# Кочкорбаев айыл аймагынын Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 49/XV-29 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарына жер бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кочкорбаев айыл аймагынын Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 49/XV-29 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарына жер бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 49/XV-29
- Кабыл алынган күнү: 05.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230052756>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58883/edition/60689/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230052756.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кочкорбаев айыл аймагынын Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 49/XV-29 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарына жер бөлүп берүү жөнүндө" токтому (05.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230052756

---

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 5-декабры № 49/XV-29 Энергиянын кайра жаралуучу булактарына жер бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12,14,43,67 беренелерине, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы №49 “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы №429 “Энергияны кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү” токтомуна ылайык Кочкорбаев айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Туюк өзөнүндө 3,91 га жер аянтына чакан гидроэлектростанциясын (энергиянын кайра жаралуучу булактары объектисине) курууга макулдук берилсин.

2. Бул токтом мыйзамда белгиленген тартипте жарыялап жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкорбаев айылдык кенешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

2026-жылдын 15-октябрында https://kochkorbaev-ao.kg/ky/acts/full/220.html расмий сайтында жарыяланды

| Төрага | Э.И.Токбергенов |
