# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 15-октябры № 757-VIII "Майыптыгы бар, аутизм, Даун синдрому, церебралдык шал илдетине чалдыккан, сенсордук бузулуулары жана интеллектуалдык өнүгүүсүндө бузулуулары бар балдардын көйгөйлөрүн, ошондой эле ушул жааттагы мыйзамдарда каралган алардын укуктарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 15-октябры № 757-VIII "Майыптыгы бар, аутизм, Даун синдрому, церебралдык шал илдетине чалдыккан, сенсордук бузулуулары жана интеллектуалдык өнүгүүсүндө бузулуулары бар балдардын көйгөйлөрүн, ошондой эле ушул жааттагы мыйзамдарда каралган алардын укуктарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 757-VIII
- Кабыл алынган күнү: 15.10.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052775>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-17182/edition/60708/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052775.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 15-октябры № 757-VIII "Майыптыгы бар, аутизм, Даун синдрому, церебралдык шал илдетине чалдыккан, сенсордук бузулуулары жана интеллектуалдык өнүгүүсүндө бузулуулары бар балдардын көйгөйлөрүн, ошондой эле ушул жааттагы мыйзамдарда каралган алардын укуктарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" токтому (15.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052775

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 15-октябры № 757-VIII

Майыптыгы бар, аутизм, Даун синдрому, церебралдык шал илдетине чалдыккан, сенсордук бузулуулары жана интеллектуалдык өнүгүүсүндө бузулуулары бар балдардын көйгөйлөрүн, ошондой эле ушул жааттагы мыйзамдарда каралган алардын укуктарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ала-Тоо» депутаттык тобунун 2026-жылдын 12-июнундагы № 135 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:

1. Майыптыгы бар, аутизм, Даун синдрому, церебралдык шал илдетине чалдыккан, сенсордук бузулуулары жана интеллектуалдык өнүгүүсүндө бузулуулары бар балдардын көйгөйлөрүн, ошондой эле ушул жааттагы мыйзамдарда каралган алардын укуктарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясы (мындан ары – Комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

Чотонов М.О. – «Ала-Тоо» депутаттык тобунан; Калбердиева М.К. – «Ала-Тоо» депутаттык тобунан; Бекешев Д.Д. – «Эл үмүтү – Ата Журт» депутаттык тобунан; Садырбаева Ж.Э. – «Эл үмүтү – Ата Журт» депутаттык тобунан; Эгенбердиева Ж.А. – «Эл үмүтү – Ата Журт» депутаттык тобунан; Мавлянова М.Э. – №3 көп мандаттуу шайлоо округунан; Акимбаева Г.О. – «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан; Ашымбаева Т.А. – «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан; Рустамбек уулу С. – «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан; Аманова Б.К. – «Ишеним» депутаттык тобунан; Култаева Г.О. – «Ишеним» депутаттык тобунан; Торобекова Н.Т. – «Ишеним» депутаттык тобунан; Карыбек уулу У. – «Элдик» депутаттык тобунан; Ахмедова А.А. – «Элдик» депутаттык тобунан.

2. Комиссия төмөнкү маселелерди иликтөөнү жүргүзсүн:

– майыптыгы бар, аутизм, Даун синдрому, церебралдык шал илдетине чалдыккан, көрүүсү, угуусу жана сүйлөөсү начарлаган, интеллектуалдык, психикалык, жүрүм-турумдук, неврологиялык, дене-бойлук жактан жана кыймыл-аракети бузулган, ошондой эле өнүгүүсүндө бир нече бузулуулары бар балдардын көйгөйлөрүн аныктоо;

– кан оорулары жана кан пайда кылуучу органдарынын оорулары, гепатиттин ар кандай түрлөрү, орфандык (сейрек кездешүүчү) илдеттери бар, ошондой эле паллиативдик жардамга муктаж балдардын укуктарын коргоо маселелерин жана алар үчүн медициналык жана социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн иликтөө;

– кохлеардык имплантацияга, анын ичинде операцияларды жасоого, импланттарды жөндөөгө, угуу-сүйлөөсүн реабилитациялоого жана андан кийинки коштоого муктаж балдарга медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнө талдоо жүргүзүү;

– жогоруда көрсөтүлгөн балдардын так санын аныктоо, ошондой эле алардын билим алууга, медициналык жардамга, реабилитациялоого, социалдык колдоого жана мамлекеттик жөлөкпулдарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу абалын иликтөө.

3. Кыргыз Республикасынын бардык тийиштүү мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.

4. Зарыл болгон учурда Комиссия Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана коомдук уюмдарынын адистерин жана эксперттерин өз ишине тартууга укуктуу.

5. Комиссия ишинин жыйынтыктары тууралуу үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.

6. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы | | М.А. Маматалиев |
