жакын туугандары, менчик ээлери (акыркы пайда көрүүчүлөрү (бенефициарлары) болуп саналган адамдар;
5) конкурс процессинде Комиссиянын мүчөсүнүн мүлктүк же башка жеке кызыкчылыктары чечим кабыл алууда объективдүүлүккө жана калыстыкка таасир этиши мүмкүн болгон жагдайдын болушу түрүндө көрүнгөн кызыкчылыктардын кагылышуусуна ээ болгон же аны аныктаган адамдар. Каралып жаткан лотко карата кызыкчылыктардын кагылышуусу аныкталган учурдан тартып Комиссиянын тиешелүү мүчөсү Комиссиянын ишине катышуудан баш тартуу жөнүндө Комиссиянын төрагасынын атына жазуу жүзүндө арыз берүүгө тийиш.
22. Комиссиянын төрагасы кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Комиссиянын мүчөсүн алмаштыруу Комиссиянын төрагасынын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
23. Комиссиянын ыйгарым укуктары:
1) конкурстун катышуучусунан лотко карата жетишпеген документтерди жана инвестициялык долбоор жөнүндө маалыматты сурайт;
2) зарыл болгон учурда инвестициялык долбоор боюнча сунуштарды түшүндүрүү үчүн конкурстун катышуучусун Комиссиянын жыйынына чакырат;
3) тиешелүү тажрыйбасы жана квалификациясы бар көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды тартат.
24. Комиссиянын мүчөлөрү Комиссиянын ишине түздөн-түз катышууга жана жүйөлүү себептерди (оору, кызматтык иш сапар, өргүү) кошпогондо, жыйындарды калтырбоого милдеттүү. Жүйөлүү себептерсиз жыйынга катары менен 3 жолу келбеген Комиссиянын мүчөсү анын курамынан чыгарылат, бул тууралуу Комиссиянын төрагасы же төраганын орун басары 5 календардык күндөн кечиктирбестен инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине жана Комиссиянын мүчөсүн талапкер катары көрсөткөн мамлекеттик органдын жетекчисине жазуу жүзүндө кабарлайт.
Комиссиянын мүчөсү өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууга мүмкүн болбогон учурда (кызмат ордунан бошотулуу, жарандыктан чыгуу, башка мамлекеттин жарандыгын кабыл алуу, башка ишке өтүү, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кетүү, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылуу, камакка алынуу, соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши, дайынсыз жоголгон же каза болгон деп жарыялануу, өлүм) Комиссиянын мүчөсүн талапкер катары көрсөткөн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын сунушу боюнча инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Комиссиянын курамына өзгөртүү киргизет.
25. Материалдар (лоттор, долбоорлор ж.б.), жыйындын күн тартиби, жыйын өткөрүлүүчү дата жана башка маалымат катчы тарабынан Комиссиянын мүчөлөрүнө жыйын башталганга чейин 5 жумуш күндөн кечиктирилбестен жиберилет.
Комиссиянын жыйынынын протоколу Комиссиянын катчысы тарабынан даярдалат жана жыйындан кийин 5 жумуш күндөн кечиктирилбестен Комиссиянын мүчөлөрүнүн кароосуна жиберилет. Комиссиянын мүчөлөрү протокол менен таанышкандан кийин 2 жумуш күндөн кечиктирбестен протоколго кол коюуга жана аны Комиссиянын катчысына берүүгө милдеттүү. Конкурстун катышуучуларынын жеке маалыматтарын камтыган документтер жана маалымат конкурстук өтүнмөлөрдү кароо максатында гана сакталууга жана пайдаланылууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, үчүнчү жактарга берилүүгө жатпайт.
26. Комиссия инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча конкурстун жеңүүчүсү менен лоттун демилгечисинин ортосунда ушул лот боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга келишим түзүлгөндөн кийин 10 жумуш күндүн ичинде өз ишин токтотот.
27. Комиссия жактырган лоттордун тизмеги Комиссиянын жыйынынын протоколуна кол коюлган күндөн тартып 5 жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
28. Жеңүүчү аныкталгандан кийин катышуучу тарабынан конкурстук тандоонун натыйжаларына таасир эткен же таасир этиши мүмкүн болгон олуттуу анык эмес маалыматтарды берүү фактылары документтер менен ырасталып аныкталган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мындай катышуучуга кабарлоону камсыз кылат жана ага жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүү үчүн кеминде 5 жумуш күн берет. Аларды кароонун натыйжалары боюнча Комиссия жүйөлүү чечим кабыл алат. Эгерде келишим мурда эле түзүлгөн болсо, аныкталган жагдайлардын кесепеттери келишимдин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык аныкталат. Чечим административдик жана (же) соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
29. Ушул Жобонун 40-пунктуна ылайык кабыл алынган Комиссиянын чечими административдик акт болуп саналат жана "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
4-глава. Конкурстук тандоонун тартиби
30. Инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган лот бекитилгенден кийин 20 календардык күндөн кечиктирбестен өзүнүн расмий сайтына кулактандыруу жайгаштыруу менен лот боюнча конкурстун башталгандыгы жөнүндө жарыялайт.
Лот боюнча конкурстук тандоо жөнүндө кулактандыруу төмөнкүдөй маалыматты камтууга тийиш:
1) конкурстун аталышы;
2) конкурстун катышуучуларына коюлуучу квалификациялык талаптар;
3) конкурс жөнүндө толук маалымат алуу үчүн булак;
4) долбоордун демилгечисинин аталышы, юридикалык дареги, почта дареги, электрондук почтасынын дареги жана байланыш телефону;
5) конкурс боюнча инвестициялык долбоорлорду кабыл алуу дареги, датасы жана аяктаган убакыт;
6) инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу кызматкеринин байланыш маалыматтары.
Болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 миллион сомдон ашкан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна карата конкурска катышуу үчүн квалификацияларга суроо-талап жалпыга маалымдоо каражаттарынын эл аралык ресурстарында да жарыяланышы мүмкүн. Зарыл болгон учурда лоттун демилгечиси жана инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштырат.
31. Конкурс жөнүндө жарыялоо менен лот боюнча өтүнмөлөрдү чогултууну аяктоонун ортосундагы мөөнөт 60 календардык күндөн кем болбоого тийиш. Лоттун өзгөчөлүгүнө жараша лот боюнча өтүнмөлөрдү чогултуу мөөнөтү 30 күнгө узартылышы мүмкүн.
32. Конкурстун катышуучусуна коюлуучу квалификациялык талаптар:
1) юридикалык жактын же жеке ишкердин статусунун болушу;
2) инвестициялык долбоорду (долбоорлорду) ийгиликтүү ишке ашыруу тажрыйбасы;
3) катталган жери боюнча салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес төлөмдөр боюнча карыздын жоктугу;
4) жоюу же кайра уюштуруу процессинде болбоо;
5) катталган жери боюнча банкроттук жөнүндө козголгон иштин жоктугу;
6) катталган жери боюнча мүлкүн же активдерин камакка алуунун жана анын ишин токтото туруу фактысынын жоктугу;
7) Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Жыйынды тизмегинде потенциалдуу инвестордун, анын уюштуруучуларынын, бенефициардык ээлеринин жана жетекчилеринин жоктугу;
8) уюштуруучулардын, бенефициардык ээлердин жана жетекчилердин экономикалык кылмыштар, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), террористтик же экстремисттик ишти каржылоо үчүн алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугунун жоктугу.
33. Инвестициялык долбоордун өзгөчөлүктөрүнө жараша комиссия тарабынан кошумча квалификациялык талаптар төмөнкү бөлүктөрдө гана белгилениши мүмкүн:
- финансылык отчеттуулук, банк кепилдиктери, каржылоо жөнүндө каттар же башка документтер менен ырасталган, инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн жетиштүү өздүк капиталдын же финансылык ресурстардын минималдуу өлчөмүнүн болушу;
- келишимдер, аткарылган жумуштардын актылары, сунуштамалар же башка ырастоочу документтер менен ырасталган, инвестициялык долбоорлорду же инвестициялык лоттун предметине окшош долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасынын болушу.
34. Лот боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга конкурска катышуу үчүн конкурстун катышуучусу конкурс аяктаган датага чейин инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга конкурстук тандоону өткөрүү үчүн зарыл болгон документтерди тиркөө менен жеке өзү кол койгон арызды кагаз же электрондук түрдө берет.
Кыргыз Республикасынын аймагында катталган инвесторлордун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалыматтык системаларында камтылган документтери жана маалыматтары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу өз алдынча суралат. Конкурстун катышуучусу мамлекеттик маалыматтык системаларда жок болгон же ал өз алдынча түзүүчү документтерди жана маалыматтарды гана берет. Чет мамлекеттин аймагында катталган инвестор документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде бекитилген, белгиленген тартипке ылайык апостиль коюлган жана нотариалдык күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндө берет. Конкурстун катышуучуларынын жеке маалыматтарын чогултуу жана иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык конкурстук тандоону өткөрүү жана инвестициялык лот боюнча келишимди түзүү максатында гана жүргүзүлөт.
35. Арызга төмөнкү документтер жана маалыматтар тиркелет:
1) инвестициялык долбоор;
2) юридикалык жак үчүн - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү; чет мамлекеттин аймагында катталган инвестор үчүн көрсөтүлгөн документтер апостиль коюлуп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен берилет;
3) жеке ишкерлер - Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
4) катталган жери боюнча салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жок/бар экендиги жөнүндө маалымкат;
5) конкурстун катышуучусунун эсептерин тейлеген коммерциялык банктардын акыркы алты айдагы алыш-бериш эсеби боюнча жүгүртүүлөр жана маалымкат берилген күнгө эсептеги иш жүзүндөгү сумма жөнүндө маалымкаттары;
6) катталган жери боюнча бардык карыздар жөнүндө маалымат менен макулдашуулардын жана келишимдердин көчүрмөлөрү;
7) конкурстун катышуучусунун оң абройго ээ экендиги, конкурстун катышуучусуна карата эч кандай доо коюлбагандыгы, эч кандай сот иштери козголбогондугу, эч кандай териштирүүлөр же иликтөө жүргүзүлбөгөндүгү жана ага каршы ар кандай сот, арбитраж же мамлекеттик орган тарабынан өзүнчө же жалпы анын чарбалык ишине, активдерине, финансылык же башка абалына олуттуу жагымсыз кесепеттерге алып келиши же бул инвестициялык долбоор боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу жөндөмдүүлүгүн начарлашы мүмкүн болгон мындай аракеттерди жасоо коркунучу жок экендиги жөнүндө маалыматтар;
8) конкурстун катышуучусунун ийгиликтүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы жөнүндө маалыматтар;
9) юридикалык жактын акыркы бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды ачып көрсөтүүчү анкета (декларация), алардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен;
10) инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн пайдаланылуучу акча каражаттарынын келип чыгышынын мыйзамдуулугун ырастоочу документтер.
36. Инвестициялык долбоор төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) аталышы;
2) бизнес-план;
3) күтүлүүчү продуктулардын (товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөлөрү;
4) акыркы продуктуну илгерилетүү боюнча иштелип чыккан маркетинг саясаты менен тышкы чөйрөнүн (сатып алуучулар, берүүчүлөр, атаандаштар ж.б.) сыпаттамасы;
5) түзүлгөн план менен продукцияны (товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) чыгаруунун пландалган көлөмүн жана түшкөн каражатты аныктоо;
6) финансылык жана техникалык-экономикалык эсептөөлөр, ошондой эле сметалар;
7) адам ресурстарын уюштуруу жана башкаруу процессинин сыпаттамасы;
8) каржылоо графиги менен зарыл болгон инвестициялардын болжолдуу көлөмү;
9) аларды минималдаштыруу ыкмаларын иштеп чыгуу менен инвестициялык долбоорду ишке ашырууда мүмкүн болгон тобокелдиктерди талдоо;
10) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча инвестордун анкетасы;
11) зарыл болгон тиркемелер;
12) эгерде анын зарылдыгы мыйзамдарда аныкталса, инвестициялык долбоордун мамлекеттик экологиялык экспертизасынын жыйынтыктары, ошондой эле экологиялык тобокелдиктерди жана таасирлерди азайтуу боюнча чаралар жөнүндө маалымат;
13) "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маданий мурас объекттеринин бар же жок экендиги жөнүндө корутундусу.
37. Инвестициялык долбоорлорду тандоо критерийлери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарына жана артыкчылыктуу багыттарына шайкештиги;
2) ишке ашырылышы (адам ресурстарынын, жабдуулардын ж.б. болушу);
3) натыйжалуулугу (рынокту камтуу, керектөөчүлөрдү көбөйтүү, бул процесс үчүн жаңы технологияларды колдонуу);
4) мүмкүн болгон тобокелдиктер (жаңы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүгө каражаттарды салууда, рынокто күтүлгөн суроо-талапка ээ болбой калышы мүмкүн болгон өндүрүш жана башкаруу методдорун ишке киргизүүдө келип чыгуучу жоготуулардын ыктымалдыгы);
5) долбоорду ишке ашыруунун узак мөөнөттүүлүгү жана туруктуулугу;
6) долбоордун региондун инфраструктуралык өнүгүүсүнө оң таасири (автожолдорду, коммуналдык, инженердик тармактарды жана башка объекттерди өнүктүрүү).
38. Ушул пунктта каралган критерийлер боюнча инвестициялык долбоорлорду баалоо тартиби ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык Инвестициялык долбоорлорду баалоо методикасы менен белгиленет. Методика баллдык баалоону, критерийлердин салмагын, минималдуу өтүү баллын, Комиссия мүчөлөрүнүн жеке баалоо баракчаларын жана катышуучулардын жыйынтыктоочу рейтингин түзүүнү карайт, анын негизинде конкурстук тандоонун жеңүүчүсү аныкталат.
39. Лоттор төмөнкү инвесторлорго берилбейт:
1) катталган жери боюнча мамлекеттик бюджетке салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча карызы барлар;
2) финансылык жана техникалык-экономикалык эсептөөлөрдү бербегендер;
3) мамлекеттик сатып алуулардын ак ниет эмес катышуучуларынын реестринде тургандар;
4) анын кредиттик тарыхына ылайык конкурстун катышуучусунун финансылык милдеттенмелери боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карызы барлар;
5) аларга карата инвестициялык лот боюнча келишимди түзүүгө жана аткарууга тоскоол болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түздөн-түз каралган башка чектөөлөр белгиленгендер.
40. Комиссия арыз алынган датадан тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен аны тиркелген документтер менен бирге берилген документтердин бар экендигин жана аныктыгын, квалификациялык талаптарга жана тандоо критерийлерине шайкештигин карайт жана кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык Инвестициялык долбоорлорду баалоо методикасына ылайык түзүлгөн катышуучулардын жыйынтыктоочу рейтингинин негизинде конкурстук тандоонун натыйжаларын бекитүү жөнүндө;
2) конкреттүү иш жүзүндөгү жана укуктук негиздерди көрсөтүү менен конкурстук тандоонун натыйжаларын бекитүүдөн баш тартуу жөнүндө.
Баллдык баалоонун жыйынтыгы боюнча эң көп жыйынтыктоочу балл алган жана квалификациялык талаптарга шайкеш келген катышуучу конкурстук тандоонун жеңүүчүсү деп таанылат.
41. Комиссия 5 жумуш күндүн ичинде конкурстун ар бир катышуучусуна Комиссиянын чечими жөнүндө кабарлайт жана инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдайт.
42. Эгерде инвестициялык долбоорлорду кароонун жыйынтыгы боюнча Комиссия конкурстук сунуштардын бири да Комиссия тарабынан белгиленген талаптарга шайкеш келбейт деген чечим кабыл алса, Комиссия конкурсту өткөн жок деп таануу жөнүндө чечим кабыл алат, бул тууралуу конкурстун катышуучуларына чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде маалымдалат.
5-глава. Лот боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү
43. Комиссия жеңүүчүнү аныктаган күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө лоттун демилгечиси конкурстун жеңүүчүсү менен лот боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишим түзөт.
44. Инвестициялык лот боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишим кеминде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: келишимдин предметин; инвестициялардын көлөмүн жана графигин; календардык планды; инвестордун жана демилгечинин милдеттенмелерин; жерге жана мүлккө укуктарды тариздөө тартибин; инфраструктуралык милдеттенмелерди; долбоорду ишке ашыруунун негизги көрсөткүчтөрүн; отчеттуулук жана мониторинг жүргүзүү тартибин; тараптардын жоопкерчилигин; ал жеткис күчтүн жагдайларын; келишимди өзгөртүү жана бузуу тартибин; бузуунун кесепеттерин; талаш-тартыштарды чечүү тартибин. Келишимдин типтүү формасы инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
Инвестициялык лотко муниципалдык менчикте турган жер тилкелери же мүлк киргизилген учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органы демилгечи жана келишимдин милдеттүү тарабы катары чыгат, ал эми анын шарттарында жергиликтүү калк үчүн жумуш орундарын түзүү жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү чаралары милдеттүү тартипте каралат.
45. Конкурстун жеңүүчүсү келишимди түзүүдөн баш тарткан же кол коюлган келишимди белгиленген мөөнөттө бербеген учурда Комиссия жыйынтыктоочу рейтингге ылайык экинчи орунду ээлеген катышуучуну, мындай катышуучу минималдуу талаптарга жана өтүү баллына шайкеш келген шартта, аны жеңүүчү деп аныктоого укуктуу. Экинчи орунду ээлеген катышуучу баш тарткан учурда конкурс өткөн жок деп таанылат жана кайра конкурс жарыяланат.
Конкурстун экинчи катышуучусу баш тарткан же ага сунуш жиберилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жооп бербеген учурда Комиссиянын чечими менен конкурс өткөн жок деп таанылат жана инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайра конкурс жарыялайт.
46. Комиссия конкурстун жеңүүчүсүн жарыялаган учурда лоттун демилгечисинин келишимди түзүүдөн бир тараптуу тартипте баш тартууга укугу жок.
Келишимдин шарттары тараптардын макулдашуусу боюнча гана жана жазуу жүзүндө өзгөртүлүшү мүмкүн.
47. Инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жеңүүчү менен келишим түзүлгөндөн кийин 25 календардык күндөн кечиктирбестен өзүнүн расмий сайтына лот боюнча конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө кулактандырууну жайгаштырат.
48. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү ушул Жобонун 43 жана 44-пункттарына ылайык түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык лотту ишке ашырбаса, көрсөтүлгөн келишимди бузуу демилгеленет жана ушул Жободо белгиленген тартипте кайра конкурс жарыяланат.
49. Календардык пландын, инвестициялык милдеттенмелердин же келишимдин башка шарттарын олуттуу бузуу аныкталганда лоттун демилгечиси бузуулар жөнүндө акт түзөт жана эгерде мыйзамда башкача каралбаса, бузууну жана аны жоюу үчүн акылга сыярлык мөөнөттү көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү кабарламаны инвесторго жиберет. Бузуу белгиленген мөөнөттө жоюлбаган учурда демилгечи келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте келишимди бузууну демилгелөөгө укуктуу. Бузууну баалоодо ал жеткис күчтүн жагдайлары, ошондой эле долбоорду ишке ашырууга таасирин тийгизген мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттенмелерди аткарууну кечиктирүүсү эске алынат.
50. Конкурстун жеңүүчүсү келишим түзүлгөндөн кийин 3 айдан кечиктирбестен жумуштардын календардык планын ишке ашыруунун алкагында лотту ишке ашыруу процессин баштоого тийиш.
51. Эгерде тараптар долбоорду ишке ашыруунун белгиленген мөөнөттөрүнүн жана бюджетинин чегинде келишимдин бардык шарттарын сактаса, лот ишке ашырылды деп эсептелет.
52. Инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвестициялык лоттун электрондук карточкасынын жана тараптардын отчеттуулугунун негизинде инвестициялык лоттордун ишке ашырылышына жарым жылда кеминде бир жолу мониторинг жүргүзөт. Мониторинг инвестициялардын иш жүзүндөгү көлөмүн, каржылоо графигинин жана календардык пландын сакталышын, жумуш орундарын түзүүнү, тараптардын инфраструктуралык жана башка милдеттенмелеринин аткарылышын, ошондой эле келишимде белгиленген негизги көрсөткүчтөргө жетүүнү баалоону камтыйт.
53. Лоттун демилгечиси тиешелүү жарым жылдык аяктагандан кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө жарым жылдык маалыматты берет. Отчеттуулуктун формасы инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
54. Инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан лоттун демилгечисинин отчеттуулугунун, календардык пландын аткарылышын, инвестициялык милдеттенмелердин аткарылышын талдоонун негизинде жүргүзүлөт жана аныкталган бузуулар белгиленген мөөнөттө жоюлбаган учурда лоттун демилгечиси же инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган келишимдин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны бузуу жөнүндө маселени кароону демилгелөөгө укуктуу.
| | | Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Инвестициялык лот
___________________________________________________________________ (Инвестициялык лоттун демилгечиси)
Лотту түзүүдө демилгечи демилгеленген инвестициялык долбоорлордун өзгөчөлүгүн эске алуу, ар бир пункт боюнча төмөнкү маалыматты милдеттүү киргизүү менен мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан лот боюнча инвесторго карата чечимдердин же сунуштардын комплексин берүүгө милдеттүү:
1) лоттун аталышы;
2) дареги/жайгашкан жери (сыпаттоо жана картада көрсөтүү);
3) учурдагы өндүрүштүк, социалдык, туристтик инфраструктураны сыпаттоо, транспорттук жана инженердик коммуникациялардын бар/жок экендигин, алардын учурдагы кубаттуулуктарын көрсөтүү менен лоттун жайгашкан жери;
4) инвестор үчүн келечектүүлүгү;
5) учурдагы активдер жана эскирүү абалы;
6) ишке ашыруудагы тобокелдиктер;
7) өзүн-өзү актоо мөөнөттөрү менен капиталдык салымдарды эсептөөлөр;
8) чийки зат базасын жана сатуу рынокторун талдоо үчүн маалымат;
9) имараттын (имараттардын), курулманын (курулмалардын) болушу;
10) инфраструктуранын болушу же жок экендиги: электр тармактары, суу менен камсыз кылуу, канализация, тазалоочу курулмалар, газ менен камсыз кылуу, жылуулук менен камсыз кылуу, асфальтталган (шагыл төшөлгөн) жолдор, темир жолдор;
11) квалификациялуу адистердин жана жумуш орундарынын болушу, Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында болууга жана эмгектенүүгө укук берүүчү инвестициялык визаларды жана иштөөгө уруксаттарды тариздөө;
12) лоттун долбоору боюнча экологиялык, эпидемиологиялык, архитектуралык-шаар куруу жана башка талаптарга ылайык учурдагы жана (же) даярдалган уруксат берүүчү документтер;
13) жер тилкесинин статусу, жердин категориясын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө;
14) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, инвестор тарабынан жерди алууда жаңы жер пайдалануучулар жана менчик ээлери тарабынан жоготуулардын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөө менен айыл чарба жерлерин айыл чарба багытындагы, токой, суу фондунун жана запастагы жерлердин категорияларынан жердин башка категорияларына же айыл чарбасы жана токой чарбасы өндүрүшүнө байланышпаган жерлердин түрлөрүнө которуу (трансформациялоо) наркын эсептөөлөр менен чыгымдар;
15) сумманы, ошондой эле аларды алып салууга убакытты көрсөтүү менен сунушталган лотко оорчулуктардын, күрөөнүн, камактын бар экендиги жөнүндө.
Инвестициялык лоттун курамына киргизилүүчү жеке маалыматтарды камтыган маалымат алардын купуялуулугун жана уруксатсыз алуудан коргоону камсыз кылуу менен Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштетилүүгө жана сакталууга тийиш;
16) лицензиялардын, уруксаттардын болушу/жок экендиги статусу жана аларды алуу үчүн наркты жана убакытты көрсөтүү менен алардын болушуна милдеттүү талаптар жөнүндө;
17) маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маданий мурастын объекттеринин бар же жок экендиги жөнүндө корутундусу;
18) башка шарттар (демилгеленген инвестициялык долбоордун өзгөчөлүгүнө жараша);
19) лоттун демилгечисинин маалыматтары (аты-жөнү, ээлеген кызмат орду (кызмат орундары), жооптуу адамдын (адамдардын) телефондору, электрондук почтасы).
| | | Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Инвестициялык лот боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча конкурска катышуу үчүн АНКЕТА
___________________________________________________________________________________ (инвестициялык лоттун аталышы)
| № | Конкурстун катышуучусу жөнүндө маалыматтар | Датасы | Документтерди берген адамдын аты-жөнү, паспорттук маалыматтары | Документтерди берген адамдын колу | |
| Жеке ишкерлер үчүн: ишкердик иш менен алектенген жеке жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн же патенттин реквизиттери | Юридикалык жактар үчүн: аталышы, мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн номери жана датасы, каттаган органдын аталышы | ||||
| 1 | |||||
| 2 | |||||
| 3 | |||||
| Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Инвестициялык долбоорлорду баалооМЕТОДИКАСЫ
1. Конкурстук өтүнмөлөрдү баалоо инвестициялык конкурстук тандоону жүргүзүү боюнча конкурстук комиссиянын (мындан ары - Комиссия) ар бир мүчөсү тарабынан өз алдынча 100 баллдык шкала боюнча жүргүзүлөт.
2. Баалоонун сунушталуучу түзүмү: стратегиялык артыкчылыктарга шайкештиги - 20 балл; финансылык жана техникалык ишке ашырылышы - 25 балл; социалдык-экономикалык натыйжалуулугу - 20 балл; тобокелдиктер жана аларды минималдаштыруу чаралары - 10 балл; узак мөөнөттүү туруктуулугу - 15 балл; инфраструктуралык жана региондук өнүгүүгө таасири - 10 балл.
3. Ар бир критерий боюнча конкурстук документтерде өлчөнүүчү көрсөткүчтөр жана ырастоочу документтер камтылууга тийиш. Конкурс жөнүндө жарыялангандан кийин критерийлерди, алардын салмагын жана методикасын өзгөртүүгө уруксат берилбейт.
4. Катышуучунун жыйынтыктоочу баллы баалоого катышкан Комиссия мүчөлөрү тарабынан коюлган баллдын арифметикалык орточо мааниси катары аныкталат. Эгерде конкурс жарыяланганга чейин конкурстук документтерде бир кыйла жогору босого белгиленбесе, өтүүчү минималдуу балл 100 баллдын ичинен 60 баллды түзөт.
5. Жыйынтыктоочу баллдын негизинде катышуучулардын рейтинги түзүлөт. Эң көп жыйынтыктоочу баллды алган жана квалификациялык талаптарга шайкеш келген катышуучу жеңүүчү деп таанылат.
6. Жыйынтыктоочу балл бирдей болгон учурда инвестициялардын көбүрөөк көлөмүн сунуштаган катышуучу артыкчылыкка ээ болот; бул көрсөткүч бирдей болгон учурда - түзүлүүчү туруктуу жумуш орундарынын саны көбүрөөк болгонго; андан ары да тең чыккан учурда Комиссия тарабынан милдеттүү жүйөлөштүрүү менен ачык добуш берүү менен чечим кабыл алынат.
7. Комиссия мүчөлөрүнүн жеке баалоо баракчалары жана жыйынды баалоо баракчасы Комиссиянын жыйынынын протоколунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · ага шилтеме бергендер: 2 · байланышкандар: 0
Документке шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 357 "Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 12.07.2023 · № 357
- Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 357 токтомуна ылайык) жобоПоложение · 12.07.2023 · № 357
Документ шилтеме берген актылар (6)
- Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндөЗакон · 12.08.2025 · № 198
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 357 "Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 12.07.2023 · № 357
- Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 26.07.1999 · № 91
- Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 210
- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтомуна)Инструкция · 03.03.2020 · № 120