Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна тиркеме)
Күчүнө кире элек
Документ реестрде «Не вступил в силу» деп белгиленген: ал али күчүнө кире элек. Колдонуудан мурун күчүнө кирген күнүн текшериңиз. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-10-27.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-октябрындагы № 725 токтомуна)
Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун демилгелөөнүн, тандоонун, даярдоонун, ишке ашыруунун, мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун бирдиктүү тартибин белгилейт.
2. Бул Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча) жайылтылат.
3. Бул Жобонун максаты бюджеттик инвестициялардан мүмкүн болушунча жогорку социалдык жана экономикалык кайтарым алуу үчүн мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун даярдоонун жана ишке ашыруунун жогорку сапатын камсыз кылуу болуп саналат.
4. Бул Жобо техникалык жардам көрсөтүү, грант, Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынан тышкары, шашылыш гуманитардык, аскердик жана азык-түлүк жардамы, улуттук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган жардам долбоорлоруна, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу же кесепеттерин жоюу боюнча долбоорлорго колдонулбайт.
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик инвестицияларын башкаруу төмөнкү принциптерге ылайык ишке ашырылат:
1) мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору улуттук, тармактык программаларда, стратегияларда жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн аймактык программаларында аныкталган Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына ылайык демилгеленет жана бекитилет;
2) мамлекеттик инвестициялардын долбоорлоруна карата ушул Жобо менен белгиленген бирдиктүү системалаштырылган процесс жана стандартташтырылган документ жүгүртүү, анын ичинде пайдаланылуучу документтердин бирдиктүү стандарты колдонулат;
3) демилгеленүүчү мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун тандоодо жана бекитүүдө, ошондой эле андан ары баалоодо эске алынуучу алардын натыйжалуулугунун жана майнаптуулугунун өлчөнүүчү индикаторлору аныкталат;
4) аяктаган мамлекеттик инвестициялык долбоорлорго карата аткаруучу агенттиктер тарабынан бекитилген методикаларга ылайык алардын натыйжалуулугуна милдеттүү түрдө баалоо жүргүзүлөт, андан кийин маалымат экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет, ал өз кезегинде долбоорлордун натыйжалуулугун талдоонун жыйынтыктары боюнча аткаруучу агенттиктерге сунуштамаларды жөнөтөт;
5) тиешелүү кызмат адамдары мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун пландоо, демилгелөө, ишке ашыруу, аяктоо, баалоо жана мониторинг жүргүзүү, ошондой эле долбоорлордун ишке ашырылышын баалоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды чогултуу жана даярдоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
6) мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун бекитүү жана каржылоо Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына жана бюджеттик циклине ылайык жүзөгө ашырылат;
7) мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун каржылоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясын эске алуу менен жүзөгө ашырылат;
8) мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун пландоо, ишке ашыруу, аяктоо жана баалоо процесстери жана алардын натыйжалары ачык-айкын жана коомчулук үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
6. Ушул Жободо төмөнкү терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) долбоордун активдери – мамлекеттик инвестициялардын долбоорун ишке ашыруунун натыйжасында пайда болгон объект же объекттер, кызмат көрсөтүүлөр же башка функциялык баалуулугу;
2) долбоордун бенефициарлары – мамлекеттик инвестициялардын долбоорунун алкагында ишке ашырылган иш-чаралардан пайда алуучу жеке же юридикалык жактар;
3) бюджеттик инвестициялар – Кыргыз Республикасында мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун каржылоо же тең каржылоо формасында ишке ашырууга багытталган республикалык же жергиликтүү бюджеттердин каражаттары, ошондой эле тышкы булактардан (эки тараптуу жана көп тараптуу донорлордун кредиттери жана гранттары) алынган каражаттар;
4) долбоордун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине тийгизген таасири – мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин чыгашаларын азайтууга же көбөйтүүгө тийгизген болжолдуу таасири;
5) ички мамлекеттик жол-жоболор – Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдер жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимин ратификациялоо, ага кошулуу же бекитүү процесси;
6) мамлекеттик инвестициялар – Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларынын негизинде тышкы зайымдарды жана гранттарды тартуу менен ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоого багытталган республикалык бюджеттин каражаттары;
7) зайымдын грант-элементи – Эл аралык валюта фондунун принциптеринин жана параметрлеринин негизинде бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген методикага ылайык эсептелүүчү зайымдын жеңилдик даражасы;
8) донор – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик инвестициялык долбоорун ишке ашыруу үчүн кредит же грант берүүчү эки тараптуу же көп тараптуу өнөктөш;
9) долбоордун натыйжалуулугунун индикаторлору – мамлекеттик инвестициялардын долбоорун ишке ашыруунун натыйжаларын өлчөө үчүн колдонулуучу сандык жана сапаттык, финансылык жана финансылык эмес көрсөткүчтөр;
10) аткаруучу агенттик – бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү болуп саналган жана каржылоо жөнүндө макулдашууга ылайык мамлекеттик инвестициялардын долбоорун демилгелөө, даярдоо жана ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган;
11) долбоордун координатору – белгилүү бир мамлекеттик инвестициялар долбоорун пландоо, демилгелөө, ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү жана ишке ашыруунун натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүү үчүн жооптуу аткаруучу агенттиктин өкүлү;
12) ишке ашыруу натыйжаларынын матрицасы – мамлекеттик инвестициялардын долбоорунун натыйжаларынын максаттуу индикаторлорун жана ага жетишүүнүн мөөнөттөрүн камтыган документ;
13) долбоорду ишке ашыруу бөлүмү – мамлекеттик инвестициялардын долбоорун ишке ашыруу боюнча милдеттерди жүзөгө ашыруучу аткаруучу же ишке ашыруучу агенттиктин курамында убактылуу түзүлгөн бөлүм;
14) долбоордон кийинки мезгилде долбоордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо – мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун таасиринин, пландалган индикаторлорго жетишүү, долбоорду ишке ашыруу аяктагандан кийинки мезгилде анын активдеринин натыйжалуу иштешинин даражасын сандык жана сапаттык жактан аныктоого багытталган мониторингдик жана аналитикалык изилдөөлөрдүн комплекси;
15) өнүктүрүү сценарийи үчүн долбоорлордун тизмеси – ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдалган, ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жактырылган, бирок каржылоо албаган мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору;
16) мамлекеттик инвестициялардын долбоору (мындан ары – долбоор) – так аныкталган максаттары жана натыйжалары бар, белгиленген графиктин жана уюштуруу түзүмүнүн алкагында ишке ашырылуучу иш-чаралар комплекси. Ушул Жобонун максаттары үчүн мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору деп Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларынын негизинде тышкы зайымдарды жана гранттарды тартуу менен республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлор түшүнүлөт;
17) долбоордук өтүнмө – ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн, мамлекеттик инвестициялардын долбоору жөнүндө негизги маалыматтарды камтыган демилгелөөчү документ;
18) алкактык макулдашуу – мамлекеттик инвестициялардын айрым долбоорлорунун алкагында келечекте ишке ашырылуучу кызматташуунун формалары, багыттары жана шарттары жөнүндө тараптардын принциптүү макулдашууларын аныктоочу жана долбоорлордун алдын ала тизмесин, аларды каржылоо көлөмүн жана шарттарын (зарлыдыгына жараша) камтыган келишим;
19) ишке ашыруучу агенттик – каржылоо жөнүндө макулдашууга ылайык мамлекеттик инвестициялардын долбоорун ишке ашырууга жооптуу же аны ишке ашырууга катышкан юридикалык жактын статусуна ээ болгон уюм, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;
20) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши (мындан ары – Кеңеш) – Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде аныкталган мааниде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн коллегиялуу орган;
21) каржылоо жөнүндө макулдашуу – Кыргыз Республикасы менен донордун ортосунда түзүлүүчү, мамлекеттик инвестициялардын долбоорун ишке ашыруунун финансылык, юридикалык жана башка шарттарын белгилөөчү эл аралык же эл аралык эмес келишим;
22) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясатты, ошондой эле ички аудит жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган;
23) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – макроэкономика, инвестициялар, экономикалык жана региондук өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган;
24) юридикалык корутунду – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык макулдашууну жактыруу, кол коюу жана ратификациялоо жол-жоболорунун аткарылгандыгын, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Эл аралык финансы уюмдарына мүчөлүгү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы же макулдашуунун күчүнө кириши үчүн талап катары эл аралык уюмдардын шарттары менен корутунду берүү каралган учурда анын жоболорунун юридикалык милдеттүүлүгүн ырастаган юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу;
25) Туруктуу өнүктүрүү максаттары – экономикалык өсүш, социалдык интеграциялоо жана айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу туруктуу өнүктүрүүнүн үч негизги аспектисинде тең салмактуу бирдей прогрессти камсыздоого багытталган 17 глобалдуу максаттан жана 169 милдеттен турган комплекс;
26) мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун маалыматтарын эсепке алуунун автоматташтырылган системасы – ишке ашырылып жана пландалып жаткан мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү, ошондой эле долбоорлордун бюджетинин аткарылышын жана ишке ашыруу мөөнөттөрүнүн сакталышын контролдоо үчүн арналган бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан маалыматтык платформа;
27) долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн/тобунун директору/ менеджери – долбоордун практикалык ишке ашырылышын уюштуруу, бардык иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу, пландалган натыйжаларга жетүү, бекитилген планга жана бюджетке ылайык мамлекеттик инвестициялардын долбоорун аяктоо үчүн жооптуу болгон долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн/тобунун жетекчиси;
28) каражаттарды өздөштүрүү – каржылоо жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык аткаруучу/ишке ашыруучу агенттиктердин жана долбоорду ишке ашыруу бөлүмдөрүнүн суроо-талаптары боюнча долбоорду ишке ашыруунун алкагында донорлор тарабынан которулган каражаттар;
29) коштоочу иш-чаралар – долбоордун негизги техникалык же инфраструктуралык компоненттери болуп саналбаган, аны даярдоону, уюштурууну, башкарууну, мониторинг жүргүзүүнү, баалоону жана туруктуу ишке ашырууну камсыз кылуучу кошумча иш-аракеттердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн комплекси (анын ичинде консультациялык кызмат көрсөтүүлөр, техникалык көзөмөлдөө, аудит, операциялык чыгымдар, окутуу жана квалификацияны жогорулатуу).
3-глава. Долбоорлорду демилгелөө,
тандоо жана даярдоо тартиби
7. Долбоорлорду демилгелөө, тандоо жана даярдоо тартиби өзүнө төмөнкүдөй ырааттуу этаптарды камтыйт:
1) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча долбоордук өтүнмөнү түзүү жана жөнөтүү аркылуу аткаруучу агенттик тарабынан долбоорду демилгелөө;
2) келип түшкөн долбоордук өтүнмөгө карата бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан корутунду даярдоо;
3) келип түшкөн долбоордук өтүнмөгө карата экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан корутунду даярдоо;
4) аткаруучу агенттик тарабынан долбоордук документтерди же техникалык-экономикалык негиздемени, ошондой эле ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча бардык кызыкдар тараптар менен макулдашылган жол картасын даярдоо;
5) долбоордук документтерге же техникалык-экономикалык негиздемеге карата бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан корутунду даярдоо;
6) долбоордук документтерге же техникалык-экономикалык негиздемеге карата экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан корутунду даярдоо;
7) Кеңеш тарабынан долбоорду кароо жана демилгеленген долбоорго карата чечим кабыл алуу.
8. Долбоор республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан демилгеленген учурда, долбоордук өтүнмөгө Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу же жүйөлүү баш тартуусу тиркелет. Долбоорду макулдашуудан баш тартуу негиздүү болууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шилтемелерди камтууга, ошондой эле мындай чечимди кабыл алууга негиз болгон конкреттүү сын пикирлерди жана (же) мамлекеттик саясатка шайкеш эместиктерди чагылдырууга тийиш.
9. Долбоорду демилгелөөнүн алкагында аткаруучу агенттик өзүнүн буйругу менен долбоордун координаторун (мындан ары – координатор) бекитет. Долбоордук өтүнмөнү экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна киргизүүдө аталган буйруктун көчүрмөсү милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш.
10. Координаторго аткаруучу агенттик тарабынан долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан бардык маселелерди башкарууга ыйгарым укук берилет, анын ичинде:
1) долбоорду пландоо, демилгелөө, мониторинг жүргүзүү, ишке ашыруу жана натыйжалуулугун баалоо;
2) каржылоо жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык аткаруучу агенттиктин атынан долбоордун каражаттарын тескөө;
3) долбоор боюнча документтерге кол коюу;
4) каржылоо жөнүндө макулдашууга ылайык долбоорду ишке ашыруу, сатып алуу пландарынын аткарылышын, ошондой эле аткаруучу агенттиктин жана башка кызыкдар тараптардын техникалык жана финансылык отчеттуулугун камсыз кылууну координациялоо;
5) донор, мамлекеттик органдар жана башка кызыкдар жактар менен өз ара аракеттенүү.
11. Долбоордун координатору болуп аткаруучу агенттиктин ишке ашырылып жаткан долбоор менен байланышкан маселелер кызматтык милдеттеринин чөйрөсүнө кирген, жетекчинин орун басарынан төмөн эмес кызмат ордун ээлеген кызмат адамы дайындалат.
12. Долбоордук өтүнмөнү даярдоо үчүн аткаруучу агенттик көз карандысыз эксперттерди, мамлекеттик же жеке уюмдардын өкүлдөрүн тартууга, ошондой эле көрсөтүлгөн максаттарга гранттык техникалык жардам алуу үчүн донорлорго кайрылууга укуктуу.
13. Долбоордук өтүнмөнү даярдоо үчүн гранттык техникалык жардам тартуу зарыл болгон учурда бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аткаруучу агенттиктин суроо-талабынын негизинде донорлорго тиешелүү кайрылуу жөнөнтөт.
14. Долбоордук өтүнмөнү даярдоо үчүн кредиттик каражаттарды тартууга жол берилбейт.
15. Донор долбоорду (долбоордук өтүнмөнү) даярдоо үчүн гранттык техникалык жардам бөлүү жөнүндө чечим кабыл алган учурда аткаруучу агенттик аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тариздөө жана өздөштүрүү жол-жоболорун жүзөгө ашырат.
16. Долбоордук өтүнмөнү даярдоодо аткаруучу агенттик бул процесске төмөнкүлөрдү тартууну камсыз кылат:
1) аткаруучу агенттиктин коомдук кеңешинин өкүлүн (бар болгон учурда);
2) аймагында долбоорду ишке ашыруу пландалып жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн (макулдашуу боюнча) же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциацияларынын өкүлдөрүн (макулдашуу боюнча).
17. Долбоордук өтүнмөнү даярдоодо долбоордун жалпы наркында консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы төмөнкү параметрлерден ашпоого тийиш:
1) инфраструктуралык долбоорлор боюнча инженердик-консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө – 10 %дан ашык эмес;
2) билим берүүнү, саламаттык сактоону, социалдык коргоону өнүктүрүүгө, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлор боюнча – 25 %дан ашык эмес;
3) операциялык чыгашаларга (долбоорду ишке ашыруу бөлүмүн күтүү, административдик чыгашалар), ошондой эле тренингдерди өткөрүүгө жана окутууга – 5 %дан ашык эмес.
18. Түзүлгөн долбоордук өтүнмө аткаруучу агенттик тарабынан баалоо жүргүзүү үчүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт.
19. Ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча толук көлөмдө толтурулган долбоордук өтүнмөлөр гана кароого кабыл алынат.
20. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 10 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө долбоордук өтүнмөнү төмөнкүлөр боюнча баалоону жүргүзөт:
1) долбоорду республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен кошо каржылоо мүмкүндүгү;
2) аткаруучу же ишке ашыруучу агенттиктин мурда алынган кредиттик милдеттенмелер боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карызынын жоктугу.
21. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 10 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө долбоордук өтүнмөнүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин улуттук стратегиялык документтерине, программаларына шайкештиги боюнча ал бекиткен методикага ылайык баалоону жүргүзөт.
22. Долбоордук өтүнмөнү баалоонун жыйынтыгы боюнча бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү корутундулардын бирин берет:
1) оң корутунду;
2) долбоордук өтүнмөнү толуктап иштеп чыгууга кайтаруу жөнүндө корутунду;
3) терс корутунду.
23. Техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) же долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга багытталган мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун демилгелөө аткаруучу агенттиктин негизделген сунушунун негизинде жүзөгө ашырылат.
24. Долбоордук өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) долбоордун максатын;
2) бөлүштүрүү жана финансылык план менен каржылоонун болжолдуу көлөмүн;
3) ТЭН же долбоордук документтердин күтүлүүчү натыйжаларын;
4) даярдоо мөөнөттөрүн.
25. Аткаруучу агенттик техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) же долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын оң корутундуларын алган учурда долбоорду Кеңештин жыйналышында кароо жөнүндө Кеңештин катчылыгына сунуш киргизүүгө укуктуу.
26. Долбоордук өтүнмө ыйгарым укуктуу органдар тарабынан толуктап иштеп чыгууга кайтарылган учурда аткаруучу агенттик толукталып иштелип чыккан долбоордук өтүнмөнү ушул Жобого ылайык кароого кайрадан киргизе алат. Долбоордук өтүнмө үч жолудан ашык кайтарылган учурда долбоордук өтүнмө кайрадан кароого кабыл алынбайт. Ошол эле учурда долбоордук өтүнмөнүн белгиленген талаптарга шайкеш эместиги үчүн жоопкерчилик аткаруучу агенттикке жүктөлөт.
27. Ыйгарым укуктуу органдардын биринин же экөөнүн тең терс корутундусу долбоордун максатка ылайыксыз экендигин билдирет, ушуга байланыштуу демилгеленген долбоор боюнча долбоордук өтүнмө кайрадан кароого кабыл алынбайт.
28. Долбоордук өтүнмөнүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жактырылышы долбоордун кийин Кеңеш же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан милдеттүү түрдө жактырылышын билдирбейт.
29. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан долбоордук өтүнмөнү баалоонун жыйынтыгы боюнча оң корутунду алган учурда аткаруучу агенттик долбоорду каржылоо үчүн кызматташууга кызыкдар экендигин билдирүү менен бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу донорлорго кайрылууга укуктуу.
30. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан долбоордук өтүнмөнү баалоонун жыйынтыгы боюнча оң корутунду алган учурда аткаруучу агенттик долбоордук документтерди же техникалык-экономикалык негиздемени даярдоону баштоого укуктуу.
31. Долбоордук документтерди же техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо аткаруучу агенттик тарабынан камсыз кылынат. Ал көз карандысыз эксперттерди, мамлекеттик же жеке уюмдардын өкүлдөрүн тартууга, ошондой эле көрсөтүлгөн максаттарга гранттык техникалык жардам алуу үчүн донорлорго суроо-талапты демилгелөөгө укуктуу. Кеңеш менен макулдашуу боюнча өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын чөйрөсүнө кирген стратегиялык маанилүү долбоорлорду кошпогондо, долбоордук документтерди же техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо үчүн кредиттик каражаттарды тартууга жол берилбейт.
32. Гранттык техникалык жардамды жана кредиттик каражаттарды тартуу зарыл болгон учурда ушул Жобонун 31-пунктка ылайык долбоордук документтерди же техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо үчүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аткаруучу агенттиктин суроо-талабынын негизинде донорлорго тиешелүү кайрылууну жөнөтөт.
33. Донор тарабынан долбоордук документтерди же техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо үчүн каржылоо бөлүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда аткаруучу агенттик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны тариздөө жана өздөштүрүү жол-жоболорун жүзөгө ашырат.
34. Аткаруучу агенттик долбоордук документтерди же техникалык-экономикалык негиздемени даярдоонун жүрүшүндө долбоорду бардык кызыкдар уюмдар жана бенефициарлар менен талкуулоону камсыз кылат. Мындай талкуунун жыйынтыктары иштелип чыгуучу документтердин курамында чагылдырылат.
35. Долбоордук документтерде же техникалык-экономикалык негиздемеде долбоордун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине болжолдуу таасирин баалоо камтылууга тийиш.
36. Даярдалган долбоордук документтер же техникалык-экономикалык негиздеме баалоо жүргүзүү жана тиешелүү корутундуларды даярдоо үчүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт.
37. Долбоордук документтер же техникалык-экономикалык негиздеме ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча кыскача маалыматты жана ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча бардык кызыкдар тараптар менен макулдашылган жол картасын тиркөө менен жөнөтүлөт.
38. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 15 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө берилген материалдарды төмөнкүлөр боюнча баалоону жүргүзөт:
– каржылоо параметрлеринин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясына (грант-элементтин эсебин кошкондо) шайкештиги;
– долбоорду республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен кошо каржылоо мүмкүндүгүнүн болушу;
– долбоордун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине болжолдуу таасирин баалоонун аныктыгы.
39. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 15 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө долбоордук документтердин же техникалык-экономикалык негиздеменин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин улуттук стратегиялык документтерине, программаларына шайкештиги боюнча ал бекиткен методикага ылайык баалоону жүргүзөт.
40. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган долбоордук документтерди же техникалык-экономикалык негиздемени донорлордун каражаттарынын же республикалык бюджеттин каражаттары болуп саналбаган башка булактардын эсебинен көз карандысыз баалоону жүргүзүү үчүн эксперттерди, мамлекеттик жана жеке уюмдарды тартууга укуктуу.
41. Долбоордук документтерди же техникалык-экономикалык негиздемени баалоонун жыйынтыгы боюнча бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү корутундулардын бири берилет:
1) оң корутунду;
2) материалдарды аткаруучу агенттикке толуктап иштеп чыгууга кайтаруу жөнүндө корутунду;
3) терс корутунду.
42. Долбоордук документтер же техникалык-экономикалык негиздеме ыйгарым укуктуу органдар тарабынан толуктап иштеп чыгууга кайтарылган учурда аткаруучу агенттик ушул Жобого ылайык аларды толукталып иштелип чыккан түрдө кароого кайрадан киргизүүгө укуктуу.
43. Аткаруучу агенттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын оң корутундуларын алган учурда Кеңештин катчылыгына долбоорду Кеңештин кезектеги жыйналышында кароо жөнүндө сунушту киргизет.
44. Аткаруучу агенттик Кеңештин иш регламентине ылайык Кеңештин жыйналышында долбоорду презентациялоо жана Кеңештин жыйналышына берилүүчү материалдардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
45. Долбоорлордун наркы бекитилген бюджеттик чектөөлөрдөн же тышкы карыз алуулардын көлөмдөрү боюнча чектөөлөрдөн ашып кеткен учурларда чечим артыкчылыктуулукту талдоонун негизинде Кеңеш тарабынан кабыл алынат.
46. Артыкчылыктуулукту талдоо Кыргыз Республикасынын улуттук стратегияларын, ошондой эле улуттук жана региондук программаларын эске алуу менен аткаруучу агенттиктер тарабынан жыл сайын берилүүчү артыкчылыктуулукту тармактык талдоолордун негизинде экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт.
47. Эгерде аткаруучу агенттик тарабынан Кеңештин кароосуна бир нече долбоор даярдалса, Кеңештин жыйналышына чейин бир айдан кечиктирбестен экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга долбоорлордун тармактык тизмеги аларды ишке ашыруунун артыкчылыктуулугун көрсөтүү менен жөнөтүлөт.
48. Кеңеш долбоорду кароонун жыйынтыгы боюнча түздөн-түз же сырттан кароо форматында төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) долбоорду жактыруу;
2) долбоорду аткаруучу агенттикке толуктап иштеп чыгууга кайтаруу;
3) долбоорду четке кагуу.
49. Донор тарабынан долбоорду каржылоо мүмкүндүгү жөнүндө алдын ала оң чечим кабыл алынган учурда аткаруучу агенттик Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдер жөнүндө мыйзамдарына ылайык зарыл болгон жол-жоболорду жүзөгө ашырат.
50. Каржылоо булактары аныкталбастан долбоор Кеңеш тарабынан жактырылган учурда аталган долбоор өнүктүрүү сценарийлери үчүн долбоорлордун тизмегине киргизилет. Тийиштүү тармак үчүн өнүктүрүү сценарийлери үчүн долбоорлордун тизмегин жүргүзүү аткаруучу агенттикке жүктөлөт.
4-глава. Каржылоо жөнүндө макулдашууну түзүү тартиби
51. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн аткаруучу агенттик белгиленген тартипте долбоор Кеңеш тарабынан жактырылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасы менен донордун ортосунда сүйлөшүүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамын бекитүү жөнүндө тескемесинин долбоорун демилгелейт.
52. Аткаруучу агенттиктин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөгө ыйгарым укуктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү тапшырмасы жок болгон учурда макулдашуунун долбоорун жактыруу жана аны андан ары ратификациялоо боюнча зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
53. Документтердин акыркы топтому жана каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору аткаруучу агенттик тарабынан сүйлөшүүлөр башталуучу датага чейин жети календардык күндөн кечиктирилбестен кароо үчүн делегациянын катышуучуларына берилет.
54. Делегациянын катышуучулары сүйлөшүүлөр башталганга чейин мамилелерди макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү позициясын иштеп чыгуу үчүн кеңешме өткөрөт. Кеңешмени уюштуруу үчүн жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген адам саналат. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча протокол таризделет, ага аткаруучу агенттиктин жетекчиси кол коёт жана сүйлөшүүлөр башталганга чейин бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
55. Донор долбоорду каржылоо жөнүндө оң чечим кабыл алган учурда, аткаруучу агенттик «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте каржылоо жөнүндө макулдашууну түзүү жол-жобосун демилгелейт.
56. Бул үчүн аткаруучу агенттик 10 күндүк мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө тескемесинин долбоорун демилгелейт. Аткаруучу агенттик демилгеленген датадан тартып 30 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин белгиленген тартипте макулдашылган долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизет.
57. Аткаруучу агенттик каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюлгандан кийин 10 күндүк мөөнөттө «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификациялоо жол-жобосун демилгелейт. Аткаруучу агенттик демилгеленген датадан тартып 30 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамдын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин макулдашылган долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизет.
58. Эгерде каржылоо жөнүндө макулдашууда анын күчүнө кирүү шарты катары субсидиардык макулдашууну түзүү каралса, аткаруучу агенттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюлган учурдан тартып беш күндүн ичинде субсидиардык макулдашуунун мазмундук бөлүгүн даярдоону демилгелейт.
59. Субсидиардык макулдашууда кредитти берүүнүн шарттары жана ал боюнча төлөмдөрдүн графиги, мамлекеттик зайымды пайдалангандыгы үчүн пайыздык ставка, каржылоо жөнүндө макулдашууга ылайык башка төлөмдөр, зайымчы тарабынан милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо ыкмалары жана анын жоопкерчилиги, ошондой эле бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын зайымчы республикалык бюджетке кепилдик төлөмдөрүнүн ордун толтуруу боюнча милдеттенмелерди аткарбаган учурда, анын эсептеринен карызды талашсыз тартипте өндүрүп алуу укугу көрсөтүлөт. Зайымчы мамлекеттик зайымдар боюнча милдеттенмелерди белгиленген мөөнөттөрдө аткарбаган учурда, бул милдеттенмелер бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аткарылат, андан ары зайымчы жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн ордун толтурат.
60. Аткаруучу агенттик каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлган датадан тартып
3 күндүк мөөнөттө субсидиардык макулдашууну түзүү үчүн зарыл болгон жол-жоболорду демилгелейт жана демилгеленген датадан тартып 15 жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизет.
61. Аткаруучу агенттик субсидиардык макулдашуу түзүлгөн датадан тартып 5 күндүк мөөнөттө:
1) юридикалык корутундуну даярдоо үчүн тиешелүү документтердин топтомун юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт;
2) юридикалык корутундуну кошо алганда, бардык зарыл документтерди англис тилине талаптагыдай түрдө которууну камсыз кылат.
62. Юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган документтердин топтомун алган датадан тартып 10 күндүк мөөнөттө «Кыргыз Республикасынын Эл аралык финансы уюмдарына мүчөлүгү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каржылоо жөнүндө макулдашууга юридикалык корутундуну аткаруучу агенттикке жөнөтөт.
63. Каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялангандан кийин бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган долбоорду каржылоо параметрлерин тиешелүү жылдарга республикалык бюджетке киргизет.
64. Эгерде республикалык бюджетти түзүү учурунда каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюлуп, бирок ратификациялана элек болсо, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган долбоорду нөлдүк бюджеттик көрсөткүчтөрү менен мамлекеттик инвестициялардын бюджетине киргизет.
5-глава. Долбоорду мобилизациялоо
65. Аткаруучу/ишке ашыруучу агенттик каржылоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген датага чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же каржылоо жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык долбоорду ишке ашыруу бөлүмүн же тобун түзүү жана анын кызматкерлерин алдын ала тандоо, долбоорду ишке ашырууга жооптуу тараптардын биргелешкен иш-аракеттер планын, алдын ала техникалык тапшырмаларды жана техникалык спецификацияларды даярдоо боюнча иштерди жүргүзүүгө, ошондой эле долбоорду өз убагында ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн башка иш-аракеттерди жасоого укуктуу.
66. Аткаруучу агенттик каржылоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып үч айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) долбоорду ишке ашыруу бөлүмүн же тобун түзүү, анын ичинде функцияларын жана жоопкерчилигин аныктоо менен анын кызматкерлерин жалдоо боюнча жол-жоболорду бүтүрүүнү;
2) аткаруучу агенттиктин, ишке ашыруучу агенттиктин жана долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн/тобунун ортосунда долбоорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планын бекитүүнү. Бул план негизги иш-чаралардан тышкары, долбоордун конкреттүү милдеттерин жана компоненттерин ишке ашырууга жооптуу болгон аткаруучу агенттиктин түзүмдүк бөлүмдөрүн да аныктоого тийиш.
67. Аткаруучу агенттик буйругу менен долбоордун акча каражаттарын тескөөгө укук берилген адамдарды аныктайт.
68. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул органдан долбоорду ишке ашырууну координациялоого жооптуу кызматкерди аныктайт жана ал алмашкан учурда донорго өз убагында маалымдайт.
69. Эгерде каржылоо жөнүндө макулдашуунун шарттарында ишке ашыруучу агенттиктин долбоорду ишке ашырууга катышуусу каралса, долбоорду ишке ашыруу бөлүмү же тобу ишке ашыруучу агенттиктин алдында түзүлөт.
70. Эгерде каржылоо жөнүндө макулдашуунун шарттарында атайын эсепти ачуу каралса, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык долбоордун эсебин ачат.
71. Эгерде каржылоо жөнүндө макулдашууда долбоордун атайын эсептерин ачуу үчүн коммерциялык банкты тандоо донор тарабынан жүзөгө ашырылат деп аныкталса, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган донор тарабынан сунушталган финансы-кредиттик мекемеде аталган эсептерди ачат.
72. Долбоорду ишке ашырууну контролдоо үчүн каржылоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып эки жумалык мөөнөттө байкоочу кеңеш түзүлөт, анын курамы аткаруучу агенттиктин буйругу менен же эгерде мындай бекитүү каржылоо жөнүндө макулдашуунун шарттарында түздөн-түз каралган болсо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.
73. Байкоочу кеңештин милдеттери:
1) долбоорду ишке ашыруу пландарын жана аларга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жактыруу;
2) долбоордун ишке ашырылышына жана анын максаттуу көрсөткүчтөргө жетишине мониторинг жүргүзүү;
3) долбоорду ишке ашыруу жана аяктоо процесстеринин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу.
74. Байкоочу кеңештин курамына милдеттүү тартипте аткаруучу агенттиктин жана долбоордун бенефициарларынын өкүлдөрү киргизилет. Байкоочу кеңештин курамына ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) коомдук кеңештеринин, коммерциялык эмес уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер жана башка кызыкдар жактар киргизилиши мүмкүн. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
75. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими же байкоочу кеңешти түзүү жөнүндө буйрук милдеттерди аткаруу жол-жоболорун жана механизмдерин, чечимдерди кабыл алуу тартибин, көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашырууну жана байкоочу кеңештин ишинин башка зарыл болгон шарттарын аныктоочу жобону камтууга тийиш.
76. Байкоочу кеңештин жыйналыштары жарым жылда кеминде бир жолу өткөрүлөт. Байкоочу кеңештин катчылыгы 5 күндүк мөөнөттө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жыйналыштын кол коюлган протоколун жөнөтөт. Байкоочу кеңештин катчылыгынын функциялары аткаруучу агенттикке жүктөлөт, ал жыйналыштарды уюштуруу жана протоколдорду жүргүзүү үчүн жоопкерчилик тартат.
77. Эгерде аткаруучу агенттик бир нече долбоорду ишке ашырууга жооптуу болсо, алар үчүн бирдиктүү байкоочу кеңеш түзүлүшү мүмкүн.
78. Долбоорлорду башкарууга катышкан аткаруучу жана ишке ашыруучу агенттиктердин кызматкерлери, ошондой эле долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясында «Инвестициялык долбоорлорду башкаруу» модулу боюнча окутуудан өтүүгө милдеттүү. Окутуунун графиги жана окутууга болгон керектөөлөрдү талдоо бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат.
79. Аткаруучу жана ишке ашыруучу агенттиктер өз кызматкерлеринин окуусун төлөө үчүн жоопкерчилик тартат.
6-глава. Аткаруучу агенттик
80. Аткаруучу агенттик каржылоо жөнүндө макулдашууларга, ушул Жобого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык тескеген тармагында инвестициялык саясатты ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик тартат.
81. Аткаруучу агенттиктин функциялары:
1) улуттук жана тармактык өнүктүрүү программаларында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин пландарында чагылдырылган максаттуу көрсөткүчтөргө жетүү үчүн зарыл болгон мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун даярдоо;
2) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча долбоордук өтүнмөнү даярдоо жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна жөнөтүү;
3) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча долбоордук документтерге же техникалык-экономикалык негиздемеге карата кыскача маалыматты даярдоо жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна жөнөтүү;
4) Кеңештин ишинин регламентине ылайык долбоор боюнча материалдарды даярдоо;
5) Кеңештин жыйналышында долбоорду презентациялоо;
6) донор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоорун белгиленген тартипте даярдоо, макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизүү;
7) донор менен расмий сүйлөшүүлөрдү даярдоону жана өткөрүүнү координациялоо;
8) сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча донордон алынган каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун мамлекеттик же расмий тилге расмий которууну камсыз кылуу;
9) каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоорун белгиленген тартипте даярдоо, макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизүү;
10) каржылоо жөнүндө макулдашууну Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде ратификациялоо жол-жобосун коштоону камсыз кылуу;
11) долбоордун максаттарына жана улуттук жана тармактык өнүктүрүү программаларында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин пландарында чагылдырылган максаттуу көрсөткүчтөргө жетүүгө карата долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
12) анын жоопкерчилик чөйрөсүнө кирген долбоорлордун ишке ашырылышын координациялоо, анын ичинде ишке ашыруучу агенттиктердин, долбоорду ишке ашыруу бөлүмдөрүнүн ишин координациялоо жана донорлор менен өз ара аракеттенүү;
13) долбоордон кийинки мезгилде долбоорго мониторинг жана баалоо жүргүзүү;
14) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга долбоорго мониторинг жүргүзүү боюнча үзгүлтүксүз отчет берүү;
15) долбоорду даярдоо, демилгелөө, ишке ашыруу жана аяктоо процесстеринин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, анын ичинде анын аякташы жөнүндө отчетторду өзүнүн расмий веб-сайтында жарыялоо;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана каржылоо жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык долбоорду ишке ашыруу бөлүмүн түзүү, ошондой эле анын штаттык расписаниесин иштеп чыгуу жана бекитүү;
17) долбоор боюнча байкоочу кеңешти түзүү жана анын жыйналыштарын өткөрүүнү камсыз кылуу;
18) долбоорлордун бюджеттерин, иш пландарын жана сатып алуу пландарын даярдоо жана аткаруу;
19) подрядчыларды жана товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдү тандоо боюнча конкурстук комиссияларды түзүү;
20) подрядчылар жана товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр менен контракттарга кол коюу;
21) долбоорду практикалык ишке ашырууну камсыз кылуу;
22) долбоордун каражаттарын толук жана өз убагында өздөштүрүү;
23) берилген товарларды, аткарылган жумуштарды жана көрсөтүлгөн кызматтарды кабыл алуу;
24) долбоорлорду каржылоо үчүн зарыл болгон документтерди бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү;
25) каржылоо жөнүндө макулдашуунун жана түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык төлөмдөрдү жүргүзүү;
26) долбоорду ишке ашыруу маселелери боюнча донор менен сүйлөшүүлөргө катышуу;
27) каржылоо жөнүндө макулдашууда каралган программаларды, пландарды, ченемдик укуктук актыларды жана башка документтерди белгиленген тартипте даярдоо жана макулдашуу;
28) курулуш үчүн жерлерди бөлүп берүү, долбоорлор боюнча зарыл уруксаттарды, макулдашууларды жана мамлекеттик экспертизалардын корутундуларын алуу менен байланышкан
жол-жоболорду өз убагында жүзөгө ашыруу;
29) зарыл болгон изилдөөлөрдү жана долбоорлорду жүргүзүү;
30) долбоорлорду ишке ашыруу аяктагандан кийин алардын натыйжаларынын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин ишке ашыруу;
31) өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча бардык кызыкдар тараптар менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнү жана кат алышууну камсыз кылуу;
32) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун натыйжалуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
82. Аткаруучу агенттик өзүнүн буйругу менен ушул Жобонун 81-пунктунун 1-15-пунктчаларында каралган функцияларды кошпогондо, долбоорду ишке ашыруучу агенттикке же бөлүмгө айрым функцияларды өткөрүп берүүгө укуктуу.
7-глава. Ишке ашыруучу агенттик
83. Ишке ашыруучу агенттик аткаруучу агенттик тарабынан аныкталат жана каржылоо жөнүндө макулдашууларга, ушул Жобого, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине, аткаруучу агенттиктин актыларына жана өзүнүн уставына (жобосуна) ылайык өз ишин жүргүзөт.
84. Ишке ашыруучу агенттиктин функциялары жана жоопкерчилик чөйрөсү:
1) долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча аткаруучу агенттик менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
2) долбоорлордо каралган иш-чаралардын комплексин иш жүзүндө аткаруу;
3) каржылоо жөнүндө макулдашуулардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык финансылык отчеттуулукту жүргүзүү;
4) долбоорлордун пландалган натыйжаларына жетишүү жана алардын каражаттарын толук өз убагында өздөштүрүү;
5) долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрүн же топторун түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана каржылоо жөнүндө макулдашууларга ылайык алардын штаттык расписаниелерин иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) изилдөөлөрдү жүргүзүү, долбоорлоо, конкурстук документтерди даярдоо жана келишимдерди түзүү;
7) долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында сатып алуулардын жол-жоболорун камсыз кылуу;
8) долбоорлордун айрым компоненттерин ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү;
9) долбоорлор боюнча байкоочу кеңештердин ишин маалыматтык камсыздоо;
10) аткаруучу агенттикке, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, донорлорго үзгүлтүксүз отчетторду, ошондой эле мазмуну, формасы жана берүү графиги донорлор жана башка ыйгарым укуктуу тараптар менен макулдашылуучу башка маалыматтарды даярдоо жана берүү;
11) мониторинг жүргүзүү максатында маалыматтык жана статистикалык базаны түзүү үчүн тышкы жардамды башкаруунун маалыматтык системасына зарыл болгон маалыматтарды киргизүү;
12) кезектеги финансылык жылга жана пландык мезгилге долбоорлордун бюджеттерин даярдоо;
13) долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн текшерүү жана баалоо үчүн аткаруучу агенттиктердин, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, донордун өкүлдөрүнүн долбоордун объекттерине баруусун уюштуруу;
14) каржылоо жөнүндө макулдашуунун жана түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык төлөмдөрдү жүргүзүү;
15) долбоорлордун ишке ашырылышын аудитордук текшерүүнү уюштуруу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана донорлорго аудитордук отчетторду берүү;
16) өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча бардык кызыкдар тараптар менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнү жана кат алышууну камсыз кылуу;
17) долбоорлорду ишке ашыруу аяктагандан кийин алардын натыйжаларынын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин ишке ашыруу;
18) долбоорлордун социалдык жана экономикалык таасирин андан ары баалоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды даярдоо;
19) өзүнүн компетенциясынын чегинде долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды ишке ашыруу.
8-глава. Долбоорду ишке ашыруу бөлүмү
85. Аткаруучу же ишке ашыруучу агенттик зарыл болгон учурда же эгерде бул каржылоо жөнүндө макулдашууда аныкталса, долбоорду ишке ашыруу бөлүмүн же тобун түзөт. Долбоорду ишке ашыруу бөлүмү аткаруучу же ишке ашыруучу агенттиктин учурдагы уюштуруу түзүмүнүн жана штаттык санынын чегинде же контракттык негизде персоналды тартуу жолу менен түзүлүшү мүмкүн.
86. Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн кызматкерлерин жалдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же каржылоо жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык ишке ашырылат.
87. Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
88. Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору/менеджери менен контракт 24 айга чейинки мөөнөткө, ал эми долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн кызматкерлери менен аларды кийин узартуу мүмкүнчүлүгү менен 12 айга чейинки мөөнөткө түзүлөт. Аткаруучу агенттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аталган контракттардын узартылышы жөнүндө кабарлайт.
Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрүнүн жетекчисинин жана кызматкерлеринин контракттарына милдеттүү түрдө төмөнкүдөй шарттар киргизилет:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоорду ишке ашыруу үчүн жеке жоопкерчилик жөнүндө;
2) кызматкер өз милдеттерин аткарбаган, ошондой эле аткаруучулук жана эмгек тартибин бузган учурда аткаруучу же ишке ашыруучу агенттик тарабынан контрактты мөөнөтүнөн мурда бузуу жөнүндө.
89. Аткаруучу же ишке ашыруучу агенттик милдеттердин тизмегин жана долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жоопкерчилик чөйрөсүн белгилейт жана алардын өз милдеттерин аткаруусуна көзөмөл жүргүзөт.
90. Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору бөлүмдүн ишин уюштуруу, долбоорду өз убагында ишке ашыруу жана тийиштүү түрдө аяктоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
91. Долбоорду ишке ашыруу бөлүмү долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан иш-чаралардын комплексин иш жүзүндө аткарат, аткаруучу агенттиктин буйругу менен өткөрүп берилген функцияларды аткарат, ошондой эле милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) аткаруучу жана ишке ашыруучу агенттиктер, ошондой эле башка кызыкдар тараптар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү;
2) кезектеги финансылык жылга жана пландык мезгилге долбоордун бюджетин даярдоону;
3) техникалык тапшырмалардын, техникалык спецификациялардын жана тендердик документтердин долбоорлорун даярдоону;
4) долбоордун алкагында түзүлгөн келишимдердин аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү;
5) долбоордун эсептерине жана анын финансылык отчетторуна аудит жүргүзүүнү уюштурууну;
6) долбоордун каражаттарын толук жана өз убагында өздөштүрүүнү;
7) долбоордук-сметалык документтерди долбоорлоону уюштурууну жана даярдоону;
8) ишке ашырылып жаткан долбоор боюнча сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүнү;
9) долбоордун ишке ашырылуучу компоненттерине техникалык жана башка көзөмөлдү камсыз кылууну;
10) долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө үзгүлтүксүз отчетторду даярдоону;
11) мониторинг жүргүзүү максатында маалыматтык жана статистикалык базаны түзүү үчүн тышкы жардамды башкаруу системасына зарыл маалыматтарды киргизүүнү;
12) финансылык отчеттуулукту каржылоо жөнүндө макулдашуулардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүүнү;
13) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүн катышууга чакыруу менен бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алдын ала кабарлоо шартында (макулдашуу боюнча) долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча донорлор менен үзгүлтүксүз жолугушууларды уюштурууну;
14) бенефициарларга жана коомчулукка долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалары жөнүндө маалымдоону;
15) аткаруучу жана ишке ашыруучу агенттиктер, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сураган формадагы жана көлөмдөгү маалыматтарды ыкчам берүүнү;
16) долбоорлордун пландалган натыйжаларына жетишүүнү;
17) долбоорлордун социалдык жана экономикалык таасирин андан ары баалоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды даярдоону;
18) долбоорду аяктоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу жана анын аяктагандыгы жөнүндө кызыкдар тараптарга отчетторду берүүнү;
19) долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн аткаруучу агенттиктердин, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, каржылоочу тараптын өкүлдөрүнүн долбоорлордун объекттерине баруусун уюштурууну.
92. Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнө кызматкерлерди тандоо үчүн тендердик комиссиянын курамына милдеттүү түрдө долбоордун координатору, ошондой эле аткаруучу жана ишке ашыруучу агенттиктердин тейлеген кызматкерлери киргизилет.
Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн/тобунун негизги кызматкерлерин (директордун, финансы менеджеринин, сатып алуулар, төлөөлөр жана мониторинг боюнча адистердин жана ассистенттердин кызмат ордуна) тандоодо тендердик комиссиянын курамына бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү милдеттүү түрдө киргизилет. Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн техникалык тапшырмалар квалификациялык талаптарды, анын ичинде кесиптик даярдыктын деңгээлин, профилдик иш тажрыйбасын жана соттуулугунун жоктугун камтууга тийиш. Көрсөтүлгөн талаптарды камтыбаган техникалык тапшырмалар бекитилүүгө жана колдонулууга тийиш эмес. Тендердик комиссия бештен кем эмес жана тогуздан көп эмес адамдан турган курамда түзүлөт. Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так болушу керек. Тендердик комиссиянын мүчөлөрү кызмат орду боюнча дайындалат. Тендердик комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын ишинин жүрүшүндө алынган маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жөнүндө милдеттенмеге кол коюуга милдеттүү.
93. Долбоорду ишке ашыруу аяктагандан кийин аткаруучу же ишке ашыруучу агенттик долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн андан ары иштешине карата чечим кабыл алат.
94. Аткаруучу агенттик төмөнкү учурларда экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө билдирүү менен долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору же кызматкери менен контрактты мөөнөтүнөн мурда бузууга укуктуу:
1) техникалык тапшырмада же контрактта чагылдырылган кызматтык милдеттерди талаптагыдай аткарбоо, ошондой эле аткаруучулук жана эмгек тартибин бузуу;
2) квартал, жарым жыл 9 айдын же жыл үчүн иш планын талаптагыдай эмес аткаруу;
3) квартал, жарым жыл 9 айдын же жыл үчүн бекитилген бюджетти талаптагыдай эмес өздөштүрүү.
95. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 94-пунктунда каралган негиздер боюнча контракттары бузулган жактардын реестрин жүргүзөт. Мындай реестр ушул Жобонун 94-пунктун аткаруунун алкагында аткаруучу агенттиктерден алынган расмий каттардын негизинде түзүлөт. Аталган реестр аткаруучу агенттиктер жиберген расмий кабарлоолордун негизинде түзүлөт. Реестрге киргизилген жактарды долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрүндө ишке тартууга, ошондой эле мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун даярдоо жана пландоо процесстерине тартууга тыюу салынат. Реестрди жүргүзүү тартиби экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
9-глава. Финансылык башкаруу, отчеттуулук жана сатып алуулар
96. Аткаруучу агенттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана донорго жиберилүүчү долбоор боюнча отчеттуулукту даярдоону жана финансылык башкаруунун натыйжалуу системасын колдонууну камсыз кылат. Көрсөтүлгөн отчеттуулук Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп стандарттарына жана донордун талаптарына ылайык жүргүзүлөт, долбоор менен байланышкан операцияларды, ресурстарды жана чыгымдарды ишенимдүү чагылдырат жана көз карандысыз аудиторлор тарабынан финансылык отчеттуулуктун мезгил-мезгили менен жүргүзүлүүчү аудитин камтыйт.
97. Аткаруучу агенттик ишке ашырылып жаткан долбоорлорду финансылык башкаруу үчүн гана жооп берет. Финансылык башкаруу бухгалтердик эсептин регистрлерин жүргүзүүнү, ички контролдоону ишке ашырууну, эсепке алуу саясатын тандоону жана колдонууну, долбоордун активдеринин сакталышын жана корголушун камсыз кылууну камтыйт.
98. Долбоорлордун каражаттарын максаттуу пайдаланууну контролдоо аткаруучу агенттик тарабынан жүзөгө ашырылат.
99. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каржылоо жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык аткаруучу же ишке ашыруучу агенттикке кошо каржылоо каражаттарын берет.
100. Аткаруучу агенттик долбоорду ишке ашыруунун бүткүл мезгили ичиндеги ар бир жылдын 1-декабрынан кечиктирбестен бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга долбоордун жылдык жумушчу планын жана бюджетин берет. Аталган документтер кийинки календардык жылдын ичинде ишке ашырууга сунушталган иштин бардык түрлөрүн, ошондой эле пландалган суммаларды жана аларды каржылоо булактарын көрсөтүү менен бул иш-чараларды аткаруу үчүн зарыл болгон чыгымдарды каржылоо планын камтууга тийиш. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жылдык иш планын жана долбоордун бюджетин кароо мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.
101. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен алдын ала макулдашпастан аткаруучу агенттиктин жылдык иш планына жана долбоордун бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
102. Аткаруучу же ишке ашыруучу агенттик мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун маалыматтарын эсепке алуунун автоматташтырылган системасына маалыматтарды өз убагында киргизүүнү камсыз кылат. Маалыматтарды киргизүү долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрү/топтору, ал эми алар жок болгон учурда ведомствонун профилдик түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан ай сайын отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейинки мөөнөттө аталган автоматташтырылган системаны пайдалануу боюнча колдонмого ылайык ишке ашырылат.
103. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган экономикалык болжолдоо боюнча мамлекеттик орган менен биргеликте алардын контролунан тышкары форс-мажор жагдайлардан же факторлордон келип чыккан кечигүүлөрдү кошпогондо, төмөнкү учурларда аткаруучу жана ишке ашыруучу агенттиктердин, ошондой эле долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана кызматкерлерин (анын ичинде долбоордун координаторунун) жеке жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизет:
1) кварталдын, жарым жылдыктын, 9 айдын же финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча долбоордун бюджетинин өз убагында эмес же толук эмес (100% дан аз) аткарылышы;
2) кварталдын, жарым жылдыктын, 9 айдын же финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча иш планын өз убагында эмес, сапатсыз же толук эмес (100% дан аз) аткаруу;
3) кварталдын, жарым жылдыктын, 9 айдын же финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча сатып алуулар планын өз убагында же толук эмес (100 % дан аз) аткаруу;
4) долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрүн узартууну демилгелөө;
5) иш пландарын жана сатып алуулардын пландарын сапатсыз же толук эмес түзүү.
104. Аталган маселени кароонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун мониторингин координациялоочу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына, ал эми айрым учурларда Кыргыз Республикасынын Президентине аткаруучу же ишке ашыруучу агенттиктин жетекчисине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине же долбоордун координаторуна карата ушул Жобонун талаптарын талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө сунушту киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын көрсөтүлгөн түзүмдүк бөлүмү аткаруучу же ишке ашыруучу агенттиктин жетекчисине Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык аткаруучу же ишке ашыруучу агенттиктин кызматкерлерине, ошондой эле долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрүнүн жетекчилигине жана кызматкерлерине карата чара көрүү жөнүндө сунуш жиберүүгө укуктуу.
105. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган долбоордун бюджеттик планын аткаруу боюнча аткаруучу агенттиктин бир айлык жана ар кварталдык финансылык отчетунун негизинде пландалган көрсөткүчтөр менен салыштырганда иш жүзүндөгү чыгымдардын мониторингин жүзөгө ашырат.
106. Аралык финансылык отчеттор донорго каржылоо жөнүндө макулдашууда каралган мөөнөттөрдө жана форма боюнча берилет.
107. Аткаруучу агенттик донорго ар бир финансылык жылдын аягында жана долбоор жабылган учурда долбоордун финансылык отчеттуулугун жыл сайын аудитордук текшерүүнүн жыйынтыктарын берет. Аткаруучу агенттик аудитордук отчетторду жана Долбоордун аяктагандыгы жөнүндө отчетту аларга кол коюлган (бекитилген) күндөн тартып бир айдын ичинде өзүнүн расмий веб-сайтында жарыялоону камсыз кылат.
108. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аткаруучу агенттиктин суроо-талабы боюнча жана донордун макулдугу болгондо долбоордун Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган чыгымдарын көрсөтүлгөн чыгымдардын ордун кийин донордун каражаттарынын эсебинен толтуруу менен аванстык каржылоону жүргүзүүгө укуктуу.
109. Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө күтүлбөгөн кандай болбосун киреше пайда болгон учурда келип түшкөн акча каражаттары долбоор аяктагандан кийин толук көлөмдө республикалык бюджетке которулат.
110. Долбоордун финансылык отчеттуулугу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) тиешелүү документтер менен ырасталган донордон алынган каражаттар, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан тең каржылоо жана башка булактардан түшүүлөр жөнүндө маалыматтарды;
2) долбоордун негизги багыттары жана чыгымдардын негизги категориялары боюнча чыгымдардын ведомосту;
3) каражаттарды алууга өтүнмөлөрдү берүү үчүн негиз катары пайдаланылган жыйынтыктоочу отчеттор жана чыгымдар ведомосттору боюнча жыйынды маалыматтарды;
4) коммерциялык банктардын тиешелүү документтери менен ырасталган долбоордун бардык атайын эсептеринин абалы жөнүндө отчетту;
5) долбоордун топтолгон каражаттарын, банктык балансты, ошондой эле долбоордун башка активдерин жана пассивдерин (алар бар болсо) чагылдырган баланстык отчетту;
6) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча башка маалыматтар.
111. Аткаруучу агенттик квартал сайын бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга долбоордун компоненттерин ишке ашыруунун башталышынын жана аякташынын пландык жана иш жүзүндөгү даталарын салыштырууну, иштерди аткаруунун жүрүшү жөнүндө, ошондой эле отчеттук мезгилдеги долбоордун бюджетинин өздөштүрүлүшү жөнүндө маалыматтарды берет.
112. Подрядчылар же консультанттар тарабынан контракттык милдеттенмелер кечиктирилген же үзгүлтүккө учураган учурда аткаруучу агенттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мындай фактылар жөнүндө кечиктирүүнүн себептерин жана аларды четтетүү жана келечекте болтурбоо үчүн көрүлгөн чараларды көрсөтүү менен кабарлайт.
113. Аткаруучу агенттик көз карандысыз аудитордук текшерүүдөн өткөн финансылык отчетту жана аудиттин натыйжалары боюнча башка маалыматты бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аудитордук отчетту алгандан кийин 10 календардык күндүн ичинде, ал эми донорго каржылоо жөнүндө макулдашууда каралган тартипте жана мөөнөттө берет. Аткаруучу агенттик аудиттин натыйжаларын өзүнүн расмий
веб-сайтына жарыялоо аркылуу жалпыга жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.
114. Конкурстук тооруктарды өткөрүүнү талап кылган сатып алууларды жүргүзүү үчүн, эгерде каржылоо жөнүндө макулдашууда башкача каралбаса, аткаруучу же ишке ашыруучу агенттик буйрук менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык конкурстук комиссияларды түзөт.
115. Конкурстук комиссия донор менен макулдашуу боюнча жыйналыштын протоколу менен тандоонун методдорун, критерийлерин жана алардын рейтингин көрсөтүү менен сатып алуулардын катышуучуларына техникалык тапшырманы жана квалификациялык талаптарды бекитет.
116. Конкурстук комиссиялар милдеттүү түрдө аткаруучу жана ишке ашыруучу агенттиктердин өкүлдөрүн камтыйт.
117. Конкурстук комиссия бештен кем эмес жана тогуздан көп эмес адамдан турган курамда түзүлөт. Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так болушу керек.
118. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү кызмат орду боюнча дайындалат.
119. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын ишинин жүрүшүндө алынган маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жөнүндө милдеттенмеге кол коюуга милдеттүү.
120. Түзүлүп жаткан конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси сатып алууларга катышуу тажрыйбасына ээ болууга тийиш. Комиссиянын мындай тажрыйбасы жок мүчөлөрү үчүн аткаруучу агенттик аны түзгөндөн кийин 30 календардык күндүн ичинде сатып алуулардын эрежелерине жана жол-жоболоруна окутууну уюштурат.
121. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналган конкурстук комиссиянын мүчөсү комиссиянын жыйналышына жүйөлүү себептерсиз катышпаган учурда аткаруучу агенттик тиешелүү мамлекеттик же муниципалдык органдын жетекчисине жогоруда көрсөтүлгөн адамдарга карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө сунуш жиберет.
122. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп эсептелбеген конкурстук комиссиянын мүчөсү комиссиянын жыйналыштарына жүйөлүү себептерсиз үч жолудан ашык катышпаган учурда аткаруучу агенттик аны конкурстук комиссиянын курамынан чыгарат.
123. Сатып алуулардын жактырылган планында каралган иш-чараларды ишке ашыруу 15 календардык күндөн ашык мөөнөткө кечиктирилген учурда аткаруучу агенттик бул жөнүндө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдайт жана бир жумалык мөөнөттө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүнүн жана донордун тиешелүү өкүлүнүн катышуусу менен кеңешме өткөрүүнү уюштурат. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдоо жана аталган кеңешмени уюштуруу үчүн жоопкерчиликти долбоордун координатору тартат. Кеңешмеде кечигүүнүн себептери, сатып алуулар планына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы жана артта калган сатып алуулар графигин оптималдаштыруу боюнча чаралар каралды.
124. Форс-мажордук жагдайлардан келип чыккан, мүмкүн болуучу контролунан тышкары болгон кечиктирүүлөрдү кошпогондо, сатып алуулардын жактырылган планында каралган кийинкиге жылдырылган иш-чараларды ишке ашырууну 15 календардык күндөн көп мөөнөткө кайталап кечиктирген учурда аткаруу агенттигинин жетекчиси жооптуу кызматкерлерге тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот жана бул жөнүндө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирет.
125. Эгерде сатып алуулар планында каралган иш-чараларды ишке ашыруу графигинен артта калуу четтетилбесе жана артта калуу мөөнөтү 30 календардык күндөн ашык болсо, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кароосуна аткаруу агенттигинин контролунан тышкары болгон жагдайлардан улам келип чыккан учурларды кошпогондо, аткаруу агенттигинин жетекчисине карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө сунуш киргизет.
10-глава. Долбоорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү
126. Долбоорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү аткаруучу агенттиктин компетенциясына кирет жана объекттердин тармактык өзгөчөлүгүн эске алып, ошондой эле аны жүргүзүүнүн белгиленген тартибин жана принциптерин сактоо менен аткаруучу агенттик тарабынан аныкталуучу жана бекитилүүчү методика боюнча жүзөгө ашырылат.
127. Долбоорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
1) тиешелүү этапта натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу долбоордун иш жүзүндөгү физикалык аткарылышын талдоо;
2) иш жүзүндөгү жана пландалган төлөмдөрдүн мониторинги;
3) долбоордо каралган техникалык, экологиялык ченемдерге жана коопсуздук эрежелерине шайкештигине мониторинг жүргүзүү;
4) долбоорду сапаттуу жана өз убагында ишке ашырууга тоскоол болгон проблемаларды талдоо;
5) долбоордун тармактык өзгөчөлүгүнө жараша аткаруучу агенттик тарабынан аныкталуучу башка аспектилерге мониторинг жүргүзүү;
6) мониторингдин жыйынтыктарына милдеттүү талдоо жүргүзүү жана аныкталган тобокелдиктерди жана проблемаларды жок кылуу же минималдаштыруу боюнча чечимдерди кабыл алуу.
128. Ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү мамлекеттик инвестициялардын бардык долбоорлоруна карата жүргүзүлөт.
129. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү долбоордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү үчүн объекттерге тандап барууларды жүзөгө ашырууга же бул максаттар үчүн көз карандысыз эксперттерди, мамлекеттик же жеке уюмдарды тартууга укуктуу.
130. Аткаруучу агенттик мониторингдин жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
1) долбоорду ишке ашыруудагы проблемаларды четтетүү жөнүндө;
2) долбоордун этаптарын корректировкалоо жөнүндө (долбоорду ишке ашыруунун аяктоо мөөнөтүн кыйла эрте мөөнөткө жылдырууну кошкондо);
3) долбоорду ишке ашыруунун көрсөткүчтөрүн корректировкалоо жөнүндө (каражаттарды үнөмдөөнүн натыйжасында күтүлгөн төлөмдөрдүн көлөмүн азайтууну кошкондо);
4) долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маселени Кеңештин кароосу үчүн Кеңештин катчылыгына суроо-талапты жиберүү жөнүндө.
131. Аткаруучу агенттик отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен квартал сайын бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча долбоордун ишке ашырылышы жөнүндө кеңейтилген отчетту түзөт жана электрондук жана кагаз жүзүндө берет. Отчетто пайда болгон проблемаларга жана тобокелдиктерге талдоо жүргүзүү, аларды четтетүү боюнча чаралар, ошондой эле мониторингдин маалыматтарына негизделген сунуштар камтылган. Отчеттун сапатсыз жана өз убагында берилбегендиги үчүн долбоордун координатору жеке жоопкерчилик тартат.
Бир эле мезгилде аткаруучу агенттик ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча долбоорду ишке ашыруунун жол картасында каралган иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө маалымат берет.
132. Аткаруу агенттик отчет толук эмес көлөмдө берген учурда отчет берилбеген болуп эсептелет.
133. Отчет толук эмес көлөмдө берилген же эки жолудан ашык берилбеген учурда бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аткаруучу агенттик же долбоорду ишке ашыруу бөлүмү тарабынан отчеттуулук мөөнөттөрү бузулгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына кабарлайт жана жооптуу кызмат адамдарына тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө маселени демилгелейт.
134. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аткаруучу агенттиктин мезгилдүү отчеттуулугун иликтейт жана талдоонун жыйынтыгы боюнча ага проблемаларды четтетүү боюнча сунуштарды жиберет же эгерде проблемаларды аныктоо Кеңештин чечимин талап кылса, Кеңештин катчылыгына материалдарды берет.
135. Кеңештин катчылыгы зарыл болгон учурда аткаруучу агенттиктерден жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алынган материалдарды Кеңештин талкуусуна киргизет. Кеңеш төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алышы мүмкүн:
1) долбоордун айрым компоненттерин жокко чыгаруу, анын көлөмдөрүн же ишке ашыруу мөөнөттөрүн өзгөртүү жолу менен аны кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө;
2) долбоорду ишке ашырууну токтотуп туруу жөнүндө;
3) долбоорду ишке ашырууну токтотуу жөнүндө.
11-глава. Долбоорду аяктоо
136. Долбоорду ишке ашыруу аяктаганда аткаруучу агенттик жоюу комиссиясын түзөт. Комиссия долбоордун бардык активдерин жана милдеттенмелерин, анын ичинде башка уюмдардын карамагында турган активдерди өткөрүп берүүнү камсыз кылат. Комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана каржылоо жөнүндө макулдашуунун талаптарына ылайык негизги каражаттарды тиешелүү органдардын же уюмдардын карамагына бөлүштүрүү жана өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
137. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган долбоордун бардык атайын эсептерин жабат. Долбоордун эсептериндеги акча каражаттарынын калдыктары, эгерде каржылоо жөнүндө макулдашууда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине кайтарылууга тийиш.
138. Долбоор жабылган датадан кийин алты ай ичинде аткаруучу агенттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана донорго долбоорду ишке ашыруунун бүткүл мезгили үчүн аудитордук корутунду менен ырасталган финансылык отчетту берет. Аудитордук текшерүү аны даярдоо этабында каралуучу долбоордун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Долбоордун финансылык отчетунун аудити көз карандысыз лицензиясы бар аудитор тарабынан Аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жүргүзүлөт.
139. Долбоордун натыйжаларын баалоо аткаруучу агенттиктин компетенциясына кирет жана объекттердин тармактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аткаруучу агенттик тарабынан аныкталуучу жана бекитилүүчү методика боюнча жүргүзүлөт.
140. Долбоордун натыйжаларын баалоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) долбоордун натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнө иш жүзүндө жетишүүнү жана физикалык аткарылышын (мисалы, курулуш иштерин) аны аяктоо этабында пландалган көрсөткүчтөр менен салыштырып талдоо;
2) долбоорду аяктоо мөөнөтүн иштердин баштапкы графиги менен салыштырып талдоо;
3) долбоорду ишке ашырууга кеткен иш жүзүндөгү жана пландалган чыгымдарды талдоо;
4) долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн объект үчүн каралган техникалык жана экологиялык ченемдердин шайкештигин контролдоо;
5) долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан көйгөйлөрдү жана тобокелдиктерди талдоо;
6) долбоордун тармактык өзгөчөлүгүнө жараша аткаруучу агенттик тарабынан аныкталуучу башка аспекттерди талдоо.
141. Долбоорду аяктагандан кийин үч ай ичинде аткаруучу агенттик ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча долбоорду аяктоо жөнүндө отчетту түзөт жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
142. Долбоордун координатору долбоорду аяктоо жөнүндө отчетту сапатсыз жана кечиктирип берилгендиги үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
143. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү зарыл учурда долбоордун натыйжаларын баалоо үчүн объекттерге тандалма чыгууга же ушул максаттар үчүн көз карандысыз эксперттерди, мамлекеттик же жеке уюмдарды тартууга укуктуу.
144. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган долбоорду аяктоо жөнүндө отчетту кароонун натыйжалары боюнча отчетту алган күндөн тартып үч айдан ашпаган мөөнөттө аткаруучу агенттикке тиешелүү сунуштамаларды жиберет. Кароо аяктагандан кийин отчет Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине долбоордун ишке ашырылышынын жыйынтыгы боюнча кыскача маалыматты камтыган коштомо кат менен кошо берилет.
145. Долбоордун ишине байланышкан документтер «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталууга тийиш.
12-глава. Долбоор аяктагандан кийинки мезгилде долбоорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо
146. Таасирди баалоонун милдети долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн активдер тарабынан өндүрүлгөн продукциянын же кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана өндүрүш деңгээлин камсыздоо жөнүндө объективдүү маалымат алуу, тармактык (бюджеттик) программалардын индикаторлоруна жетишүүгө долбоордун таасирин аныктоо, ошондой эле продукциянын же кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын деңгээлинин өзгөрүү динамикасын талдоо болуп саналат.
147. Долбоорду долбоордон кийинки мезгилде баалоо аткаруучу агенттиктин компетенциясына кирет.
148. Долбоор аяктагандан кийинки баалоо эки негизги багыт боюнча жүргүзүлөт:
1) долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн активдердин иштөө процессине пландалган максаттуу индикаторлорго шайкештик предметине мониторинг жүргүзүү;
2) тармактагы иштин абалынын өзгөрүүлөрүн жана түзүлгөн активдердин ишинин натыйжасын чагылдырган социалдык-экономикалык таасирди баалоо.
149. Долбоордун активдеринин иштөө процессине мониторинг жүргүзүү жана социалдык-экономикалык таасирди баалоо методикалары объекттердин тармактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу жана белгиленген принциптерди сактоо менен аткаруучу агенттик тарабынан аныкталат жана бекитилет.
150. Долбоордун активдеринин иштөө процессине мониторинг жүргүзүү акыркы беш жыл ичинде түзүлгөн бардык активдерге карата жыл сайын жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда түзүлгөн объекттер мониторинг жүргүзүү үчүн аткаруучу агенттик тарабынан бекитилүүчү тартипте тандап алынат.
151. Мониторинг жүргүзүлүүчү объекттерди тандоонун жыйынтыгы боюнча объекттердин аталыштары жана аны текшерүү жүргүзүүнүн пландалган даталары көрсөтүү менен долбоордон кийинки мезгилде мониторинг жүргүзүүнүн жылдык план-графиги түзүлөт.
152. Мониторинг жүргүзүүнүн алдында аткаруучу агенттик төмөнкүлөрдү камтыган техникалык тапшырманы бекитет:
1) мониторинг жүргүзүү милдеттеринин, этаптарынын, инструменттеринин жана мөөнөттөрүнүн сыпаттамасы;
2) баалоо жүргүзүлүүгө тийиш болгон маселелердин тизмеги;
3) мониторинг жүргүзүүчү адистердин жумушчу тобунун курамы;
4) объектке мониторинг жүргүзүү жана аны баалоо үчүн индикаторлор;
5) объект жөнүндө алдын ала маалыматты талдоо (мурдагы мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары, байланыш жана техникалык маалыматтар, кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын сунуштары жана даттануулары);
6) баалоо жүргүзүү мөөнөттөрү.
153. Долбоордун активдеринин иштөө процессине мониторинг жүргүзүү үчүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү мүнөздөгөн тикелей натыйжалардын көрсөткүчтөрү пайдаланылат, алар төмөнкүлөр:
1) долбоордун активдеринин иштөөсүнүн материалдык натыйжалары же кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү;
2) сарпталган финансылык каражаттардын көлөмү;
3) өндүрүмдүүлүк көрсөткүчтөрү (анын ичинде, өткөрүү жөндөмдүүлүгү, кызмат көрсөтүүгө кеткен убакыт, эмгек өндүрүмдүүлүгү);
4) кызмат көрсөтүүлөрдү керектөө деңгээли (анын ичинде, калктын 10 000 адамына медициналык мекемелерге кайрылуулардын саны, кызмат көрсөтүүлөргө болгон жалпы муктаждыкты камтуу үлүшү);
5) кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты (стандарттарга шайкештиги, сурамжылоолордун натыйжалары, сапатты контролдоонун ички системасынын болушу);
6) мониторинг жүргүзүлүүчү объекттин профилине жараша башка көрсөткүчтөр.
154. Продукцияны/кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү процессине мониторинг жүргүзүүнүн жана (же) социалдык-экономикалык таасирди баалоонун алкагында долбоордун туруктуулугун баалоо, анын ичинде төмөнкү аспекттерге изилдөө жүргүзүлөт:
1) долбоорго каражаттардын түшүүсү жана анын финансылык туруктуулугу, анын ичинде техникалык-экономикалык негиздемеде берилген финансылык көрсөткүчтөргө салыштырма талдоо, кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү мезгилдер үчүн иш жүзүндөгү жана пландалган (болжолдуу) каржылоону салыштыруу, ошондой эле киреше алып келүүчү долбоорлор үчүн финансылык туруктуулуктун жана рентабелдүүлүктүн коэффициенттерин талдоо;
2) кызмат көрсөтүүлөрдү же продукцияны керектөөчүлөрдүн болушу жана алардын түзүмүндөгү өзгөрүүлөр;
3) объекттин ишин камсыз кылуу үчүн инфраструктуранын абалы жана иштөөсү (логистиканы кошкондо);
4) адам ресурстары менен камсыз кылуу (анын ичинде кадрлардын агымы жана квалификациялуу персоналдын жеткиликтүүлүгү);
5) учурдагы тобокелдиктерди баалоо;
6) объекттин экологиялык туруктуулугу;
7) долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн активдер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик же муниципалдык уюмдарга, юридикалык жактарга, жеке ишкерлерге, коомдук бирикмелерге же болбосо башка менчик ээлерине же операторлорго өткөрүлүп берилген учурда финансылык, операциялык жана башка туруктуулукту баалоо тиешелүү менчик ээсинин же оператордун ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилик чөйрөсүн эске алуу менен жүзөгө ашырылат;
8) түзүлгөн активдердин менчик ээлери жана операторлору баштапкы маалыматтардын сакталышын камсыз кылууга жана долбоордон кийинки мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн зарыл болгон маалыматты аткаруучу агенттикке берүүгө милдеттүү.
155. Социалдык-экономикалык таасирди баалоо долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн бардык активдер үчүн жүргүзүлөт. Баалоо долбоорду ишке ашыруу аяктагандан тартып бир, үч жана беш жыл өткөндөн кийин жүргүзүлөт.
156. Социалдык-экономикалык таасирди баалоо үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн коомдук мааниге ээ натыйжаны мүнөздөгөн акыркы натыйжалардын төмөнкүдөй көрсөткүчтөрү пайдаланылат:
1) кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү (калктын камтылышы) (анын ичинде калктын 10 000 адамына профилдик мекемелердин саны, кызмат көрсөтүүлөргө болгон жалпы муктаждыкты камтуу үлүшү);
2) бенефициарлар тарабынан жашоо сапатынын өзгөрүүлөрүн баалоо;
3) ведомстволук статистиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүшүндө көрсөтүлгөн жетишилген натыйжалардын таасири астында узак мөөнөттүү натыйжаны баалоо (анын ичинде, жүк агымынын көбөйүшү, ооруга чалдыгуу тобокелдиктеринин азайышы).
157. Долбоордон кийинки мониторинг жүргүзүүнүн же социалдык-экономикалык таасирин баалоонун жыйынтыктары боюнча көрсөтүлгөн иш-чараларды жүргүзгөн аткаруучу агенттиктин адистер тобу жана (же) көз карандысыз эксперттик уюм (эксперттер) алар аяктагандан кийин эки жуманын ичинде аналитикалык отчет түзүшөт. Отчеттун формасы аткаруучу агенттик тарабынан бекитилет жана анда милдеттүү тартипте төмөнкү бөлүмдөр камтылууга тийиш:
1) мониторинг же баалоо процессинде изилденген маселелердин тизмеги, колдонулган методиканын сыпаттамасы;
2) талдоо үчүн тандалып алынган индикаторлор боюнча активдердин иштешине мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары (анын ичинде индикаторлордун иш жүзүндөгү жана максаттуу маанилерин салыштырма талдоо жана продукцияны/кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолордун натыйжалары);
3) тандалып алынган индикаторлор боюнча социалдык-экономикалык таасирди баалоонун натыйжалары;
4) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын алардын сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө канааттануусун баалоонун натыйжалары;
5) аныкталган көйгөйлөр (анын ичинде керектөөчүлөрдүн даттануулары);
6) продукциянын/кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча керектөөчүлөрдүн жана объектте иштеген кызматкерлердин сунуштары;
7) объектке мониторинг жүргүзүүнүн жана/же баалоонун жыйынтыгы боюнча корутунду;
8) аныкталган көйгөйлөрдү жоюу жана тобокелдиктерди азайтуу боюнча сунуштамалар.
158. Аткаруучу агенттик долбоордон кийинки баалоолор боюнча отчетторду эсепке алууну жана сактоону камсыз кылат.
159. Мониторинг жүргүзүүнүн же баалоонун натыйжалары жөнүндө аналитикалык отчетту кароо аткаруучу агенттиктин коллегиалдуу органы тарабынан алынган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө жүзөгө ашырылат. Кароонун жыйынтыгы боюнча аткаруучу агенттик төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
1) объекттин иштөөсүндөгү көйгөйлөрдү четтетүү жөнүндө;
2) натыйжалуулук индикаторлорун тактоо жана түзөтүү (өзгөртүү) жөнүндө;
3) объектти учурдагы бюджеттик каржылоону өзгөртүү, ошондой эле башка зарыл чараларды кабыл алуу жөнүндө маселени Кеңеш тарабынан кароону демилгелөө жөнүндө суроо-талапты Кеңештин катчылыгына жиберүү жөнүндө.
160. Аткаруучу агенттик мониторинг жүргүзүүнүн же социалдык-экономикалык таасирди баалоонун натыйжаларынын негизинде аналитикалык отчет каралгандан кийин эки жуманын ичинде ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык формада отчет түзөт жана аны электрондук жана кагаз жүзүндө экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
161. Долбоордун координатору долбоордон кийинки мезгилде мониторинг жүргүзүүнүн жана долбоордон кийинки мезгилде баалоонун натыйжалары жөнүндө отчетту сапатсыз жана өз убагында берилбегендиги үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
162. Долбоордон кийинки мезгилдеги мониторинг жүргүзүүнүн жана таасирди баалоонун натыйжалары ачык маалымат болуп саналат, алар аткаруучу агенттиктердин веб-сайттарына милдеттүү жайгаштырылууга тийиш жана бардык кызыкдар тараптар – мамлекеттик органдар, профилдик комитеттер (комиссиялар), жарандык коомдун өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), эксперттер жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен талкууланышы мүмкүн. Мындай талкууларды өткөрүүнүн тартиби аткаруучу агенттик тарабынан аныкталат.
163. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү менен биргеликте долбоордон кийинки баалоону жүргүзүү үчүн объектке тандалма чыгууга же ушул максаттар үчүн көз карандысыз эксперттерди, мамлекеттик же жеке уюмдарды тартууга укуктуу.
164. Берилген отчетту изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аткаруучу агенттикке тиешелүү сунуштамаларды жиберет же объекттин иши боюнча эгер Кеңеш тарабынан чечим кабыл алуу талап кылынса, материалдарды Кеңештин катчылыгына берет.
165. Кеңештин катчылыгы алынган материалдарды Кеңештин кароосуна киргизет. Кароонун жыйынтыгы боюнча Кеңеш, конкреттүү мониторинг жүргүзүлгөн объектке карата төмөнкүдөй чечим кабыл алат:
1) объекттин учурдагы бюджеттик каржылоонун көлөмүн өзгөртүү жөнүндө;
2) объекттин ишин токтото туруу, токтотуу же анын профилин өзгөртүү жөнүндө;
3) аткаруучу агенттиктин, экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамаларына ылайык башка чечимдер.
166. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган долбоордон кийинки мониторинг жүргүзүү жана баалоо жөнүндө отчетторду талдоонун негизинде отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашыруунун натыйжалуулугунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты түзөт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жиберет.
| | | Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Долбоордук өтүнмөнүн формасы жана аны толтуруу боюнча нускама
| 1-бөлүм. Долбоор жөнүндө кыскача маалымат Ушул бөлүм чечим кабыл алуучу жактар үчүн арналган. Бул бөлүмдү башка кыйла деталдуу бөлүмдөрдү (2–4-бөлүмдөр) толтуруу аяктагандан кийин толтуруу сунушталат. Толтурулбаган уячалардын болушуна жол берилбейт. Эгерде кандайдыр бир параметрдикаралуучу долбоор үчүн колдонууга болбосо, тиешелүү уячада «к/б» (колдонууга болбойт) деген белги коюлат | |||||
| 1.1. Долбоордун демилгечисинин аталышы | |||||
| 1.2. Долбоордун аталышы | |||||
| 1.3. Донор жана финансылык каражаттарды берүү шарттары | |||||
| 1.4. Аткаруучу агенттиктин аталышы | |||||
| 1.5. Долбоордун техникалык-экономикалык(физикалык)сыпаттамасы | Мамлекеттик инвестициялардын долбоорунун мазмундуу сыпаттамасы келтирилет (мисалы, белгилүү бир калктуу конуштардын ортосундагы 10 км жалпы пайдалануудагы эки тилкелүү автомобиль жолун куруу же реабилитациялоо). Объекттин учурдагы техникалык абалы жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө көрсөтүлөт | ||||
| 1.6. Объекттин жайгашкан жери | Долбоорду ишке ашыруу объектинин так географиялык (административдик-аймактык) жайгашуусу көрсөтүлөт | ||||
| 1.7. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы наркы | Долбоорду толук ишке ашыруу жана объектти пайдаланууга берүү үчүн зарыл болгон капиталдык жана кошумча чыгашалардын жалпы суммасы каржылоо булактары (донордун каражаттары жана кошо каржылоо)боюнча бөлүштүрүлүп көрсөтүлөт | ||||
| 1.8. Долбоорду ишке ашырууну баштоонун болжолдонгон датасы | |||||
| 1.9. Түзүлгөн активдерди пайдаланып баштоонунпландалгандатасы | Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн активдердин толук иштеп баштоосу күтүлгөнай жана жыл көрсөтүлөт(кызматтарды көрсөтүүнүн же продукцияны өндүрүүнүн башталышы) | ||||
| 2-бөлүм. Долбоордун негиздемеси | |||||
| 2.1. Долбоорду ишке ашыруунун зарылдыгы (чечилүүгө тийиш болгон проблемалардын же маселелердин сыпатталышы) | Долбоордун жардамы менен чечүү болжолдонуп жаткан проблеманын маңызы жана масштабы, ошондой эле аны чечүү механизмдери мүмкүн болушунча толук сыпатталат. Проблеманы башка ыкмалар менен чечүүгө мүмкүн болбой жаткан себептерге талдоо жүргүзүлөт. Натыйжалууальтернативдүү чечимдердин жоктугу же башка уюмдар тарабынан өндүрүлгөн ордунаколдонулуучу продукциянын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жетиштүү көлөмдө (анын ичинде жеке сектордун) жоктугу негизделет | ||||
| 2.2. Учурдагы окшош же мурда ишке ашырылган долбоорлор | Акыркы беш жылда Кыргыз Республикасында же тармакта ишке ашырылган окшош долбоорлорсаналат жана сыпатталат. Алардын ийгиликтүүлүк даражасын ырастаган натыйжалардын кыскача сыпатталышы келтирилет. Аяктаган долбоорлор гана эмес, ошондой эле ишке ашыруу убактылуу токтотулган же жокко чыгарылган долбоорлор да мындай чечимди кабыл алуунун себептерин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен көрсөтүлөт | ||||
| 2.3. Долбоорду ишке ашыруудан баш тартылган учурдагы кесепеттер | Сунушталган долбоорду ишке ашыруудан баш тартылган учурда келип чыга турган терс кесепеттер, тобокелдиктер жана колдонулбай калган мүмкүнчүлүктөр сыпатталат. Мындай кесепеттердин пайда болуу мөөнөттөрү (дароо, орто мөөнөттүү же узак мөөнөттүү келечекте) көрсөтүлөт жана аларга сапаттуу баа берилет | ||||
| 2.4. Долбоордун максаттары жана милдеттери | Долбоордун максаттары жана милдеттери төмөнкүдөйболууга тийиш: – конкреттүү, так жана 2.1-пунктта көрсөтүлгөн проблеманы чечүүгө багытталган; – белгиленген мөөнөттөрдүн жана долбоордун бюджетинин алкагында өлчөнүүчү жана жеткиликтүү | ||||
| 2.5. Долбоордун максаттуу бенефициарлары | Долбоордун түз жана кыйыр бенефициарлары алардын аймактык таандыктыгын чагылдыруу менен көрсөтүлөт (эгерде колдонула турган болсо). Өлчөнүүчү көрсөткүчтөрдө алар ала турган конкреттүү пайдалар сыпатталат (мүмкүн болушунча, бул көрсөткүчтөр расмий статистикалык отчеттуулук категорияларына шайкеш келүүгө тийиш). Келтирилген маалыматтар долбоордун натыйжасында түзүлгөн продукцияларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) керектөөчүлөрдүн жана бенефициарлардын саны объекттин кубаттуулугун пайдалануунун долбоордук (ченемдик) деңгээлин камсыз кылуу үчүн жетиштүү экендигин негиздөөгө тийиш | ||||
| 2.6. Долбоордун күтүлүүчү натыйжалары | Долбоордун негизги күтүлүүчү жыйынтыктары саналат: – түз натыйжалар: сандык көрсөткүчтөр (мисалы, курулган жолдун узундугу, жаңы окуу орундарынын же оорукана койкаларынын саны); – акыркы натыйжалар: түз натыйжалардын узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык таасири (мисалы, жол кырсыктарынын 50 %га төмөндөшү, калкты медициналык кызмат көрсөтүүлөр менен камтуу деңгээлинин жогорулашы). Натыйжалардын көрсөткүчтөрүнүн максаттуу маанилери эң аз дегенде орто мөөнөттүү үч жылдык мезгилге эсептелүүгө тийиш | ||||
| 2.7. Долбоордун улуттук деңгээлдеги стратегиялардын жана программалардын максаттарына шайкештиги | Максаттарына жетүүгө долбоор өбөлгө түзгөн улуттук маанидеги колдонуудагы концепцияларга, стратегияларга же программаларга конкреттүү бөлүмдөрүн, пункттарын жана күтүлүүчү натыйжаларын көрсөтүү менен түз шилтемелер келтирилет | ||||
| 2.8. Долбоордун тармактык программалардын жана стратегиялардын максаттарына шайкештиги | Конкреттүү тармакты өнүктүрүү үчүн долбоордун маанилүүлүгү негизделет. Тармактык программалардын жана стратегиялардын бөлүмдөрүнө жана максаттуу индикаторлоруна түз шилтемелер келтирилет. Ведомствонун бюджеттик программалары үчүн пландалган кайсы натыйжалуулук көрсөткүчтөрү долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча өзгөрүлө тургандыгы көрсөтүлөт | ||||
| 2.9. Долбоордун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары менен байланышы | Конкреттүү региондорду өнүктүрүү үчүн долбоордун маанилүүлүгү көрсөтүлөт. Аймагында долбоорду ишке ашыруу пландалып жаткан жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) тарабынан бекитилген социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына шилтемелер келтирилет | ||||
| 2.10. Долбоордун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) шайкештиги | Кыргыз Республикасынын Улуттук ыктыярдуу серебинде чагылдырылган Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын индикаторлоруна түз шилтемелер келтирилет | ||||
| 3-бөлүм. Финансылык маалымат Ушул бөлүмдө долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык капиталдык, операциялык жана кошумча чыгашалардын болжолдуу көлөмдөрү көрсөтүлөт | |||||
| 3.1. Долбоорду ишке ашырууга болжолдуу жалпы чыгашалар (сом менен) | Чыгашалар курулуш-монтаждоо иштерине кеткен чыгымдарды гана эле эмес, долбоорлоо алдындагы чыгашаларды да камтууга тийиш. Ага техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга, изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, архитектуралык жана инженердик долбоорлоого, жер тилкелерин сатып алууга (бөлүп берүүгө) кеткен чыгашалар, ошондой эле бардык материалдардын, жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы (анын ичинде консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө төлөм) кирет. Капиталдык чыгашалар ар бир календардык жыл боюнча алардын иш жүзүндө жүзөгө ашырылышы боюнча бааланат жана бөлүштүрүлөт. Жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн булагы же негиздемеси сыпаттамасында көрсөтүлөт же өзүнчө ырасталуучу документтер түрүндө тиркелет | ||||
| 3.2. Долбоордун каражаттарын жылдар боюнча өздөштүрүүнүн алдын ала планы (сом менен) (жалпы жыйынтык сумма 3.1-пунктта көрсөтүлгөн чыгашалардын көлөмүнөшайкеш болууга тийиш) | Төмөнкү таблицада пландалган каржылоо ачылган жылдан баштап долбоорду ишке ашыруунун бүткүл мезгили ичинде жылдар боюнча каражаттарды өздөштүрүүнүн болжолдуу көлөмдөрү(анын ичинде техникалык-экономикалык негиздемени даярдоого кеткен чыгашалар) көрсөтүлөт | ||||
| Чыгашалардын негизги беренелери | 1-жыл | 2-жыл | 3-жыл | 4-жыл | Бардыгы |
| Жалпы | |||||
| 3.3. Долбоорду ишке ашырууга чыгашаларды каржылоо булактары | Төмөнкү таблицада долбоор боюнча чыгашаларды каржылоонун жана кошо каржылоонунбардык пландалган булактары сом менен, ошондой эле жалпы чыгашалардын көлөмүнөн алардынсалыштырма салмагы пайызменен көрсөтүлөт | ||||
| Каржылоо булактары | Суммасы (сом менен) | Салыш-тырма салмагы (% менен) | |||
| Республикалык бюджеттин каражаттары | |||||
| Жергиликтүү бюджеттин каражаттары | |||||
| Тышкы зайым | |||||
| Донордун тышкы гранты | |||||
| Мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактар | |||||
| Жалпы | |||||
| 4-бөлүм. Долбоорду ишке ашыруу Бул бөлүмдө мамлекеттик инвестициялардын долбоорун ишке ашыруунун болжолдуу планы келтирилет, ал иштерди аткаруу графигин, долбоордук тобокелдиктерди баалоону, аларды минималдаштыруу боюнча чараларды, ошондой эле кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү тартибин камтыйт. Сунушталган башкаруу түзүмү жана чечим кабыл алуу процесси кызмат адамдарынын функцияларын жана милдеттерин так көрсөтүү, анын ичинде долбоорду ишке ашырууүчүн жеке жоопкерчилик тарткан адамды аныктоо менентолук сыпатталууга тийиш | |||||
| 4.1. Долбоорду ишке ашыруунун пландалган мөөнөттөрүнүн сыпатталышы | Төмөнкү таблицада долбоорду даярдоонун жана ишке ашыруунун негизги этаптары алардын ар бирин аткаруунун пландалган мөөнөттөрүн көрсөтүү менен саналат | ||||
| Долбоорду ишке ашыруу этабы | Пландалган мөөнөттөрү | ||||
| Техникалык-экономикалык негиздемени даярдоону аяктоо | |||||
| Сатып алууларды жүргүзүү жөнүндө кулактандырууну жарыялоо | |||||
| Подрядчылар (берүүчүлөр) менен сатып алуулар жөнүндө келишимдерди түзүү | |||||
| Курулуш-монтаждоо иштерин аткаруунун башталышы | |||||
| Айрым компоненттерди жана чакан долбоорлорду ишке ашыруу | |||||
| Курулуш-монтаждоо жана ишке киргизүү-жөнгө салуу иштерин аяктоо | |||||
| Объектти пайдаланууга берүү жана толук иштеп баштоосу | |||||
| 4.2. Долбоорду ишке ашыруудагы мүмкүн болгон тобокелдиктер жана аларды башкаруу боюнча чаралар | Долбоорду ишке ашыруунун мөөнөттөрүнө, наркына же сапатына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон потенциалдуу тобокелдиктер (финансылык, техникалык, укуктук, экологиялык) сыпатталат. Ар бир тобокелдик үчүн анын алдын алуу, жеңилдетүү же минималдаштыруу боюнча конкреттүү чаралар көрсөтүлөт. Эскертүү. Потенциалдуу тобокелдиктердин кеңири спектрин аныктоо долбоордук сунуштун толук жана сапаттуу иштелип чыккандыгынын белгиси катары каралат | ||||
| Потенциалдуу тобокелдиктин сыпатталышы | Тобокелдикти башкаруу боюнча чаралар (кесепеттерди минималдаштыруу) | ||||
| 4.3. Байланыш маалыматы | |||||
| Аткаруучу агенттик | Дареги, жумуш телефондорунун номерлери, расмий веб-сайттын дареги, электрондук почтасы | ||||
| Долбоордун координатору | Аты-жөнү, ээлеген кызмат орду, жумуш жана мобилдик телефондорунун номерлери, электрондук почтасы | ||||
| Аткаруучу агенттиктин жооптуу кызматкери | Аты-жөнү, ээлеген кызмат орду, жумуш жана мобилдик телефондорунун номерлери, электрондук почтасы | ||||
| Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Долбоордук документтерге же техникалык-экономикалык негиздемеге карата кыскача маалыматтын формасы
| Долбоордун аталышы | ||
| Донор жана финансылык каражаттарды берүү шарттары | ||
| Аткаруучу агенттиктин аталышы | ||
| Ишке ашыруучу агенттиктин аталышы | Долбоорду (болсо) ишке ашырууга катышкан уюмдун (өз алдынча юридикалык жактын)же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын толук расмий аталышы көрсөтүлөт | |
| Долбоордун уникалдуу номери | Долбоордук өтүнмө алдын ала тандоодон ийгиликтүү өткөндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылат | |
| Долбоордук өтүнмө жактырылган дата | ||
| Долбоордун максаты | Кыскача түзүлгөн (эки-үч сүйлөмдөн ашпаган),долбоордун бир негизги коомдук-пайдалуумаксаты көрсөтүлөт | |
| Долбоордун техникалык-экономикалык мүнөздөмөлөрү (сыпаттамасы) | Түзүлгөн активдердин негизги параметрлери бир-эки сүйлөм менен сыпатталат (мисалы, [у] айылында [саны] окуучуга, аянты [х] кв. м болгон жалпы билим берүүчү мектептин жаңы имараты). Долбоордун негизги компоненттери саналат | |
| Объекттинжайгашкан жери | Объекттин так административдик-аймактык дареги же географиялык координаттары көрсөтүлөт. Линиялык объекттер (жолдор, электр берүү линиялары, түтүк өткөргүчтөр) үчүн баштапкы жана акыркы пункттар, координаттар же маршруттун сыпаттамасы көрсөтүлөт | |
| Долбоордун болжолдуу капиталдык наркы (сом менен) | Баштапкы | Долбоордук өтүнмөдөбекитилген, болжолдонгонжалпы (капиталдык) чыгашалар |
| Учурдагы | Техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу натыйжалары боюнча эсептелген жалпы (капиталдык) чыгашалар | |
| Каржылоо (капиталдык) булактары (сом жана % менен) | Ар бир булактын көлөмдөрүн жана салыштырма салмагын көрсөтүү менен долбоорду кошо каржылоо булактары (республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары, донорлордун гранттык же карыз каражаттары)саналат | |
| Түзүлгөн активдер иштеген биринчи толук финансылык жылдагы болжолдонгон кошумча операциялык жана эксплуатациялык чыгашалар (сом менен) | Баштапкы | Долбоордук өтүнмөдө көрсөтүлгөн жылдык операциялык жана эксплуатациялык чыгашалар, алар аткаруучу агенттиктин учурдагы чыгашаларынын бюджетинин максималдуу суммасына кошумча болуп саналат |
| Учурдагы | Иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздемеге киргизилген жылдык операциялык жана эксплуатациялык чыгашалар | |
| Кошумча операциялык жана эксплуатациялык чыгашаларды жабуу булактары (сом жана % менен) | Кошумча операциялык жана эксплуатациялык чыгашаларды каржылоо булактары көрсөтүлөт (мисалы, мамлекеттик бюджет, жергиликтүү бюджет, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (кайсылар экендигин көрсөтүү), жеке сектор же алардын комбинациясы (алардын ар биринен каржылоо көлөмүн жана салыштырма салмагын көрсөтүү) | |
| Долбоорду баштоонун болжолдонгон датасы (ай, жыл) | Баштапкы | Долбоордук өтүнмөдө көрсөтүлгөндата (техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууну пландалган ишке киргизүү) |
| Учурдагы | Техникалык-экономикалык негиздемеде белгиленген, долбоорду баштоонун оңдолгон датасы | |
| Түзүлгөн активдерди эксплуатациялоону баштоонун болжолдонгон датасы (ай, жыл) (зарыл болгон учурда толтурулат) | Баштапкы | Долбоордук өтүнмөдө көрсөтүлгөн объектти ишке киргизүү пландалган мөөнөт |
| Учурдагы | Техникалык-экономикалык негиздеменин графиги менен ырасталган, объектти ишке киргизүү мөөнөтү | |
| Фискалдык таасирди талдоо | Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешелерине жана чыгашаларына долбоордунузак мөөнөттүү таасирин эсептөө (инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында салыктык/салыктык эмес түшүүлөрдүн болжолдогон көбөйүшү же бюджеттин чыгымдарынын азайышы) берилет | |
| Долбоордун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ), улуттук программаларга жана стратегияларга шайкештиги | ||
| Тиркемелердин тизмеси | Бардык тиркелген документтер, схемалар, карталар жана техникалык-экономикалык негиздеменин бөлүмдөрү саналат | |
| Аты-жөнү, ээлеген кызмат орду | Колу | |
| Долбоор даярдалды | Аткаруучу агенттиктин жумушчу тобунун мүчөлөрү | |
| Кол коюлган дата | ||
| Аткаруучу агенттиктеги байланыш адамы | ||
| Телефон номери | ||
| Электрондук почтасы | ||
| Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу жөнүндө жобого3-тиркеме |
Мамлекеттик инвестициялар долбоорун ишке ашыруунун жол картасынын формасы
| Долбоордун аталышы | ||||
| Аткаруучу агенттиктин аталышы | ||||
| Долбоордун координатору | Кызмат орду, аты-жөнү | |||
| Ишке ашыруучу агенттиктин аталышы | Өз алдынча юридикалык жак статусуна ээ болгон институттук бирдик көрсөтүлөт | |||
| Долбоордун максаты | Эки же үч сүйлөмдөн ашпаган бир негизги коомдук-пайдалуу максат көрсөтүлүүгө тийиш | |||
| Донор, долбоордун суммасы (валютанын түп нускасы жана АКШ доллары менен) | ||||
| Этап/Компонент | Ишке ашыруу мөөнөттөрү (квартал, жыл): | Жооптуу аткаруучулар (ведомство/ уюм): | Күтүл-гөн натый-жа: | |
| Компоненттин негизги иш-чаралары жана ишке ашыруу механизмдери | ||||
| 1 | 1-компоненттин аталышы | |||
| 11 | 1-иш-чаранын аталышы жана ишке ашыруу механизмдери, тартылган уюмдар | |||
| .2 | 2-иш-чаранын аталышы жана ишке ашыруу механизмдери, тартылган уюмдар | |||
| 2 | 2-компоненттин аталышы | |||
| 21 | 1-иш-чаранын аталышы жана ишке ашыруу механизмдери, тартылган уюмдар | |||
| 22 | 2-иш-чаранын аталышы жана ишке ашыруу механизмдери, тартылган уюмдар | |||
Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу жөнүндө жобого 4-тиркеме
Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө кварталдык кыскача отчеттун формасы жана толтуруу боюнча нускама
| Донор | |
| Кредиттин/гранттын номери (макулдашуу боюнча) | |
| Сектор | |
| Каржылоонун жалпы суммасы | АКШ доллары |
| Кредиттин суммасы | АКШ доллары |
| Гранттын суммасы | АКШ доллары |
| Техникалык жардамдын суммасы | АКШ доллары |
| Кыргыз Республикасынын салымы (кошо каржылоо) | АКШ доллары |
| Кредиттин шарттары | Кредиттин мөөнөтү (анын ичинде жеңилдетилген мезгил), пайыздык ставка, грант-элемент |
| Географиялык камтуу (облустар) | |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин жыйналышын өткөрүү датасы | Протоколдун №, датасы |
| Донордун Директорлор кеңешинин жыйналышын өткөрүү датасы | Датасы |
| Сүйлөшүүлөрдүндатасы (Тескеменин №, датасы) | |
| Кол коюлган дата (Тескеменин №, датасы) | |
| Ратификациялоо датасы (Мыйзамдын №, датасы) | |
| Долбоор күчүнө кирген дата | |
| Аткаруучу агенттик | |
| Ишке ашыруучу агенттик | |
| Долбоорду ишке ашыруунун башталышы | |
| Долбоорду жабуу датасы | |
| Долбоорду каржылоону жабуу датасы | |
| Долбоор боюнча узартуу (даталар) | |
| Тышкы каржылоо боюнча каражаттарды өздөштүрүү (отчеттук мезгилди кошкондо долбоор башталгандан тартып өсүүчү жыйынтыкменен) | Кредит (АКШ доллары менен) Грант (АКШ доллары менен) |
| Учурдагы жылдагы тышкы каржылоо боюнча каражаттарды өздөштүрүү | Кредит (АКШ доллары менен) Грант (АКШ доллары менен) |
| Ички каржылоо боюнча каражаттарды өздөштүрүү(отчеттук мезгилди кошкондо долбоор башталгандан тартып өсүүчү жыйынтыкменен) | КРдан салымдын суммасы (АКШ доллары менен) |
| Учурдагы жылдагы ички каржылоо боюнча каражаттарды өздөштүрүү | КРдан салымдын суммасы (АКШ доллары менен) |
Долбоордун максаты:
Долбоор төмөнкү компоненттерден турат: 1-компонент: 2-компонент: 3-компонент: 4-компонент: 5-компонент:
Долбоорду ишке ашыруу статусу 1-компонент: 2-компонент: 3-компонент: 4-компонент: 5-компонент:
Долбоор боюнча проблемалар:
Проблемаларды чечүү жолдору:
| | | Мамлекеттикинвестицияларды башкаруу жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Долбоорду аяктоо жөнүндө отчеттун формасы жана аны толтуруу боюнча нускама
| Аткаруучу агенттиктин аталышы | ||
| Отчет берилүүчү мамлекеттик органдардын аталышы | Мисалы, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | |
| Долбоордун башталгандатасы | ||
| Долбоорду аяктоонундатасы | ||
| Ишти баштоонун болжолдонгон датасы (айы/жылы) | Объекттин ишин баштоонун болжолдонгон датасы | |
| I. Долбоордун кыскача сыпаттамасы | ||
| Долбоордун максаты | Техникалык-экономикалык негиздемеде белгиленген долбоордун максаты көрсөтүлөт | |
| Долбоордун натыйжасы боюнча түзүлгөн объекттин аталышы | Объекттин так аталышы, объекттин профили (көрсөтүлүүчү кызматтардын/өндүрүлүүчү продукциянын түрлөрү), объекттин жайгашкан жери көрсөтүлөт | |
| Ишке ашыруучу агенттиктин аталышы | ||
| Долбоордун уникалдуу номери | Долбоордук өтүнмө алдын ала тандоодон ийгиликтүү өткөн учурда ыйгарылган номер | |
| Долбоордун физикалык сыпаттамасы | Объекттин физикалык мүнөздөмөсү, анын профили (көрсөтүлүүчү кызматтардын/өндүрүлүүчү продукциянын түрлөрү) жана жайгашкан жери көрсөтүлөт. Бир нече сүйлөм менен сыпатталат, мисалы, [саны] баланы жайгаштыруу үчүн [аталышы] облус, район, айылындагы аянты [саны] м² болгон мектептин имараты | |
| Объекттин иш жүзүндөгү наркы | Долбоорду ишке ашыруунун иш жүзүндөгү жалпы наркы каржылоо булактары боюнча көрсөтүлөт | |
| II. Долбоордун физикалык жактан ишке ашырылышы | ||
| Долбоордун ишке ашырылышынын пландалган этаптарга шайкештигин талдоо | Долбоордун негизги көрсөткүчтөрүнүн (индикаторлорунун) пландалган (техникалык-экономикалык негиздемеде көрсөтүлгөн) жана иш жүзүндөгү маанилерине салыштырма талдоо жүргүзүү. Четтөөлөрдүн себептерин жана ушул четтөөлөргө алып келген көйгөйлөрдү талдоо. Долбоорду ишке ашыруунун пландалган (техникалык-экономикалык негиздемеде көрсөтүлгөн) жана иш жүзүндөгү мөөнөттөрүнө салыштырма талдоо жүргүзүү. Четтөөлөрдүн себептерин талдоо | |
| Долбоордун пландарына (дизайнына) киргизилген өзгөртүүлөр | Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө анын пландарына (дизайнына) киргизилген өзгөртүүлөр сыпатталат. Өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн себептери көрсөтүлөт | |
| III. Долбоордун каражаттарын өздөштүрүү | ||
| Долбоордун каражаттарынын өз убагында жана толук өздөштүрүлүшүн талдоо | Долбоорду каржылоонун пландалган (техникалык-экономикалык негиздемеде көрсөтүлгөн) жана иш жүзүндөгү көлөмдөрүнө салыштырма талдоо жүргүзүү | |
| Көйгөйлөрдүн сыпаттамасы жана көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору | Каражаттардын четтөөлөрүнүн, ашыкча чыгымдалышынын же үнөмдөлүшүнүн себептери сыпатталат | |
| IV. Долбоордун максаттарына жетүүсү, милдеттеринин аткарылышы жөнүндө жалпы корутундулар | ||
| IV. Долбоорду ишке ашырууда алынган сабактар | ||
| Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан көйгөйлөр жана тобокелдиктер, ошондой эле аларды чечүүнүн жолдору сыпатталат. Окшош долбоорлорду пландоодо эске алынышы керек болгон сунуштар берилет | ||
| V. Кошумча маалыматтар | ||
| Мисалы, объекттин техникалык жана экологиялык ченемдерге шайкештиги жөнүндө маалыматтар | ||
| Аты-жөнү, кызмат орду | Колу | |
| Аткаруучу агенттиктин жетекчиси | ||
| Отчет бекитилди | ||
| Бекитилген датасы | ||
| Аткаруучу агенттиктеги байланышуучу адам | ||
| Телефон номери | ||
| Электрондук почтасы | ||
| Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу жөнүндө жобого 6-тиркеме |
Долбоордон кийинки мезгилде продукцияны/кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү процессине мониторинг жүргүзүүнүн жана/же социалдык-экономикалык таасирди баалоонун натыйжалары жөнүндө отчеттун формасы жана аны толтуруу боюнча нускама
| Аткаруучу агенттиктин аталышы | ||||||
| Отчет берилүүчү мамлекеттик органдардын аталышы | Мисалы, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | |||||
| Мониторинг жүргүзүү даталары | Объектке мониторинг жүргүзүү (башталган жана аяктаган) даталары көрсөтүлөт | |||||
| Мониторинг жүргүзүү жана баалоо менен камтылган объекттин иштөө мезгили | Мониторинг жүргүзүү процессинде изилденген объект тарабынан иш жүргүзүлгөн отчеттук мезгил | |||||
| I. Объекттин кыскача сыпаттамасы | ||||||
| Мониторинг жүргүзүлүүчү объекттин аталышы | Объекттин так аталышы, мониторинг жүргүзүлүүчү объекттин профили (көрсөтүлүүчү кызматтардын/ өндүрүлүүчү продукциянын түрлөрү), объекттин жайгашкан жери көрсөтүлөт | |||||
| Мониторинг жүргүзүлүүчү объектти түздөн-түз башкарууну жүзөгө ашырган уюмдун/администрациянын аталышы | ||||||
| Долбоордун уникалдуу номери | Долбоордук өтүнмө алдын ала тандоодон ийгиликтүү өткөндө ыйгарылган номер | |||||
| Долбоордун физикалык сыпаттамасы | Долбоордун физикалык мүнөздөмөсү бир-эки сүйлөм менен сыпатталат, мисалы: [саны] баланы жайгаштыруу үчүн [у] айылындагы аянты [х] м² болгон мектептин имараты. Объект кайсы мезгил аралыгында түзүлгөнү көрсөтүлөт. Объекттин иштешин камсыз кылууга тартылган персоналдын саны көрсөтүлөт. | |||||
| Объекттин иш жүзүндөгү наркы | Долбоорду ишке ашыруунун жалпы иш жүзүндөгү наркы каржылоо булактары боюнча көрсөтүлөт | |||||
| Чыгашалардын негизги беренелери боюнча объектти учурдагы каржылоонун иш жүзүндөгү көлөмдөрү (жылына) | ||||||
| Долбоорду иштеп чыгууда (ТЭН) пландалган объектти учурдагы каржылоонун көлөмү | «Болжолдонгон кошумча операциялык жана эксплуатациялык чыгашалар» (толук биринчи финансылык жыл үчүн түзүлгөн активдердин иштеши) (учурдагы) бөлүмүнүн «Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесине карата долбоор жөнүндө жалпы маалымат» формасынан алынган сумма көрсөтүлөт. Эгерде объектти иш жүзүндө каржылоо көлөмү (жылына) менен олуттуу айырмачылыктар болсо, анда мындай айырмачылыктардын себептери көрсөтүлөт | |||||
| II. Продукцияны/кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү процессине мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары. Продукцияны/кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүгө мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча отчеттор үчүн толтурулат | ||||||
| Натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүүнү талдоо | Объект үчүн пландалган натыйжалуулук индикаторлорунун тизмеги (мисалы, долбоордук кубаттуулук ага жетүү мезгили менен байланышкан) жана индикаторлордун максаттуу (пландык) маанилерин алардын иш жүзүндөгү маанилери менен салыштырып талдоо көрсөтүлөт. Эгерде көбүрөөк сандагы параметрлер талап кылынса, көрсөтүлгөн таблица өзгөрүшү мүмкүн | |||||
| Индикатор | Пландык маани (мезгил) | Иш жүзүндөгү маани (мезгил) | Четтөөлөр | |||
| Көйгөйлөрдүн сыпаттамасы жана көйгөйлөрдү чечүү жолдору | Индикаторлордун максаттуу маанилеринен олуттуу четтөөлөр болгон учурда көйгөйлөр сыпатталат жана аларды чечүүнүн жолдору сунушталат | |||||
| III. Социалдык-экономикалык таасирди баалоонун натыйжалары Социалдык-экономикалык таасирди баалоонун натыйжалары боюнча отчеттор үчүн толтурулат | ||||||
| Натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүүнү талдоо | Объект үчүн пландалган натыйжалуулук индикаторлорунун тизмеги (кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыкка карата кызмат алуучуларды камтуунун үлүшү) жана индикаторлордун максаттуу (пландык) маанилерин алардын иш жүзүндөгү маанилери менен салыштырма талдоо көрсөтүлөт. Эгерде көбүрөөк сандагы параметрлер талап кылынса, көрсөтүлгөн таблица өзгөрүшү мүмкүн. | |||||
| Индикатор | Пландык маани(мезгил) | Иш жүзүндөгү маани(мезгил) | Четтөөлөр | |||
| Көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун сыпаттоо | Көрсөткүчтөрдүн максаттуу маанилеринен олуттуу четтөөлөр болгон учурда көйгөйлөр сыпатталат жана аларды чечүү жолдору сунушталат | |||||
| IV. Долбоордун туруктуулугу жөнүндө маалымат | ||||||
| Долбоордун финансылык туруктуулугу | ТЭНде көрсөтүлгөн финансылык көрсөткүчтөрдү салыштырма талдоо | |||||
| Кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү мезгилдерге карата иш жүзүндөгү каржылоо көрсөткүчтөрүн пландалган (болжолдуу) көрсөткүчтөр менен салыштырма талдоо | ||||||
| Финансылык туруктуулук коэффициенттерин жана башка финансылык көрсөткүчтөрдү талдоо (мисалы, киреше алып келген долбоорлор үчүн рентабелдүүлүк) | ||||||
| Кызмат көрсөтүүлөрдүн же продукцияны керектөөчүлөрдүн болушу (жана алардын түзүмүндөгү өзгөрүүлөр) | ||||||
| Объекттин ишин камсыз кылуу үчүн инфраструктуранын абалы жана иштөөсү (логистиканы кошкондо) | ||||||
| Адам ресурстары (анын ичинде кадрлардын алмашуусу жана квалификациялуу персоналдын жеткиликтүүлүгү) | ||||||
| Учурдагы тобокелдиктерди баалоо | Объекттин нормалдуу иштешине таасир эте турган учурдагы тобокелдиктер сыпатталат жана тобокелдиктердин таасирин төмөндөтүү жолдору сунушталат | |||||
| Экологиялык туруктуулук | ||||||
| V. Корутундулар | ||||||
| Жетишкендиктер, социалдык-экономикалык таасир, көйгөйлөрдүн болушу жана аларды чечүү жолдору жөнүндө кыскача маалымат | ||||||
| VI. Аткаруучу агенттиктин коллегиясы тарабынан кароонун жыйынтыктары | ||||||
| Мониторинг жүргүзүлүүчү объектке карата кабыл алынган чечимдердин, анын ичинде Кеңештин катчылыгына суроо-талап жөнүндө чечимдердин кыскача сыпаттамасы | ||||||
| Аты-жөнү, кызмат орду | Колу | |||||
| Отчет бекитилди | Аткаруучу агенттиктин жетекчиси | |||||
| Бекитилген дата | ||||||
| Аткаруучу агенттиктеги байланышуучу адам | ||||||
| Телефон номери | ||||||
| Электрондук почтасы | ||||||
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Эл аралык финансы уюмдарына мүучолугу жонундоЗакон · 13.08.2004 · № 118
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-октябрындагы № 725 «Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуПостановление · 27.10.2026 · № 725 · Күчүнө кире элек