# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-октябрындагы № 813-т (2024-жылдын 29-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» жоопкерчилиги чектелген коому түрүндөгү чет элдик ишкананын ортосундагы «Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга экинчи этапты ишке ашыруу бөлүгүндө кошумча макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-октябрындагы № 813-т (2024-жылдын 29-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» жоопкерчилиги чектелген коому түрүндөгү чет элдик ишкананын ортосундагы «Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга экинчи этапты ишке ашыруу бөлүгүндө кошумча макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 813-т
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052840>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-20115/edition/60787/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052840.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-октябрындагы № 813-т (2024-жылдын 29-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» жоопкерчилиги чектелген коому түрүндөгү чет элдик ишкананын ортосундагы «Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга экинчи этапты ишке ашыруу бөлүгүндө кошумча макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө) тескемеси (27.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052840

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 27-октябры № 813-т

«Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 31-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. 2024-жылдын 29-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» жоопкерчилиги чектелген коому түрүндөгү чет элдик ишкананын ортосундагы «Бишкек шаарында таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга экинчи этапты ишке ашыруу бөлүгүндө кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Бишкек шаарынын мэрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кошумча макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
