# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-октябрындагы № 363 "Айрым жарандардын турак жай маселелерин чечүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-октябрындагы № 363 "Айрым жарандардын турак жай маселелерин чечүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 363
- Кабыл алынган күнү: 26.10.2026
- Редакциянын күнү: 26.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052874>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-11262/edition/60842/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052874.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-октябрындагы № 363 "Айрым жарандардын турак жай маселелерин чечүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы (26.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052874

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2026-жылдын 26-октября № 363

Айрым жарандардын турак жай маселелерин чечүү боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын «Нур-Жайык» кичи районунда жашаган жарандардын турак жай маселесин чечүү максатында, «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 81-статьяларына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222-статьясына, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 11-беренесинин 2-пунктуна, 58-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун жана анын туунду коому – «Макмал Голд Компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын «Нур-Жайык» кичи районунда жайгашкан кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк объекттерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине акысыз өткөрүп берүү жөнүндө сунушуна 1, 2-тиркемелерге ылайык макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:

1) ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине кабыл алсын;

2) ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясына өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясы тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте белгиленген тартипте:

1) ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү кабыл алсын жана аны сактоону камсыз кылсын;

2) ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү ушул Жарлыкка ылайык аныкталган жарандардын менчигине кийин тариздөө боюнча уюштуруучулук, укуктук жана башка иш-чараларды жүргүзүүнү камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ушул Жарлыкта каралган иш-чараларды ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын жана тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишин координациялоону белгиленген тартипте камсыз кылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды белгиленген тартипте көрсүн.

6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 27-октябрындагы № 81 (3841) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Президенти | | С.Н. Жапаров |
