# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 21-октябрындагы № 353 Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларын социалдык коргоо деңгээлин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 21-октябрындагы № 353 Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларын социалдык коргоо деңгээлин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 353
- Кабыл алынган күнү: 21.10.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052843>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-11259/edition/60789/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052843.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 21-октябрындагы № 353 Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларын социалдык коргоо деңгээлин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому (21.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052843

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2026-жылдын 21-октябры № 353

Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларын социалдык коргоо деңгээлин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларын социалдык коргоо жана колдоо деңгээлин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19, 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. 2027-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөр белгиленсин:

1) ар айлык социалдык жөлөкпулдардын жана кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрү 1-тиркемеге ылайык;

2) "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-статьясынын "в" пунктунда каралган мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кызматчыларына майыптыгы боюнча пенсиянын эң төмөнкү өлчөмү 12300 сом өлчөмүндө;

3) "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган Чернобыль АЭСиндеги жана башка жарандык же аскердик багыттагы атомдук объекттердеги авариялардын кесепеттерин жоюуга катышкандардын пенсияларына ар айлык компенсациялык төлөмдөр 1000 сом өлчөмүндө;

4) "Мать-героиня" же "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган энелердин пенсияларына үстөк 5000 сом өлчөмүндө;

5) Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларына жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсациялардын өлчөмдөрү 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) 2027-жылдын 1-январынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүн көбөйтүүнүн эсебинен төмөнкүлөргө пенсиянын өлчөмдөрүн жогорулатсын:

- I топтогу майыптыгы боюнча пенсия алуучуларга - 9500 сомго чейин;

- III топтогу майыптыгы боюнча пенсия алуучуларга - 5000 сомго чейин;

2) ушул Жарлыктын 1-пунктунда жана ушул пункттун 1-пунктчасында каралган ар айлык социалдык жөлөкпулдарды, кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулдарды, пенсияларды, ар айлык компенсацияларды жана пенсияларга үстөктөрдү, жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсацияларды республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөөнү жүргүзсүн;

3) ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 132 "Жарандардын айрым категорияларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Президенти |  | С.Жапаров |
| --- | --- | --- |
|  |  | 1-тиркеме |

Ар айлык социалдык жөлөкпулдардын жана кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрү

| № | Социалдык төлөмдөрдүн түрлөрү | Социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү (сом менен) |
| --- | --- | --- |
| 1. Ар айлык социалдык жөлөкпул |  |  |
| 1 | ВИЧ же СПИД менен ооруган энелерден төрөлгөн балдар | 11000 |
| 2 | Майыптыгы бар балдар | 11000 |
| 3 | Ата-энесинин биринен айрылган балдар | 5000 |
| 4 | Ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдар | 8000 |
| 5 | I топтогу бала кезинен майыптыгы бар адамдар | 11000 |
| 6 | II топтогу бала кезинен майыптыгы бар адамдар | 9600 |
| 7 | III топтогу бала кезинен майыптыгы бар адамдар | 8400 |
| 8 | I топтогу майыптыгы бар адамдар | 8500 |
| 9 | II топтогу майыптыгы бар адамдар | 6000 |
| 10 | III топтогу майыптыгы бар адамдар | 5000 |
| 11 | Баатыр энелер | 5000 |
| 12 | Улгайган жарандар | 3000 |
| 13 | Ата-энесинин экөө тең белгисиз балдар | 8000 |
| 2. Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул |  |  |
| 14 | 2021-жылдын 28-30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Баткен жана Ош облустарында болгон окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткан адамдар | 6500 |
| 15 | 2002-жылдын 17-18-мартында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунда болгон окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткан адамдар | 5500 |
| 16 | 2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткан адамдар | 5500 |
|  |  | 2-тиркеме |

Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларына жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсациялардын өлчөмдөрү

| № | Компенсацияга укуктуу жарандардын категориялары | Айына акчалай компенсациялардын өлчөмдөрү (сом менен) |
| --- | --- | --- |
| 1 | Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары | 11000 |
| 2 | Концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундары | 11000 |
| 3 | "За оборону Ленинграда" медалы жана/же "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдар | 11000 |
| 4 | Башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринде жаракат алган майыптыгы бар аскер кызматчылары | 11000 |
| 5 | СССРди коргоодо же башка мезгилдерде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда жарадар болуунун, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болгон аскер кызматчылары | 11000 |
| 6 | Башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучулары | 9000 |
| 7 | Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жабыр тарткан майыптыгы бар адамдар жана нурлануу оорусуна чалдыккан жана жабыркаган адамдар | 11000 |
| 8 | 1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар | 4500 |
| 9 | Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана/же медалдары менен сыйланган, майыптуулук тобу бар адамдар | 3000 |
| 10 | Социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча саясий жана (же) диний ынанымдары үчүн репрессиялардын натыйжасында жабыр тарткан реабилитацияланган жарандар | 2500 |
| 11 | 1988-1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар | 3000 |
| 12 | Чернобыль АЭСиндеги авариянын натыйжасында курман болгондордун, нурлануу оорусунун кесепетинен каза болгондордун жана каза болгон майыптардын үй-бүлөлөрү | 2500 |
| 13 | Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен радиацияга дуушар болгон ата-энелердеги генетикалык өзгөрүүлөрдүн кесепетинен тубаса оорулары же өнүгүүсүнүн аномалиялары бар биринчи жана кийинки эки муундун балдары | 2500 |
| 14 | Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптуулук тобу жок адамдар | 2000 |
| 15 | Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү | 2500 |
| 16 | Аскер кызматынын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү | 2500 |
| 17 | Кызматтык милдеттерин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде жарадар болуунун, жаракат алуунун, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен кызматтан бошогондон кийин каза болгон ички иштер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү | 2000 |
| 18 | Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон майыптарынын экинчи никеге турбаган жесирлери (жесилдери) | 2500 |
| 19 | Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон катышуучуларынын экинчи никеге турбаган жесирлери (жесилдери) | 2500 |
| 20 | "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" төш белгиси менен сыйланган адамдар | 2000 |
| 21 | Бала кезинен көрүүсү (I жана II топтогу) жана угуусу боюнча (тубаса дүлөй, дүлөй-дудук адамдар) майыптыгы бар адамдар | 2000 |
| 22 | 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары | 2000 |
