# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 15-октябрындагы № 665 (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 15-октябрындагы № 665 (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 665
- Кабыл алынган күнү: 15.10.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052830>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-20110/edition/60776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052830.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 15-октябрындагы № 665 (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси (15.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052830

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 15-октябры № 665

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Кудайбердиев, М.А.Маматалиев, Б.А.Ибрагимов, К.А.Талиева, А.Т.Тумонбаев, Т.А.Масабиров, Т.А.Ашымбаева, Б.Т.Сагынаев, А.А.Козуев, Ж.Ж.Аматов, У.К.Жаанбаев, И.Э.Жороев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 15-июнундагы № 453 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |  | Д.Амангельдиев |
| --- | --- | --- |
|  |  | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 15-октябрындагы № 665 тескемеси менен жактырылган |

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Кудайбердиев, М.А.Маматалиев, Б.А.Ибрагимов, К.А.Талиева, А.Т.Тумонбаев, Т.А.Масабиров, Т.А.Ашымбаева, Б.Т.Сагынаев, А.А.Козуев, Ж.Ж.Аматов, У.К.Жаанбаев, И.Э.Жороев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди. Мыйзамдын долбоору менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына кошумча салыктык жана башка жеңилдиктерди берүүнү караган өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Тактап айтканда төмөнкүлөрдөн бошотуу каралууда:

- кесиптик орто билим берүү уюмдарында, жалпы билим берүү уюмдарында, ошондой эле жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандыгы бар окутуучулардын жана адистердин кирешесинен киреше салыгынан;

- кесиптик орто билим берүү уюмдарынын, жалпы билим берүү уюмдарынын жана жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын пайда салыгынан;

- Кыргыз Республикасында өндүрүлбөгөн, кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын, жалпы билим берүү уюмдарынын жана жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин камсыз кылуу үчүн алынып келинген материалдык-техникалык жабдуулар үчүн товарларды импорттоодо кошумча нарк салыгынан;

- кесиптик орто билим берүү уюмдарынын, жалпы билим берүү уюмдарынын жана жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын сатуудан алынуучу салыгынан;

- кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын, жалпы билим берүү уюмдарынын жана кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жер участокторуна мүлк салыгынан.

Ошондой эле Мыйзамдын долбоору менен төмөнкүлөр сунушталат:

- "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-1-статьясын эмгектик же жарандык-укуктук келишимдер боюнча кесиптик орто билим берүү уюмдарында, жалпы билим берүү уюмдарында жана жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында иштеген чет өлкөлүк жарандыгы бар окутуучуларды жана адистерди камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотууну караган жобо менен толуктоо;

- "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүн эмгектик жана жарандык-укуктук келишимдер боюнча кесиптик орто, жалпы орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү уюмдарында иштеген чет өлкөлүк жарандыгы бар окутуучулар жана адистер үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында болуунун жана эмгек ишин жүзөгө ашыруунун өзгөчө тартибин белгилөөнү караган жобо менен толуктоо.

Жалпысынан Мыйзамдын долбооруна концептуалдык сын пикирлер жок. Ошол эле учурда Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесин төмөнкүдөй мазмундагы ченем менен толуктоо сунушталат: "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 297-беренесинин 2-бөлүгү "26, 30" деген сөздөрдөн кийин ", 31" деген сөздөр менен толукталсын". Муну менен бирге Мыйзамдын долбооруна негиздеме-маалымкатка ылайык чет өлкөлүк окутуучуларды милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бошотуу сунушталып жаткандыгын эске алып, Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесин төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз: "2-берене. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 11-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын: "5-1. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүдөн жана төлөөдөн толук көлөмдө төмөнкүлөр бошотулат:

1) эмгек же жарандык-укуктук келишимдин негизинде иш жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандыгы бар окутуучулардын жана адистердин пайдасына кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдары, жалпы билим берүү уюмдары жана жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары;

2) кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында, жалпы билим берүү уюмдарында жана жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында эмгек же жарандык-укуктук келишимдин негизинде иш жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандыгы бар окутуучулар жана адистер.".

Мындан тышкары, Мыйзамдын долбоорунун бүткүл тексти боюнча "кесиптик орто билим берүү уюмдарында, жалпы билим берүү уюмдарында жана жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү уюмдарында" деген сөздөрдү "башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн билим берүү уюмдары, башталгыч, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз. Баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул корутундуда баяндалган сунуштарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорун кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.
