Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруу жана ажыратуу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Күчүнө кире элек
Документ реестрде «Не вступил в силу» деп белгиленген: ал али күчүнө кире элек. Колдонуудан мурун күчүнө кирген күнүн текшериңиз. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-10-20.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-октябрындагы № 710 токтомуна)
Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруу жана ажыратуу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруу жана ажыратуу тартиби (мындан ары – Тартип) «Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана асыл тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусун ыйгаруу жана ажыратуу тартибин аныктайт.
2. Асыл тукум заводу – тукумга ырааттуу түрдө өтүп турган жана завод тибине коюлган стандарттык талаптарга жооп берген консолидацияланган чарбалык-пайдалуу белгилерге ээ болгон таза кандуу жаныбарларды, белгилүү бир породадагы канаттууларды, ошондой эле балыктарды (породаларды, типтерди, линияларды, гибриддерди, кроссторду) өстүрүүчү айыл чарба ишканасы. Асыл тукум заводу жаныбарлардын, канаттуулардын жана балыктардын породаларынын типтерин жана линияларын өркүндөтүү боюнча терең селекциялык асыл тукум иштерин жүргүзөт, анын ичинде аквакультура объекттеринин калыбына келтирүү-тубар үйүрүн түзөт, ошондой эле асыл тукум мал чарбачылыгында, канаттуулар чарбасында, балык чарбасында жана бал чарбасында кабыл алынган баштапкы эсепке алуу жана контролдоо документтерин жүргүзөт.
Асыл тукум заводунун ишин баалоо төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:
– жаныбарлардын, канаттуулардын, балыктардын жана аарылардын (мындан ары – мал чарба объекттери) селекциялык ишинин абалы, жетишилген өндүрүмдүүлүгү;
– асыл тукум жаш малдын сатылган саны жана сапаты;
– мал чарба объекттеринин асыл тукум жана өндүрүмдүүлүк сапаттарын ушул тармактагы окумуштуулар менен адистердин методикалык жетекчилиги астында өркүндөтүү;
– башка асыл тукум чарбаларын жана товардык фермаларды жогорку класстагы өндүргүчтөр жана тубар мал менен камсыз кылуу;
– жогорку өндүрүмдүү типтерди, линияларды, үй-бүлөлөрдү, кроссторду, гибриддерди чыгаруу боюнча терең селекциялык-асыл тукум иштерин жүргүзүү;
– өндүргүчтөрдү тукумунун сапаты боюнча текшерүү, малдын ар кандай типтерин жана линияларын жана канаттууларды кроссторго шайкештигин сыноо;
– «Элита» жана I класстагы жогорку баалуу өндүргүчтөрдү жана тубар классын өстүрүү, даярдоо жана башка категориядагы чарбаларга сатуу;
– асыл тукум ядросун түзүү;
– мал чарбасынын объекттерин толук тоюттандырууну уюштуруу;
– мал чарбасынын объекттерин бонитировкалоону жүргүзүү, бекитилген формалар боюнча зоотехникалык жана асыл тукум эсебин жүргүзүү, асыл-тукум малдын мамлекеттик китептерине жана каталогдорго жазуу үчүн материалдарды тариздөө;
– чарбанын ветеринардык бакубаттыгын камсыз кылуу.
3. Асыл тукум фермасы – дыйкан, фермердик жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге сатуу, ошондой эле өзү төлдөтүү үчүн жогорку класстагы асыл тукум малды, белгилүү бир түрдөгү жана породадагы канаттууларды жана балыктарды көбөйтүү менен алектенүүчү айыл чарба субъектиси.
Асыл тукум фермасынын ишин баалоо төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:
– өзүнүн асыл тукум малынын үйүрүн комплекттөө жана асыл тукум малды жана асыл тукум материалын дыйкан, фермердик жана менчиктин ар кандай формасындагы башка чарбаларга сатуу үчүн асыл тукум мал чарбасынын объекттерин өстүрүү;
– селекция жана төлдөтүүнүн илимий методдорун колдонуу менен мал чарбасынын объекттеринин көбөйтүлгөн породасынын асыл тукум жана азыктуулук сапаттарын өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүү;
– мыкты жаныбарларды тандоону жана ылгоону жүргүзүү, ургаачы малды жогорку баалуу өндүргүч менен жасалма уруктандырууну, ошондой эле тукумунун сапаты боюнча алардын азыктуулугун текшерүү;
– мал чарбасынын объекттерин бонитировкалоону жүргүзүү, асыл-тукум малдын мамлекеттик китептерине жана каталогдорго жазуу үчүн зарыл материалдарды берүү;
– мал чарбасынын объекттерин тоюттандыруунун жана күтүүнүн талаптагыдай шарттарын камсыз кылуу, алардын ветеринардык бакубаттыгы;
– асыл тукум заводдордон жана импорт боюнча келген асыл тукум мал чарбасынын объекттеринин көбөйүүсү, ошондой эле кийин товардык фермаларга жана дыйкан чарбаларына сатуу үчүн өзүнүн репродукциясындагы малдын санын багыттуу көбөйтүү;
– жаш асыл тукум мал чарбасынын объекттерин, уруктанган икраны асыл тукум фермаларга жана башка чарба категорияларына көбөйтүү системасына ылайык сатуу;
– «Элита» жана I класстагы өндүрүүчүлөрдү жана ургаачы малды өстүрүү, даярдоо жана сатуу.
Асыл тукум фермасы өз алдынча субъект катары иштеши жана негизги уюштуруу укуктук формасына жана ишинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактардын түзүмдүк бөлүмү болушу мүмкүн.
2-глава. Асылдандыруу ишинин субъекти
статусун ыйгаруу жана ажыратуу тартиби
4. Асыл тукум малды көбөйтүүнү, селекциялык максаттарда асыл тукум продукциясын (материалды) өндүрүүнү жана колдонууну, ошондой эле асылдандыруу иши жаатында кызматтарды көрсөтүүнү жүзөгө ашыруучу, асыл тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусун алууга талапкер юридикалык жана жеке жактар асыл тукум мал чарбасы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) зарыл болгон документтерди тиркөө менен арыз берет.
Асыл тукум субъектинин статусун ыйгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтер берилет:
– белгиленген үлгүдөгү арыз (арыздын формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет);
– ушул Тартиптин 10-38-тиркемелерине ылайык мал чарбасынын объекттеринин түрлөрү боюнча асыл тукум күбөлүктөрү, асыл тукум карточкалары жана тукумдук маалыматтары менен журналдар (идентификациялык номерлерди, кулактагы татуировкаларды жана жылкылар үчүн суюк азот менен басылган үйүрдүн номерлерин, канат эн салууларды, биркаларды жана жонуна же балыктын бакалоор капкагына белгилерди же тери астына микрочиптерди көрсөтүү менен);
– райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын малдын саны, азыктуулугу, асыл тукум жана породалык сапаттары боюнча минималдык талаптарды сактоо жөнүндө маалыматтар камтылган чарбанын билдирилген статуска шайкеш келиши жөнүндө сунушу, айдоо жерлеринин, жасалма көлмөлөрдүн, бассейндердин, инкубациялык цехтердин, көлмөлөрдүн, балык өстүрүү инфраструктурасынын, айыл чарба техникасынын, асыл тукум жаныбарларды сатуу көлөмүнүн болушу жөнүндө маалыматтар;
– чарбанын вирустук, инвазиялык, инфекциялык жана жаныбарлардын өзгөчө кооптуу ылаңдары боюнча коопсуздугу жөнүндө ветеринардык маалымкат;
– ушул Тартиптин 9-тиркемесине ылайык акыркы үч жылдагы асылдандыруу ишинин субъектинин иши жөнүндө өндүрүштүк маалымат;
– чарбанын уставынын көчүрмөсү (юридикалык жак үчүн);
– юридикалык жакты же жеке ишкерди (жеке жакты) мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
– малдын санын кайра эсептөө (инвентаризациялоо) актысы.
5. Келип түшкөн арыздын жана ага тиркелген документтердин негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган асыл тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусун ыйгаруу үчүн чарбалык субъекттерди аттестациялоо (кайра аттестациялоо) боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) түзөт.
Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын, ветеринария жаатындагы мамлекеттик органдын (баалануучу субъект жайгашкан жер боюнча) адистери, илимий-изилдөө институттарынын окумуштуулары, мал чарба жана аквакультура чөйрөсүндөгү тармактык ассоциациялардын өкүлдөрү, ошондой эле менчиктин ар кандай формасындагы асыл тукум заводдорунун жетекчилери жана зоотехниктери (ар бир уюмдан экиден ашык эмес адис) кирет. Арыз ээсинин чарбасында статус алуу үчүн мал чарба объекттерине бонитировканы жүргүзгөн бонитерлер бул субъектти баалоочу комиссиянын курамына кире алышпайт.
6. Комиссия берилген документтерди чарба жайгашкан жерге милдеттүү түрдө баруу менен карайт, анын жыйынтыгы боюнча арыз ээси берген маалыматтардын аныктыгын ырастаган же төгүнгө чыгарган чарбакер субъектти аттестациялоо (кайра аттестациялоо) актысын түзөт. Аттестациялоо (кайра аттестациялоо) өткөрүлгөн күндөн тартып бир айдын ичинде Комиссия арыз ээсине тиешелүү статус ыйгаруу мүмкүндүгү жөнүндө же аны ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө корутунду чыгарат.
Комиссиянын корутундусунун негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган асыл тукум субъекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат. Комиссия асыл тукум заводунун же асыл тукум фермасынын статусуна ээ субъекттерди кайра аттестациялоону жыл сайын жүзөгө ашырат, анын жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга субъекттин асыл тукум статусуна ылайыктуулугу жөнүндө же бул статустан ажыратуу зарылдыгы жөнүндө корутунду берет.
7. Статус ыйгарууга талапкер жаңы субъекттердин тизмеси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна жылына бир жолу он жана андан ашык чарбанын тиешелүү арыздары болгондо киргизилет.
8. Асыл тукум заводунун же асыл тукум фермасынын статусу ушул Тартиптин 1-8-тиркемелерине ылайык Кыргыз Республикасында Ⅰ класстагы породалык жана продукттуулук сапаттарды баалоо боюнча минималдуу талаптарга жооп берген юридикалык жактарга жана чарбаларга ар бир түрү жана тукуму боюнча өзүнчө берилет.
«Элита» классындагы мал чарба объекттери үчүн азыктуулук көрсөткүчтөрү боюнча минималдуу талаптар асыл тукум ишинин субъектисинде малдын башынын саны боюнча ченемдерди кошпогондо, Ⅰ класстагы жаныбарлар үчүн белгиленген талаптардан 10 %дан жогору болушу керек. Үч жылдан ашык иш жүргүзгөн асыл тукум субъекттери тарабынан асыл тукум жаш малды жыл сайын сатуу малдын башынын жалпы санынын 15 %дан кем эмесин түзүүгө тийиш. Сатылып жаткан мал чарбасынын объекттери бонитировкалоонун жыйынтыгы боюнча Ⅰ класстан төмөн болбоого тийиш. Асыл тукум статусун ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган асыл тукум ишинин субъектисине белгиленген формадагы электрондук күбөлүк берет.
9. Асыл тукум статусун ыйгаруудан баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аттестация өткөрүлгөн күндөн тартып бир айдын ичинде арыз ээсине баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жүйөлүү жазуу жүзүндө жооп жиберет. Баш тартуу үчүн негиз болуп чарбаны текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чыгарылган Комиссиянын тиешелүү корутундусу эсептелет.
10. Эгерде ар жылдык кайра аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча белгиленген талаптарга асыл тукум ишинин субъектисинин ылайык эместиги аныкталса, Комиссия бул субъектти асыл тукум статусунан ажыратуу жөнүндө чечимдин долбоорун иштеп чыгат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна киргизет.
11. Асыл тукум статусунан ажыратуу Комиссиянын сунушу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
– субъекттин ушул Тартипте белгиленген минималдуу талаптарга ылайык келбеши;
– селекциялык-асыл тукум ишинин эрежелерин системалуу бузуу жана мал чарбасынын объекттеринин азыктуулук көрсөткүчтөрүнүн начарлоосу;
– мал чарбасынын объекттеринин көбөйтүлгөн породанын, типтин, линиянын, гибриддин же кросстун стандарттарына ылайык келбеши;
– жаныбарлардын карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу оорулары (кургак учук, бруцеллез, чечек, ак кан, сап, аз кандуулук ж.б.) боюнча чарбаны бакубатсыз деп жарыялоо;
– тиешелүү асыл тукум документтерин бербестен мал чарбасынын объекттерин жана асыл тукум материалдарын сатуу;
– аттестацияланбаган өндүрүүчүлөр же теги аныкталбаган башка өндүрүүчүлөр тарабынан, ошондой эле породалык райондоштуруу пландарын эске албастан, тубар малды контролсуз куудуруу (уруктандыруу);
– алгачкы зоотехникалык жана асыл тукумдук эсепке алуу маалыматтарынын болбошу, атайылап жашырылышы же бурмаланышы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндөЗакон · 07.04.2026 · № 44
- Кыргыз Респуликасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-октябры № 710 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруу жана ажыратуу тартибин…Постановление · 20.10.2026 · № 710 · Күчүнө кире элек