# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-октябрындагы № 725 «Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-октябрындагы № 725 «Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 725
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2026
- Редакциянын күнү: 27.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052865>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58936/edition/60832/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052865.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-октябрындагы № 725 «Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому (27.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052865

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 27-октябры № 725

Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларынын негизинде тышкы зайымдардын жана гранттардын эсебинен толугу менен же жарым-жартылай ишке ашырылуучу мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун аныктоонун, тандоонун, ишке ашыруунун, контролдоонун жана баалоонун макулдашылган жана бирдиктүү процессин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 28, 30, 35, 62, 71-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-майындагы № 232 «Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 714 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-майындагы № 232 «Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 405 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-майындагы № 232 «Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 30-октябрындагы № 82 (3842) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
